Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Жогорку сот Кадыр Досоновдун ишин кайра кароого жөнөттү


УКМК Досоновду Оштон Бишкекке алып бара жаткан учур.
УКМК Досоновду Оштон Бишкекке алып бара жаткан учур.

Жогорку сот кылмыш дүйнөсүндө "Женго" деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновго чыгарылган буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишин кайра кароого жөнөттү. Бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырстады, бирок мындай чечимге эмне негиз болгонун тактаган жок.

Ушул жылдын июнь айында Ош облусундагы Кара-Суу райондук соту Досоновдун "бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу" беренеси менен козголгон кылмыш ишин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскартып, "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштырууга" байланышкан кылмыш ишинде актаган.

2021-жылдын 11-февралында УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында "өлкөнүн түштүк аймагын көзөмөлдөгөн кримтөбөл" Досонов кармалганын маалымдаган.

Иш Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен 23-декабрда Досоновдун бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылган.

Бир күндөн кийин чечим кайра каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алууга өзгөртүлгөн.

УКМК буга чейин эч жерде иштебеген, ишкердик менен алектенбеген Досоновго байланыштуу адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталганын, курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG