Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Кытай жана Индия Орусиянын Украинаны аткылоосун сынга алды


Кытай менен Индиянын мамлекеттик туулары.
Кытай менен Индиянын мамлекеттик туулары.

Кытай жана Индия Орусиянын Украинаны аткылап, 14 жай тургундун өлүмүнө себепчи болгонун сынга алды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бардык өлкөлөрдүн эгемендиги сыйланышы керектигин билдирип, кырдаалды тынч жол менен жөндгө салууга чакырды. Бээжин кырдаалды тескөөдө конструктивдүү тараптын ролун алууга даяр экенин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү маалымдады.

Украинаны массалык аткылоону сындаган билдирүүнү Индиянын тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар да жасады.

Ал расмий Дели орус-украин согушуна каршы экенин, бул согуш анын катышуучуларынын да, жалпы эл аралык коомчулуктун да кызыкчылыгына каршы келерин ачык айтып чыкты.

Индия жана Кытай Орусиянын саясатына лоялдуу өлкөлөр деп саналат. Дели менен Бээжин орус-украин чатагын тынч жол менен чечүүнү кубаттаса да, Орусияга киргизилген санкцияларга кошулган эмес. Эки өлкө тең Орусиядан мунай жана башка энергоресурстарды ири өлчөмдө сатып алат.

10-октябрдын таңында Орусиянын күчтөрү Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урган. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев, Тернопол, Винница, Кривой Рог, Запорожье, Львов баштаган ондогон шаарлар аткылоого кабылды. Бир катар объектилер талкаланып, ондогон адамдар өлдү.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный орус тарап бул күнү шаарларга 75 ракета коё бергенин, анын 41ин Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөнүн тактады.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин буга Украинанын атайын кызматтарын айыптаган. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес.

XS
SM
MD
LG