Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Өкмөт жакыр жашаган үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги "Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү" жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү көздөөдө. Ага ылайык, жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен жергиликтүү бийликтин ортосунда социалдык келишим түзүлөт.

Келишимге ылайык, бийлик үй-бүлөгө бир жолу бериле турган акчалай жардам берет жана анын негизинде жакырчылыктан чыгууга көмөктөшөт.

Каражаттын булагы жергиликтүү же республикалык бюджет, түрдүү фонддор болушу ыктымал.

Келишим түзүү жана акчаны берүү тартибин өкмөт бекитет.

Мындай келишим түзгөн үй-бүлөгө өкмөт тарабынан ай сайын бериле турган жөлөк пул токтотулат.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги социалдык келишим тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарууну көздөп турат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр калктын акчалай кирешеси жалпысынан 542 миллиард сомду түзгөн.

2020-жылы эң бай катмар жалпы калктын кирешесинин 41,6 пайызын түзсө, 2021-жылы бул көрсөткүч 43,9% жеткен.

Жакырчылыктын деңгээлине ылайык Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтө калууда.

Өлкөдө кээ бир аймактарда, маселен Баткен, Жалал-Абад жана Нарында калктын 35% жакырчылык чегинен төмөн деңгээлде жашайт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG