Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Кумтөр: президенттин түшүндүрмөсү, оппозициянын сыны


Садыр Жапаров "Кумтөр" ишканасында. 2021-жыл.
Садыр Жапаров "Кумтөр" ишканасында. 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы суроолор боюнча маек берип, Кыргызстан алтынын кайсы өлкөгө сатып жатканы жөнүндө маалымат ачык айтылбай турганын билдирди.

Коопсуздук үчүн ачыкталбаган маалымат

Соңку күндөрү кызуу талкууланып жаткан Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтын жөнүндө президент Садыр Жапаровдун текст түрүндөгү маеги “Кабар” маалымат агенттигине 27-августта жарыяланды. Анда мамлекет башчы алтын кайсы убакта, кайсы мамлекетке сатылары коопсуздук үчүн жашыруун жүргүзүлөрүн билдирди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"19 тонна, 21 тонна алтынды жашырып коюшуптур" деп ач-айкырык салып, билип-билбей сүйлөп жаткан инилериме түшүндүрүп берейин, мындан ары билип жүрүшсүн, өздөрүнө жакшы болот. Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда, баары жашыруун болот. Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы самолёт менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жашыруун болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, айтылган өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат. Эч ким мамлекетти алдай албайт”.

Жапаров Кумтөрдөн алтын уурдалбай турганын, катуу көзөмөлдө экенин белгиледи.

29-августта оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) президенттин Кумтөр тууралуу билдирүүсүн айыптап чыкты. Анда Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган соңку маегинде кендеги бир канча маселелерге токтолгону белгиленип, анда айтылгандар сынга алынган.

"Садыр Жапаров "экологиялык зыянды "Ормон опуза" кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен",- деп айтты. Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров жетектеген), 2012-жылы (Темир Сариев жетектеген), 2021- жылы (Акылбек Жапаров жетектеген) мамлекеттик комиссиялар тактаган экономикалык, экологиялык зыяндар эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө "колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 млрд. доллар түзөт", бийлик бизге бербей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 млрд. доллардан ашат", - деп билдирүү жасаган. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек?" - деп жазылган анда.

Аталган кыймыл ошондой эле Жапаровдун Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү тууралуу айткандарынан күмөн санаган. Кен тууралуу президенттин, өкмөт башчынын, Теңгиз Бөлтүрүктүн жана Улуттук банктын маалыматтары карама-каршы чыгып жатканы, коррупциялык жагдайлар белгиленген.

Мындан улам БДК бийликтен Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн бардык келишимдерди, документтерди, аудиттин жыйынтыгын ачыкка чыгарууну талап кылды. Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйында Садыр Жапаровдон Кумтөргө байланыштуу отчет алышы керектигин жазды.

Оппозициялык кыймылдын билдирүүсү тууралуу Садыр Жапаров жана анын администрациясы азырынча үн ката элек.

Кумтөрдөн отчет суроо-талабы күчөдү

Айрым саясатчы, жарандык активисттер Кумтөр кенин мамлекет иштете баштагандан бери канча алтын өндүрүлүп, канча акчага, кайда сатылганы жөнүндө маалымат берүүнү талап кылып жатышат.

Алардын бири - саясат талдоочу Руслан Акматбек коомчулук алтын ташуунун логистикасындагы коопсуздукту эмес, продукция кайда, канчага, кандай шартта сатыларын билүүгө кызыкдар болуп жатканын белгиледи.

“Садыр Жапаровдун бийлигинин символу, элдин ишеними - Кумтөр кени. Ошондуктан Кумтөргө тиешелүү ар бир маселе ачык жана эл ишенгидей болушу керек. Ачык-айкын “буларга сатылды” деп көрсөтүшү керек болчу. Тескерисинче, “силер түшүнбөйсүңөр” деп урушуп жатат”, - деди ал.

Парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков Кумтөр кени боюнча анализ жүргөндөрдүн бири. Ал мамлекеттин алтын ташуу, кайсы бир аймакка жеткирүүсү жашыруун болгонун туура деп эсептейт. Бирок, өкмөт алтын кайсы биржада, кандай бааланганы тууралуу коомчулукка отчет берип турушу керек деген ойдо:

"Өткөн жылга чейин Орусия алтын алуу боюнча алдыда болчу. Азыр Кытай алдыга чыгып жатат. Дүйнөдө ар кандай биржалар бар. Кайсы биржада баа жогору болуп жатса, мамлекеттик банк аркылуу алтын ошол базарга сатылат. Жашыруун сатуу деген жок. Эл баасы арзанбы же кымбат сатылдыбы билиши керек. Отчет ачык жана так болушу зарыл", - деди Исабеков.

Президент маегинде алтын кандай системада сатылып жатканын дагы түшүндүрүүгө аракет кылды. Анын айтымында, өлкөдөгү Кумтөр баштаган бардык кендер өндүргөн алтынды “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы аркылуу Улуттук банк сатып алат. Андан кийин дүйнөлүк биржага сатууга чыгарылат.

“Ошентип айланып отуруп, жылдын аягында Кумтөрдөн түшкөн таза киреше казынага келип түшөт. Ар бир доллары көзөмөлдө болот. Улуттук банк, "Кыргызалтын", "Кумтөр" – үчөө ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн керт башы менен жооп беришет”.

Буга чейин Улуттук банк Кумтөр былтыр өндүргөн алтынды сатууга тиешеси жок экенин билдирген. Башкы көзөмөл банктын 26-августта тараткан жаңы билдирүүсүндө төмөнкүдөй маалыматтар жазылган. Анда мекеме коопсуздук принцибин сактоо зарылчылыгы байланыштуу Улуттук банктын баалуу металлдар менен жүргүзгөн операциялары жөнүндө маалыматтар купуя экенин, аларды ачыкка чыгарууга мыйзамдарда чектөө бар экенин жана аны ачыкка чыгаргандар жоопкерчиликке тартыларын, буга байланыштуу толук маалымат берүү мүмкүн эместигин кошумчалаган.

“Улуттук банк ички рынокто алтынды «Кыргызалтындан» сатып алат, ал эл аралык стандарттарга жооп берген өлкөдөгү алтын өндүрүүчү ири ата мекендик ишкана болуп саналат. Улуттук банк ички рыноктон сатып алган алтындын баарын эле жайгаштыра бербейт же сатып өткөрө бербейт, алардын бир бөлүгү Улуттук банктын сактоо жайында сакталат. Буга чейин маалымдалгандай, Улуттук банк 2021-жылдын башында чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүктү камсыздоо максатында, 1,1 миллиард АКШ долларына жакын суммада алтынды (19 тонна) Европа өлкөлөрүнүн бирине жайгаштырган. Бул алтын Кумтөр кенин кошпогондо, Кыргызстандын аймагында казылып алынган кенден өндүрүлгөн, бул «Кыргызалтын» ААКсынын тиешелүү документтери менен тастыкталат. Алтынды бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө, бул операция экспорттук операция катары чагылдырылат. Мындан тышкары, Улуттук банк «Кыргызалтын» ААКсынан Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтынды, анын ичинде «Кыргызалтын» ААК тарабынан «Кумтөр» кенин өндүрүүчүлөрдөн сатып алган алтын да алат. Мындай алтын ташып чыгуу боюнча операциялар буга чейин Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин "Кумтөр Голд Компани", "Кыргыз алтын" ишканалары алтынды экспорттоо алардын милдетине кирбей турганын билдирген. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөрдүн” өнүмү Кыргызстанда каларын айткан.

Парламент депутаты Исхак Масалиев бийликти Кумтөр боюнча бардык багытта отчет берүүгө чакырды. Эл өкүлү алтындын сакталган жери, баасы, сатылышы жөнүндө маалыматтардын жоктугу бүдөмүк ойлорду жаратууда дейт.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Балким парламентке жашыруун режимде айтат. Жашыруун режиминде болсо деле 1 граммына чейин так болсо болду. Президенттин “айтпайбыз” дегенине негиз болушу керек. Кумтөргө эч кыжаалат болбошубуз керек. Эртели-кеч билинет. Биз айтпасак, алтынды алган мамлекет билдирет. Эсиңерде болсо президент июнь айында "баарын айтам" деген. Андан кийин "келишим түзүлгөндө кенен маалымат болот" деген болчу. Менимче күзүндө бийликке суроо көп болот. Анан ага жооп айтылабы билбейм”, - деди Масалиев.

Президент маегинде Кумтөрдүн мамлекетке өткөндөгү шартты, экология маселеси жөнүндө дагы кенен айтып берген. Ошондой эле учурда ишкананы иштетүүдөгү сатып алуулар боюнча Башкы прокуратура бир ай текшерүү жүргүзөрүн билдирди. Учурда "Кумтөр" компаниясын жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилип, текшерүү жүрүп жатат.

Министрлер кабинети Кумтөр Кыргызстанга өткөндөгү ишинин эсебин жетекчилерден сураганы менен кенде былтыр өндүрүлгөн 14,5 тонна алтындын кайда экени боюнча так маалымат берилбей жатат.

Буга чейин “Азаттык” Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын анализдеп, өкмөт өлкөнүн жалпы экспортунун 40% түзгөн рекорддук көлөмдөгү алтынды Кыргызстан кимге сатканын купуя сыр кылып койгонун жазып чыккан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG