Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча жыйын өттү


Кызыл-Октябрда Кемпир-Абад маселеси боюнча өткөн жыйын. "Мекендеш ТВнын" видеосунан алынган сүрөт.
Кызыл-Октябрда Кемпир-Абад маселеси боюнча өткөн жыйын. "Мекендеш ТВнын" видеосунан алынган сүрөт.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик жыйын өткөнүн 28-августта “Азаттык” радиосуна иш-чаранын уюштуруучулардын бири, жергиликтүү жарандык активист Жумалидин Сопуев билдирди. Анын айтымында, 27-августта өткөн, миңге чукул адам катышкан жыйында үч маселе көтөрүлдү:

“Биринчиси – айыл өкмөтүндө болгон жыйында эл Кемпир-Абад боюнча жогору жакта эмне сөз жүрүп жатканы тууралуу талап койгон эле, ошол тууралуу билүү. Экинчиси – 920 адам кол коюп, Жогорку Кеңешке кат жазганбыз, анын жообу келбеди, ошону билүү. Үчүнчүсү – Чолпон-Атада президенттердин жыйынында эки тарап кол койду деген сөз тарады эле, ошонун жыйынтыгын билели деп эл кызыкдар болуп жатат. Маселе эл арасында кайра көтөрүлүүдө. Биздин кооптонгонубуз – алар “тогуз жүзүнчү горизонталга чейин көтөрөбүз, андан башка көтөрбөйбүз” деп жатат экен. Ошондо Кыргызстанга миң гектардан ашыгыраак жер ашат дегендей кылып жатышыптыр. Түшүнгөн кишиге бул эл иштетип эле жүргөн жер. Тогуз жүзүнчү горизонталдан ары Өзбекстанга жер менен кошо өтүп кетет деген кооптонуу пайда болуп жатат эл арасында”.

Сопуевдин айтымында, жыйынга Жогорку Кеңештин төрт депутаты оозеки чакырылган, алардын ичинен депутат Адахан Мадумаров катышты, ал эми район акими ошол күнү башка иш-чарасы болгондуктан бара алган жок.

Расмий органдар Кызыл-Октябрда өткөн жыйын тууралуу азырынча маалымат бере элек.

“Азаттык” 27-августта Ош облустук милициясына байланышканда мекеменин басма сөз кызматы жыйын өтүп жатканын тастыктап, ага, баштапкы маалымат боюнча, 40-50 киши катышып жатканын билдирген.

2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.

Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, "Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз", - деген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG