Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Депутат Бекешев камактагы активист Жекшеналиев боюнча президентке кайрылды


Ырыскелди Жекшеналиев. 2022-жылдын 2-сентябры.
Ырыскелди Жекшеналиев. 2022-жылдын 2-сентябры.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн 8-сентябрда парламенттин жыйынында камактагы активист Ырыскелди Жекшеналиевге байланыштуу билдирүү жасап, аны бошотууну өтүндү. Ал президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, өтүнүчүн мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жеткирүүнү суранды.

“Президент бир ай мурун “Фейсбукка” “бузукулар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатышат. Милиция эмнени карап жатат?” деп пост жазган. Милиция анализ кылбай, видеону репост кылып эле койгон 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевди күнөөлөп, өтө оор айып тагып, “Сен бийликти алууга чакырык кылгансың” деп жатат. Бул туура эмес айып. Эми 19 жаштагы бала өзү бийликти ала албайт. Андан эмес, уюшкан кылмыштуу топтордон, экстремисттерден, террористтерден коркуп, ошолорду көзөмөлдөш керек. Ал өзү “Мени кое бергиле. Мен окуйм. Тынч эле отурам” деп жатат. Сураныч, ошону президентке жеткирсеңиз, камактан чыгарып”, - деди Бекешев.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.

Бишкек шаардык соту 2-сентябрда Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун аны 14-октябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырган. Сотто жактоочулардын Жекшеналиевдин кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө өтүнүчү да четке кагылган.

Активист эч кандай күнөөсү жок экенин дагы бир жолу кайталаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG