Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Баткенден Бишкекке эвакуация болгондор үйүнө кайтканы айтылды


ӨКМ кызматкерлери эвакуация болгондорду үйүнө жөнөтүүдө.
ӨКМ кызматкерлери эвакуация болгондорду үйүнө жөнөтүүдө.

Баткендеги соңку каргаша учурунда үй-жайын таштап чыгууга мажбур болуп, Бишкекке эвакуация болгондордун баары кайра үйүнө жөнөтүлгөнүн 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 27-29-сентябрь күндөрү аларды Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдына чогултуп, жалпысынан 75 кичи автобус менен 1645 адамды жөнөтүштү.

Кичи автобустарды Бишкек мэриясынын Транспорт департаменти даярдап, күйүүчү майын толук бойдон ӨКМ камсыздады. Ошондой эле министрликтин кызматкерлери аларды Баткенге чейин коштоп кетишти.

Ал арада "Азаттыкка" 30-сентбярда кайрылган айрым тургундар Спорт сарайынын алдында Баткенге алып кетчү кичи автобусту күтүп отурушканын жазышты.

Жалпы Баткен облусу боюнча 136 770 адам эвакуация болгон. Алардын көбү облустун башка аймактарына, калгандары Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарына жана Бишкек шаарына жайгашкан.

Эвакуация болгондордун басымдуу бөлүгү туруктуу жашаган жерине кайтты.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да Бишкекке ушундай эле айыпты койду. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG