Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Президент Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлүн кабыл алды


Президент Садыр Жапаров (солдо) Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы Атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды. Бишкек. 10-октябрь, 2022
Президент Садыр Жапаров (солдо) Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы Атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды. Бишкек. 10-октябрь, 2022

Президент Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Терхи Хакала менен жолугушту. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү, аймактагы коопсуздук маселеси талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы 30 жылдык кызматташтык ийгиликтүү жүрүп келе жатканын, Евробиримдик Кыргызстан үчүн тышкы саясатта башкы жана маанилүү өнөктөш экенин белгиледи.

"Баарлашуунун жүрүшүндө президент Жапаров Баткен облусунда карапайым калктын жана аскер кызматкерлеринин өлүмүнө, жарандык жана социалдык инфраструктуранын талкаланышына алып келген Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы тууралуу айтып берди", - деп айтылат маалыматта.

Евробиримдиктин өкүлү дүйнөдө болуп жаткан олку-солку мезгилде Борбор Азия өлкөлөрүнүн бүтүндүгүн сактоо маанилүү экенин билдирди.

Терхи Хакала кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кандуу окуяга байланыштуу көңүл айтып, Евробиримдик Кыргызстандын жапа чеккен аймактарына гуманитардык жардам бөлгөнүн кабарлады. Ошондой эле уюм чек ара маселелерин тез арада жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Быйыл сентябрдын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн эки мамлекет бирин-бири аскердик агрессияга айыптап жатат. Кыргызстан 63 жаранынан ажырап, 200дөн ашыгы жараат алган, чек аралаш айылдарда жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG