Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

550 миңдей кыргызстандык бала жакыр үй-бүлөдө тарбияланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушу тапта Кыргызстанда 110 миң жакыр үй-бүлөдө 550 миңден ашуун бала бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 26-августта балдардын абалы жана аларга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселесине байланыштуу кайрылуусунда айтты.

Ички жана тышкы миграция көйгөйлөрү да кошул-ташыл коколоп турганын белгилеген мамлекеттик катчы жакырчылык балдардын жеткиликтүү билим алуу жана тийиштүү кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн чектей турганын, мындай абал алардын криминалдык чөйрөгө тартылышына жана зордук-зомбулукка кабылышына жол ачары бышык экенин белгиледи.

Касмамбетов азыр 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкканын айтты. Бул программанын негизги максаты балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү экенин билдирди.

Расмий маалымат боюнча, быйыл биринчи жарым жылдыкта балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш экени аныкталды. Мындай оор кылмыштардын 80 пайызын тууганчылыгы бар адамдар жасаган.

8-августта Кыргызстанда «Балдар жөнүндө» кодекс иштей баштады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG