Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:09

UNICEF: Украинадагы согуштан Кыргызстанда 70 миңден ашуун бала жакырчылыкка кептелди


"Дордой" базарында. Бишкек. 1-июнь, 2021-жыл.
"Дордой" базарында. Бишкек. 1-июнь, 2021-жыл.

Украинадагы согуштан улам жана күн санап өсүп жаткан инфляциянын себебинен Кыргызстанда 143 миң адам, анын ичинде 70 миңден ашуун бала жакырчылыкка кептелди.

Бул тууралуу ЮНИСЕФтин "Украин согушунун Европа жана Борбор Азиядагы экономиканын төмөндөшүнө жана балдардын жакырчылыгына таасири" деген баяндамасында айтылат.

Ага ылайык, жакырчылыктан улам Кыргызстанда үч миңдей бала мектепке барбай калышы ыктымал. Баяндамада Улуттук статистикалык комитет 2021-жылы Кыргызстанда 1,72 млн. бала же жалпы балдардын 40,5% жакырчылыкта жашарын маалымдаган.

"Бул балдарды жана алардын ата-энелерин азыртан колдоого албасак, кескин күчөгөн жакырчылык билимсиз муундун жоголгон келечегине алып келет", - деди ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азиядагы өкүлү Афшан Хан.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Бир айдан ашуун созулган согушта Украинанын бир катар шаарлары талкаланды, 5 миллиондон ашуун киши качкынга айланды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG