Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Сот аткаруучулар 2,9 миллион сомду менчиктеген деп айыпталууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук сотунун сот аткаруучулар мекемесинин Оптима банктагы депозиттик эсебинен 2 млн. 965 миң 800 сом мыйзамсыз алынганын Башкы прокуратура 10-октябрда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, аталган райондук прокуратура бул сумманы сот аткаруучулар менчиктеп алганын аныктаган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жогорку сот жана тиешелүү органдар Башкы прокуратуранын маалыматына комментарий бере элек.

​
XS
SM
MD
LG