Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:34

Жыл башынан бери 2,2 миллиард сом мүлк салыгы чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматы жыл башынан бери өлкөдө мүлккө салынган салыктан 2,2 миллиард сом топтолгонун билдирди. Анын ичинде транспорт каражатына салынган салык 678,4 миллион сомду түздү жана бул көрсөткүч былтыр ушул маалга караганда 110 миллиондой сомго көп.

"Турак жайга (үй, батир) салыктын суммасы 97,3 млн. сомду (13,8 млн. сомго көп), турак эмес жайдыкы 692,9 млн. (126,7 млн. сомго көп) сомду түздү. Үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык боюнча түшүүлөр 186,2 млн. сомду түздү, бул өткөн жылкы көрсөткүчтөн 24,1 млн. сомго арбын. Мындан сырткары, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салыктан 552,8 млн. сом түштү. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине караганда 30,4 млн. сомго көп",-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Кыргызстанда 1-сентябда транспорт каражатына, турак жай мүлкүнө жана үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.

Ушул айдын башында Салык кызматы жыл башынан берки сегиз айда чогулган салык 100 миллиарддай сом болгонун жана берилген план дээрлик 1,5 миллиард сомго ашык аткарылганын билдирген.

Кыргызстанда жалпысынан 700 миң салык төлөөчү болсо, жыйналган салыктын 80 пайызын үч миң салык төлөөчү төгөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG