Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

БУУнун Өнүктүрүү программасы: дүйнөдө жакырчылык күчөдү


 Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жакырчылык менен күрөшүү жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү программасы былтыр дүйнөдө он өлкөнүн тогузунда жашоо-шарт кескин начарлап кеткенин билдирди.

8-сентябрда БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү адамдык өнүгүү индекси дүйнөдө эки жыл катары менен төмөндөгөнүн, бул көрсөткүч 32 жылдын ичинде биринчи жолу начарлап, 2016-жылдагы деңгээлге түшкөнүн кабарлады.

ПРООНдун маалыматына караганда, буга COVID-19 жана Украинадагы согуш кесепетин тийгизди.

ПРООНдун индекси боюнча Швейцария жана Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин ичинен биринчи сапка чыкты. Эң төмөн баллды Африканын үч өлкөсү: Нигер, Чад жана Түштүк Судан алды. Индекске ылайык, теңсиздиктен эң көп Латын Америкасы, Кариб деңизи, Сахаранын түштүгүндөгү Африка жана Түштүк Азия жапа чегүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG