Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:29

Кылмыш тобунун чопкутталган машинелери мамлекетке кантип алынган?


Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында мамлекетке алынган кымбат баалуу чопкутталган унаалар. Октябрь, 2022-жыл.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында мамлекетке алынган кымбат баалуу чопкутталган унаалар. Октябрь, 2022-жыл.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык делген беш чопкутталган машине мамлекетке алынганы тууралуу УКМКнын маалыматы коомдо сын-пикирлерди жаратты. Атайын кызмат сөз болуп жаткан автоунаалар мамлекеттин карамагына алынганын жарыялады. Бирок жараян кандай тартипте болгонун түшүндүрө элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы беш чопкутталган машине мамлекетке алынганын кабарлап, уюшкан кылмыштуу топторго таандык башка мүлктү да мыйзамдаштыруу жолу каралып жатканын кабарлаган.

“Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, - деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматы Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында алынган автоунаалардын жалпы баасы 33 миллион сомдон ашуун деп белгилеген.

Бул маалымат жарыяланары менен коомчулукта түрдүү пикирлер жаралды. Басымдуу бөлүгү мамлекет кылмыш дүйнөсүнө таандык болгон автоунааларды соттун чечимисиз алганы мыйзамсыз экенин белгилеп жатышат

Баш мыйзамга ылайык, менчик укугу кол тийгис деп жазылганын активист Эрлан Бекчоро уулу айтууда.

Эрлан Бекчоро уулу
Эрлан Бекчоро уулу

“Бул - түздөн-түз карактоо. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап аткан соң, ар бир жарандын укугу Конституция менен корголгон. Баш мыйзамдын 15-беренесинде да “Ар бир жарандын мүлкү кол тийгис” деп жазылып турат. Ошондуктан, сот чечими жок туруп, атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтун мүлкүн мамлекетке алганы канчалык мыйзамдуу экенине Башкы прокуратура баа бериши керек”.

Саясатчы, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков мындай пикири менен бөлүштү:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Кимдин гана мүлкү болбосун, ал криминалбы, коррупционерби же жөнөкөй жаранбы, соттун гана чечими менен конфискацияланып, мамлекетке өтөт. Эгер соттун чечими менен алар кайсы бир кылмышка күнөөлүү деп табылып, ошол кылмышынын негизинде ошол мүлктөр алынган деп табылса, ошондо да акыркы сот бутагынын чечими менен ал мүлктөр мамлекеттин эсебине өтөт”.

Кымбат жолтандабастардын мамлекетке өтүшүн бир-эки жыл мурун коррупцияга айыпталган бир нече адамдын мамлекеттин пайдасына миллиондогон сом төгүп берип, сот жоопкерчилигинен кутулган жагдайлар менен байланыштыргандар бар. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев бийлик кылмыштуу топторго каршы күрөшүн иш жүзүндө көрсөткөн жок деген пикирин “Азаттыкка” курган маегинде билдирген.

Өмүрбек Суваналиев
Өмүрбек Суваналиев

“Криминал менен күрөш жок. Кылмыш дүйнөсү тескерисине өөрчүп, бизнеске да аралашып, таасири өсүп кетти. “Кустуризация” менен аларды тескерисинче легалдаштырып койду. Өзү, балдары криминалдык дүйнөгө аралашкан адамдар же алардын жакындары менен сүрөткө түшкөнү интернетте жайнап жүрөт. Бийлик кылмыш дүйнөсүн ичинен билген адам катары ийгиликтүү күрөшсө болот, бирок андай болбой жатат”.

Былтыр УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго катуу көзөмөл жүрүп жатканын айткан:

“Кылмыштуулук боюнча акыбал бир жыл мурда кандай эле, жакшы билесиздер. Бир жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтор мамлекетти бүт ороп алган эле. Түштүктө өзүнчө мафиясы бар, түндүктө өзүнчө бар болчу. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби, башкасыбы, башын көтөрүп көрсүн, башын жанчабыз”.

Азырынча уюшкан кылмыштуу топко таандык делген чопкутталган жол тандабастар мамлекеттик кайсы мекемеге берилери тууралуу маалымат жок.

Сентябрдын башында президент Садыр Жапаровду коштоп жүргөн чопкутталган жолтандабастар коомдо кызуу талкууланган. Жол тандабастарды криминалдык дүйнөгө катышы бардыгы айтылып жүргөн ишкер Азим Рой мамлекет башчыга тартуу кылышы ыктымалдыгы айтылган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сөз болуп жаткан эки унааны гранттык негизде чет элдик өнөктөштөр белек кылганын 5-сентябрда жарыялаган.

Акыркы эки жыл аралыгында коррупцияга шектелип кармалып, камалып, бирок тергөөдө зыяндын ордун толтуруп же мамлекетке берген материалдык жардамы үчүн үй камагына чыккан айыпкерлер соттон акталган учурлар да катталып келет.

Алсак, ушул жылдын сентябрь айында Жогорку сот кылмыш дүйнөсүндө "Женго" деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновго чыгарылган буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишин кайра кароого жөнөткөнү маалым болду. Жогорку соттун басма сөз кызматы мындай чечимге эмне негиз болгонун тактаган жок. Ага чейин июнь айында Ош облусундагы Кара-Суу райондук соту Досоновдун "бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу" беренеси менен козголгон кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартып, "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштырууга" байланышкан кылмыш ишинде актаган.

Тергөө органдары мындан улам коррупцияга шек саналгандардан зыянды өндүрүү мээнети текке кетип жатканын айтып, айыпты сотко коюп келишет.

УКМК былтыркы биринчи жарымында эле жемкорлук, паракорчулук, мыйзамсыз баюу иштерин иликтеп, мамлекетке 6 миллиард сом кайтарылганын маалымдаган. Бирок бийликтин бул аракети коомчулукта “кустуризация” деген түшүнүктү пайда кылып, чет элдик инвесторлор өлкөдөн чыгып кетип жатканын айткандар да болгон.

Ички иштер министрлиги өлкөдө үч-төрт кылмыштуу топ бар экени, аларды Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдер жетектерин билдирип келет.

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деп таанылган дагы бир кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын бөлмөлөрүнүн биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жумагуловду 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.

2021-жылдагы расмий маалымат боюнча милициянын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун 1160тан ашык мүчөсү бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG