Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Катар Кыргызстанга эки ГЭС курууга даяр экенин билдирди


Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Катар мамлекетинин эки ишканасы Кыргызстанга эки ГЭС куруп берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катарга расмий сапарында Nebras Power компаниясынын директору Халид Мухаммед Жоло менен жолугушкан учурда талкууланды. Мухамед Жоло Кыргызстан менен энергетика жаатында кызматташууга даяр экенин айтып, Чаткал жана Казарманга ГЭС куруу ниетин билдирди. Жыйынтыгында тараптар эксперттик иликтөө иштерин баштоону макулдашты. Ага ылайык, катарлык компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, ГЭС курулушунун маселесин талкуулашат. Анын мөөнөтү кабарланган жок.

Nebras Power — Катардын мамлекеттик ишканасы, 2014-жылы түзүлгөн. Qatar Electricity and Water Company (QEWC) ишканасына караштуу бул компания дүйнө жүзүндө энергия булактарын, суу, жылуулук жана логистикага байланыштуу долбоорлорду каржылап келет.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Катарга расмий сапары 8-9-октябрда болду.

Кыргызстанда ГЭС куруу ниетин буга чейин Орусия билдирип, 2012-жылы орусиялык "РусГидро" ишканасы менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден бир тараптуу чыккан. Кийин Орусия «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турган.

Быйыл 30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG