Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Сот Ырыс Жекшеналиевди 14-декабрга чейин камакта калтырды


Ырысбек Жекшеналиев.
Ырысбек Жекшеналиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевдин абакта мөөнөтүн дагы эки айга узарткан чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Чыңгыз Ибраев "Азаттыкка" кабарлагандай, активист эми №1 Тергөө абагында 14-декабрга чейин кармалат.

Сот блогердин ден соолугуна байланыштуу даттанууларды канааттандырган эмес. Буга жооп катары Жекшеналиев сот залындагы айнек тосмону тепкилеп, "түрмө менен сындыра албайсыңар" деп кыйкырды.

"Убагында Жапаровду соттогон судьялар, прокурорлор бүгүн мени соттоп жатат. Түрмө менен сындыра албайсыңар, тескерисинче күчтөндүрөт, таптап чыгарат. Мени камоо менен журналисттерди, студенттерди, жаштарды коркутуп жатат. Түрмө менен сындыра албайт", - деди Жекшеналиев.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон. Сот чечими менен ал 14-октябрга чейин камалган.

Блогер эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал саламаттыгы начарлаганына байланыштуу сентябрдын соңунда "ЮРФА" клиникасынан жана Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөн. Активист Эрлан Бекчоро уулу Жекшеналиевдин жүрөгү мурда да ооруп жүргөнүн, азыр абалы начар экенин айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG