Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Донецк: Лиманда табылган сөөктөрдү эксгумациялоо башталды


Май айынан бери орус аскерлеринин көзөмөлүндө туруп, жакында эле украин армиясы бошоткон Донецк облусунун Лиман шаарында массалык көмүлгөн сөөктөр табылып, анын 20сы эксгумацияланды. Бул тууралуу Украинанын полициясы билдирди.

Шаар Украинанын карамагына өткөндөн кийин массалык сөөк көмүлгөн эки жай табылган. Алардын биринен 200дөй кишинин сөөгү чыкты. Экинчисинде украиналык аскер кызматкерлеринин сөөгү жашырылган деп айтылууда. Набыт болгондордун тек-жайын жана алардын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн эксгумация башталды. Бул аракеттер согуш эрежелерин бузуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүүдө.

29-сентябрдан бери украин полициясы Донецк облусунун бошотулган аймактарынан 87 адамдын сөөгүн тапканын билдирген. Буга чейин Харьков облусуна караштуу Изюм шаарынын чет жакасындагы токойдон сөөктөр жапырт көмүлгөн жайга аскерлер жана жайкын тургундар жашырылганы аныкталган. Облустук полициянын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сергей Болвин кеминде 440-450дөй адамдын сөөгү көмүлгөнүн, соттук-медициналык текшерүүгө жөнөтүлөрүн билдирген. Эксгумацияда алардын айрымдарынан кыйноонун белгилери аныкталган.

Жекшембиде украиналык ыктыярчы, "Азов" полкунун мурдагы командири Максим Жорин Орусиянын оккупациясындагы Харьков облусунун Купянск шаарында тартылганы айтылган видеону социалдык тармактарга жарыялады. Жориндин ырасташынча, видео орусиялык аскер кызматкеринин телефонунан табылган. Анда жарандык кийимчен, башына баштык кийген аялдын сөөгү бир нече өлүк жаткан чуңкурга ыргытылганы көрсөтүлгөн (видеону ачарда абайлаңыз).

Орус Телеграм каналдарында бул видео "шаар тургундарына карата украин аскерлеринин кыргыны катары" көрсөтүлгөн. Украин бийлиги жана орус аскер жетекчилиги бул боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG