Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Орусиянын үч ракетасы Молдованын аймагына түштү


Молдованын жана анын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровье картасы. Молдова менен Украинанын көрүнүшү.
Молдованын жана анын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровье картасы. Молдова менен Украинанын көрүнүшү.

Орусиянын Украинага багытталган канаттуу үч ракетасы Молдованын аймагына түштү. Бул тууралуу Молдованын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, Москвадан түшүндүрмө талап кылды.

“Бүгүн таңда Кара деңиздеги орусиялык кемелерден Украинага атылган канаттуу ракеталар Молдованын аба мейкиндигин бузду. Мен Орусиянын элчилигин чакырып, түшүндүрмө берүү тапшырмасын койдум”, – деп жазды Молдованын тышкы иштер министри Нику Попеску Твиттердеги баракчасында.

10-октябрдын таңында Орусиянын күчтөрү Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урду. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев баштаган ондогон шаарларга аткылоо болду. Бир катар объектилер талкаланып, ондогон адам өлдү.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный орус тарап бул күнү шаарларга 75 ракета коё бергенин, анын 41ин Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөнүн тактады.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин буга Украинанын атайын кызматтарын айыптаган.

Мурдараак Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Крым көпүрөсүндөгү соккуга жооп катары, катуу чабуул болорун айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG