Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Иранда нааразылык акцияларына мунай өндүрүүчүлөр кошулду


Ирандын Бушер шаарындагы мунай өндүрүүчүлөрдүн жол тосуусу.
Ирандын Бушер шаарындагы мунай өндүрүүчүлөрдүн жол тосуусу.

Ирандын Бушер жана Дамаванд шаарларындагы мунай жана химиялык заводдордун миңден ашык жумушчусу өлкөдө нааразылык акцияларына кошулуп, иш ташташты. 10-октябрда алар жолдорду жаап, “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырышты.

Соңку күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында бир нече шаарларда заводдордо иштеген жумушчулар акцияларга кошулганы айтылган.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарларында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталды. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөр менен атышып жатканы кабарланууда. Коопсуздук кызматкерлери да демонстранттарга каршы курал колдонуп жатат.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатышат. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар да болуп жатат.

Осло шаарында жайгашкан “Ирандагы адам укуктары” уюмунун соңку маалыматына караганда, күч кызматкерлеринин колунан митингге чыккан кеминде 92 адам өлтүрүлдү, жүздөгөн адам жараат алып, миңдегени камалды. Айрым булактар каза болгондор 160ка жеткенин жазып жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG