Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

Бишкекте Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы мектептер ачылат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, сапар алкагында эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров менен Илхам Алиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулайт. Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү да пландалууда.

Мындан тышкары, Бишкекте “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Гейдар Алиев - Азербайжанды 1993-жылдан 2003-жылга чейин башкарган. Совет мезгилинде ар кандай партиялык жогорку кызматтарда иштеп, эки жолу Социалисттик эмгектин баатыры болгон. 2003-жылдагы президенттик шайлоодон саламаттыгына байланыштуу баш тартып, ордуна уулу Илхам Алиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Гейдар Алиевдин башкаруусу учурунда жеке керт башына сыйынуучулук кеңири жайылганы айтылат.

Ал эми Низами Гянжеви XI-XII кылымдарда жашап өткөн Чыгыш адабиятындагы эң белгилүү акын жана илимпоз. Улуу акын "Сырлар кенчи", "Хосров менен Ширин", "Лейли менен Межнун” ж.б. чыгармалары менен тарыхта калган.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Бакуга расмий сапар менен барган. Бишкек кыргыз-азери мамилесин чыңдап, алака-катышты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Кыргызстан менен Азербайжандын соода жүгүртүүсү 100 млн. доллардын айланасында. Буга чейин соода-инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү демилгеси улам көтөрүлүп, бирок натыйжа болбой келген.

Бишкек Бакудан мунайзаттарын алып, ага жеңил-өнөр жай товарлары менен айыл чарба азыктарын сатууну көздөйт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG