Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Өзгөндө чек арага байланыштуу нааразылык акциясы өтүүдө


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Аймактагы "Азаттык" кабарчысынын маалыматына караганда, 10-октябрда түшкө жуук Өзгөн райондук администрациясынын алдына бир нече киши чогулду. Алар Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу келишимдин парламентте ачык каралышын талап кылышкан.

Уюштуруучулар нааразылык акциясы Жогорку Кеңештин комитетиндеги чек арага байланыштуу жыйын аягына чыкканча уланарын айтышууда.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат. Жыйынга сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себебин "жашыруун маалыматтарга байланыштуу" деп түшүндүрдү. Ташиев чек ара тууралуу документтер эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин ачыкка чыга турганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрдагы парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.(ZKo/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG