Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Лукашенко Беларус чек арага аскерлерин жыйнаганын айтып, Зеленскийди опузалады


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларустун башында турган Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен “биргелешкен аймактык аскерлер тобун чек арада жыйноону” макулдашканын жарыялады. Мамлекеттик "БелТА" агенттиги кабарлагандай, Лукашенко бул тууралуу коопсуздук боюнча кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, аскердик колду жыйноо боюнча келишим КМШнын Санкт-Петербургда өткөн формалдуу эмес саммитинде кабыл алынган. Бул жыйында Орусия Беларуска $1,5 млрд доллар насыя берери тууралуу да макулдашуу жактырылган. Эки өлкө Союздук мамлекеттер деп аталган уюмда турат.

“Союздук мамлекеттердин чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу биз Орусия Федерациясы менен Беларустун аймактык топторун жыйноону келишти. Эгер коркунучтун деңгээли дагы бир жолу ушундай деңгээлге жетсе, биз Союздук мамлекеттердин топторун ишке салууну баштайбыз”, – деди Лукашенко.

Анын айтымында, бул топтун негизин беларус армиясы түзөт. Аны куроо эки күндөн бери уланып жатат. Лукашенконун айтымында, жакын арада Беларуска Орусиядан “миңдеген” аскерлер келерин, Коргоо министрлигине аларды кабыл алууга даярдык көрүүгө тапшырма бергенин кошумчалады.

Александр Лукашенко Украинанын аймагына Беларуска кол салуу пландалып жатканы тууралуу жазда айткан пикирин кайталап, украин президенти Владимир Зеленскийге эскертүү берди.

“Кечээ расмий эмес каналдар аркылуу Беларуска Украинанын аймагынан сокку урулушу мүмкүндүгүн эскертишти. “Биз муну экинчи Крым көпүрөсүндөй кылабыз” деп айтышыптыр. Менин жообум кыскача болду. “Украинанын президентине жана башка акылдан айныгандар айтып койгула, эгер алар биздин аймактын бир эле метр жерине кол тийгизсе, Крым көпүрөсүндөгүдөй окуя эч нерсе болбой калат”, – деди ал.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин буга Украинанын атайын кызматтарын айыптаган. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес.

10-октябрдын таңында Орусиянын күчтөрү Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урду. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев, Тернопол, Винница, Кривой Рог, Запорожье, Львов баштаган ондогон шаарларга аткылоо болду. Бир катар объектилер талкаланып, ондогон адам өлдү. Путин бул соккуларды “украин тараптын чабуулуна жооп” деп атады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный орус тарап бул күнү шаарларга 75 ракета коё бергенин, анын 41ин Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөнүн тактады. Киев ракеталардын бир бөлүгү Беларус тараптан аткыланганын билдирүүдө. Минск аны ырастаган да, төгүндөгөн да жок. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG