Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

УКМК кылмыштуу топтун беш унаасы мамлекетке алынганын билдирди


Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 млн. сомдон ашык беш кымбат баалуу чопкутталган унаа алынган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 млн. сомдон ашык беш кымбат баалуу чопкутталган унаа алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык делген беш чопкутталган машине мамлекетке алынганын кабарлады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 7-октябрда маалымат берди.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында алынган унаалардын жалпы баасы 33 млн. сомдон ашары белгиленген.

“Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, - деп маалымдады УКМК.

Ички иштер министрлиги өлкөдө үч-төрт кылмыштуу топ бар экени, аларды Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдер жетектээрин билдирип келет. 2021-жылдагы расмий маалымат боюнча милициянын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун 1160тан ашык мүчөсү бар.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыштуу топтор менен аёосуз күрөш болорун айткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG