Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

ДКО: Кыргызстан көкпардан Түркияны утту


Кыргызстан менен Түркиянын көкпар (жер улак) боюнча курама командалары IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында. Изник, 29-октябрь, 2022-ж.
Кыргызстан менен Түркиянын көкпар (жер улак) боюнча курама командалары IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында. Изник, 29-октябрь, 2022-ж.

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча таймаштарда Кыргызстандын командасы түркиялык атаандаштарын 9:3 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда спорттун бул түрүнөн алты команда ат салышууда.

Кыргызстан менен Түркиянын оюнчуларынан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Венгриянын улакчылары катышат. Кыргызстан ойногон А тобуна Түркия менен Монголия курамалары бөлүнгөн.

Бүгүн, 29-сентябрда B тобунда Казакстандын командасы өзбекстандык атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңип алды. IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкпар (жер улак) жана көкбөрүдөн өз-өзүнчө таймаштар болот. Командалар эртең эс алып, оюндар 1-2-октябрь күндөрү уланат.

Мелдешке Кыргызстандын улакчылары оюнга үйрөтүлгөн аргымактарсыз кетип, Түркиядан ижарага алып ойноп жатышат.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат. Ага 102 өлкөдөн барган үч миңдей спортчу катышууда. Мелдештердин расмий ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до башталат. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин келери күтүлүүдө.

Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Спортчулар ат оюндарында көкбөрү жана көкпар, күрөш боюнча - ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт. (ECh/ElB)

Көчмөндөр оюну: Кыргызстан көкпардан Түркияны утту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG