Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Финляндия орусиялык туристтер үчүн чек арасын жапты


Финляндия менен Орусиянын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Финляндия менен Орусиянын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндия 29-сентябрда түн жарымдан тартып туристтик шенген визаларын алган орус жарандары үчүн чек арасын жапты. Бул тууралуу Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто кабарлады.

Министр түшүндүргөндөй, визалык чектөө киргизүүгө Украинанын чыгышында өткөн жалган референдумдар жана “Түндүк агым” газ куурундагы жарылуулар себеп болду. Ал жумуш, окуу иштери менен бараткандар жана Евробиримдиктин аймагында туугандары барлар Финляндияга кире ала турганын, башпаанек алгысы келгендер арыз берсе болорун тактады.

Мындай чечимди өкмөт кабыл алды. Фин бийлигинин планын мурдараак Helsingin Sanomat басылмасы өз булактарына таянуу менен жазып чыккан эле.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды.

Буга байланыштуу орусиялык жарандар кургактагы чек ара бекеттери аркылуу Казакстанга, Беларуска, Грузияга, Азербайжанга, Монголияга, Финляндияга, учак аркылуу Кыргызстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркияга жана башка өлкөлөргө чыгып кетип жатышкан. Орус бийлиги чек арадагы бекеттердин жанына мобилдик аскердик комиссариаттарды коюп, чыгып бараткандарга чакыруу кагаздарын берип жатат.

"Новая газета. Европа" басылмасы мурдараак Орусиянын администрациясындагы булактарына таянуу менен мобилизация жарыялангандан кийин 261 миң эркек чет өлгө чыгып кеткенин жазды. Аз күн мурда Казакстандын өзүнө эле Орусиядан 100 миңдей жаран келгени расмий кабарланган.

Туристтик шенген визаларын алган Орусиянын жарандарынын Латвияга, Литвага, Эстонияга жана Польшага кирүүсүнө 19-сентябрдан тартып тыюу салынган. Орусия менен чектешкен Финляндия анда бул чарага кошулган эмес. Фин бийлиги Орусиядагы мобилизациядан кийин чечимин кайрадан карап чыкканын маалымдады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG