Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

ЖК: Кемпир-Абад боюнча талкууну видеого тартууга уруксат берилген жок


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу талкуу өткөрөт. Жыйынга журналисттер, блогерлер чакырылып, бирок видеого тартууга уруксат берилген жок.

"Азаттыктын" кабарчысына "жыйынга камера, телефон, диктофон, ноутбук алып киргенге болбойт деген буйрук келгенин" айтышкан. Парламенттин басма сөз катчысы Эркин Каимов бул Жогорку Кеңештин чечими экенин билдирип, "маанилүү маселе каралып жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынганын" айтты.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрдагы парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

"Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла, жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 километр чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз", - деген Жапаров.

4-октябрда президент Жапаров Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушкан. Ошол жерде чогулган айрым тургундар президент менен жолугушууга кире албай калганын айтып, жыйынды сыртта өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп берүүнү талап кылышкан. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өткөнүн кабарлаган.

Президенттин бул жолугушуусунан мурда Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу бийликтин чечимине айылдык кеңештин айрым депутаттары каршы болуп жатканын 6-октябрдагы жыйында айтып чыккан.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча 6-октябрда Фейсбукка пикирин жазып, Кыргызстан менен Өзбекстан суу сактагыч боюнча 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкаруу келишимине келгенин жазды.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG