Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Азербайжан президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет


Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев. Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Баку шаарына 2022-жылдын 19-апрелде барган.
Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев. Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Баку шаарына 2022-жылдын 19-апрелде барган.

11-12-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Буга байланыштуу Бишкек жана Чүйдө айрым жолдор жабыла турганын бүгүн, 10-октябрдагы маалымат жайында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди. Анын айтымында, бул күндөрү жол жана коомдук коопсуздукту камсыздоого милициянын 4 миңден ашык кызматкери тартылат.

"Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежесин жана жолдо жүрүү эрежелерин, ошондой эле айдоочулук маданияттуулукту сактаңыз. Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды "Манас" аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз", - дедии Исмаилов.

Ушул күндөрү кортеж өтүүчү жолдун боюнда калган автоунаалар эвакуациялана турганы айтылды.

11-12-октябрда төмөнкү жолдор убактылуу жабылат:

  • "Манас" аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан Байтик Баатыр көчөсү менен А.Токомбаев көчөсүнө чейин;
  • Ч.Айтматов проспектисинен Ахунбаева көчөсү менен Достоевский көчөсүнө чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Бакуга расмий сапар менен барган. Бишкек кыргыз-азери мамилесин чыңдап, алака-катышты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Кыргызстан менен Азербайжандын соода жүгүртүүсү 100 млн. доллардын айланасында. Буга чейин соода-инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү демилгеси улам көтөрүлүп, бирок натыйжа болбой келген.

Бишкек Бакудан мунайзаттарын алып, ага жеңил-өнөр жай товарлары менен айыл чарба азыктарын сатууну көздөйт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG