Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Алтынбек Сулайманов суракка чакырылбаганын ырастады


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы баракчасына суракка чакырылбаганын ырастады. Ал “кабатыр болбоңуздар, колдооңуздарга рахмат”, - деп жазды.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитети Сулайманов бир суткадан бери атайын кызматта сурак берип жатканы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Алтынбек Сулайманов 27-сентябрда кызматтан кеткенин жарыялап, жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкенин билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Сулаймановдун реформа тууралуу дооматына аймактык реформа бир заматта эле боло калбай турганын, бир жылдан бери долбоору даярдалып жатканын айтып, жооп кайтарган.

49 жаштагы Сулайманов бул кызматка быйыл 24-февралда дайындалган.

Ал саясатка келгенге чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке барган. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясын, 2021-жылы “Альянс” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Соңку жылдары Сулайманов шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкарууну бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG