Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

“Энергоатом”: Орусия Запорожье АЭСинин жумушчуларын өлтүргөн


Петр Котин.
Петр Котин.

Украинанын “Энергоатом” компаниясынын жетекчиси Петр Котин “Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) басып алган Орусиянын аскерлери АЭСтин кызматкерлерин өлтүрүп, 200дөй кишини уурдап кеткен” деп айыптады.

Ал германиялык Funke Media Group басылмасына берген маегинде уурдалган адамдардын айрымдарынын кайда экенин билбей турганын айтты.

Петр Котиндин сөзүнө караганда, орус аскерлери Запорожье АЭСинин кызматкерлеринин Орусияга мамилеси кандай экенин сынап, АЭСти иштетүү үчүн калган 1000дей кызматкер ар кандай кыянатчылыктарга туш болууда. Орусия Украинага басып киргенге чейин станцияда 11 миңдей адам иштеген.

Орусия “Энергоатом” ишканасынын акыркы айыптоолоруна жооп бере элек.

6-сентябрда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Запорожье АЭСине болгон сапарынын жыйынтыгын жарыялап, станциянын айланасында тез арада коргоо зонасын түзүүгө жана АЭСтин аймагын аткылоону токтотууга чакырган.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG