Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Көчмөндөр оюндары: көкбөрүчүлөр аргымактарын алып бара албай калды


Түркияда өтчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандан 200гө жакын адам жөнөп кетти. Көкбөрүчүлөрдүн аргымактары жок эле өздөрү баратканы коомчулукта кызуу талкууланып, бул боюнча Жогорку Кеңеште да сөз болду.

Оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт. Салтанаттын ачылышы Кыргызстандын убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Оюндарга жалпысынан 102 мамлекеттен 3000дин тегерегиндеги спортчулар жана өкүлдөр катышат. Ачылыш жана жабылыш салтанатындагы маданий программаларга 1300дөй адам тартылган.

Мелдешке катышкан спортчулар көкбөрү, көкпар, алыш күрөшү, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештери боюнча күч сынашат.

Кыргыздын улуттук оюндарынын катарын толуктаган тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Кыргыз көкбөрүчүлөрү өздөрү кетишти

Кыргызстандын көк бөрү командасы көчмөндөр оюндарына өзүнүн атайын үйрөтүлгөн аттарын алып бара албай, 24 атты Түркиядан жалдап алмай болушту. Социалдык тармактык колдонуучулары арасында бул кызуу талкуу жаратууда. Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында да бул маселе көтөрүлдү.

"Улак ата-бабаларыбыз калтырган чоң белеги, биздин сыймыгыбыз. Бирок ошол оюн үчүн керек болгон аттарыбыз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Түркияга барбай калыптыр. Эми элестеткиле, көк бөрүдө негизги 70-80% ролду ат ойнойт. Казак туугандарыбыз аргымактарын алып барыптыр. Казак менен кыргыздын оюнун дүйнө жүзү көрөт. Бирок азыр ал жакта Түркиядан аттар берилет деп жатыптыр, алар оюн бере албайт. Оюнчулар азыр жүк ташыган учак таап берсе, аттарды салып кеткенге атайын тосмолорубуз бар дейт. Ушул жагын чечип берсеңиздер", - деди депутат Мейкинбек Абдалиев.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бул боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтышынча, министрлик авиакомпаниялар менен сүйлөшүп, аягында "Муалем Авиэйшн" компаниясы бардык шарттарга туура келген.

Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

"Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча, аттар 27-сентябрда учак менен жеткирилип, кайра Кыргызстанга 3-октябрда алып келинмек. Бирок, Түркия тарап көкбөрү оюну Көчмөндөр оюндарында расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч бергендиктен, аттарды кайра Кыргызстанга алып келүүдө авиакомпаниянын учуу мөөнөтүн системада башка тараптар ээлеп алгандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле, кайра аттарды Кыргызстанга алып келүү мөөнөтү эки жумадан узак убакытка чейин созулуп калган. Мындай узак мөөнөткө аттарды Түркияда кармоо шарты Кыргызстан үчүн туура келбегендиктен, оюнга катышуу үчүн аттарды Түркиядан ижарага алуу чечими чыккан. Ушундай эле көрүнүшкө Казакстандын да командасы туш болду. Маалыматка ылайык, аталган авиакомпания Кыргызстандын 24 жана Казакстандын 15 атын алып кетмек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан да Казакстан да аттарды ижарага алышты. Оюнчулар көчмөндөр оюндарына катышууга толук даяр”.

Министр Жаманкулов көкбөрүнү расмий түрдө оюндардын тизмесине кирүүсү көп убакытты алды деп түшүндүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкармалыгы төмөнкүдөй кат жолдогон:

“Көкбөрү боюнча сиздер жиберген тизмелер бекитилди. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкбөрү оюну Кыргыз Республикасынын "Көк бөрү" федерациясы тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык өтөт. Көкбөрү оюнун Орусия (Алтай), Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын командалары гана ойнойт. Буга чейин көкпардын катышуучусу катары катталган казакстандык спортчунун атын өзгөртүүнү эскертебиз. Тай казанды уюштурууга жана көкбөрү оюнунун байге фондуна жооптуу болосуздар".

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкармалыгы жөнөткөн кат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкармалыгы жөнөткөн кат.

Кыргызстандын “Көк бөрү” федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев Кыргызстанда өткөн көчмөндөр оюндарында сап башында катталып келген оюндар Түркияда өтүүчү турнирдин акыркы күндөрүндө гана тизмеге катталганына капа. Ал мындай себептер мамлекеттик мекемелерге маалым экенин, көкбөрүчүлөр өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарышканын айтууда.

Рамис Жунусалиев.
Рамис Жунусалиев.

“Балдардын даярдыгы жакшы. Машыгууларды жакшы өткөрдүк, аттарды да мыктылап даярдадык. Федерация өзүбүзгө жүктөлгөн тапшырмаларды аткардык. Бирок тилекке каршы өз аттарыбызды Түркияга алып келе алган жокпуз. Кандай себептери бар экенин мамлекеттик мекемелер билет экен, бизге белгисиз. Албетте биз өзүбүздүн аттарыбызга көнгөнбүз. Оюндун ортого түшө турган, чабуулга чыга турган, коргоно турган өзүнчө аттары бар эле”.

Жунусалиев Түркияга 28-сентябрда гана келишкенин, бул жактагы ижарага алынган аттарды али көрө электигин кошумчалады:

“Бул жактан бизге кандай атттарды беришет, ал аттар тай казанга жакындап барабы, барбайбы - бул дагы чоң суроо. Биз колубуздан келген оюнду көрсөтөбүз. Учак маселеси чечилгенде ойдогудай оюн болмок. Өткөндө бизге Маданият министрлиги 27-сентябрда Кыргызстандын эки командасынын аттары учуп келет деп кепилдик берип жаткан. Себеби белгисиз болуп калды. Эми башка айлабыз жок, колдон келишинче бул жактагы аттар менен жакшы оюн көрсөтүүгө далалат кылабыз”.

Бул ирет оюндарда көк бөрү дагы, көкпар дагы ойнолот жана өзүнчө эки курама команда түзүлөт.

Көкбөрү курама командасынын жетекчиси Аскат Искендеров, машыктыруучусу Нурлан Мамбетов жана физикалык машыктыруучу болуп Урмат Мусаев дайындалды. Көкпар боюнча курама команданын жетекчиси Мыктыбек Туташов, машыктыруучу Тилек Урманбетов жана физикалык машыктыруучу болуп Максат Кыйдыбаев дайындалган.

Кыргызстандын көкбөрү оюну боюнча улуттук курама командасы.
Кыргызстандын көкбөрү оюну боюнча улуттук курама командасы.

Социалдык тармактарда Көчмөндөр оюндарын Кыргызстан негиздесе да, Түркиядагы иш-чарада кыргыз күрөшү, тогуз коргоол баштаган кыргыздын улуттук оюндары көрсөтмө оюн гана катары катышарын, салбуурун оюндары такыр эле кошулбаганын сындап жатышат.

Анын маданий программаларында Түркиянын маданияты, баалуулуктары, салттык өнөрлөрү негизги лейтмотив болот. Оюндардын бул бөлүгүн өткөрүүгө эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев да көмөктөшүүдө.

Султан Раев.
Султан Раев.

"IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтүп жаткандыктан Кыргызстанда үч ирет өткөн оюндарынан айырмасы, албетте, бул жерде маданий программаларда Түркиянын маданияты, баалуулуктары, салттык өнөрлөрү негизги лейтмотив болуп эсептелет. Ошону менен бирге эле жалпы түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде кыргыз элинин маданиятын да көрсөтүүгө өзгөчө орун берилген. Анткени Кыргызстан бул оюндун руханий ордосу болуп эсептелет. Ошондуктан кыргыз маданиятына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгы да жакшы жөрөлгө. Дагы бир өзгөчөлүк Изниктеги оюндар биздегидей Чолпон-Ата, Кырчындагыдай эки жерде өтпөй, спорттук оюндар дагы, маданий программалар дагы бир эле жерде болот. Бул оюндарды жалпы түрк дүйнөсү чагылдырып, дүйнө жүзүнө жайылтылат”.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдеш.

Мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы алгачкы ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн. Мелдешке Азия, Европа, Түштүк Америка, Америка өлкөлөрү да катышкан. Көчмөндөр оюндары 2016-2018-жылдары да жогорку деңгээлде белгиленген. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Ушундан кийин оюнду өткөрүү эстафетасы Түркияга өткөрүлүп, 2020-жылдан бери пандемиялык шартка байланыштуу убактысы жылдырылып келген.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG