Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Баткен: Талкаланган 640 үйдүн 430у жараксыз абалда


Баткен. Кулунду айылы.
Баткен. Кулунду айылы.

Баткенде чек арадагы соңку окуянын кесепетинен талкаланып же күйгөн үйлөрдүн жалпы саны 640 экенин өкмөттүн басма сөз кызматы 29-сентябрда билдирди. Ал үйлөрдүн 430у жараксыз абалда, 210ун оңдоп-түзөө зарыл.

Мындан тышкары, 11 административдик-стратегиялык объект, 18 социалдык объект (сегиз мектеп, жети бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт), 336 кошумча курулган жай, 197 чарбалык объект, бир автомобилдик көпүрө, 55 автомашина талкаланып, бузулган.

Ушу тапта калыбына келтирүү иштери жүрүүдө, аларга куткаруучулар, ыктыярчылар жана атайын техника тартылган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да Бишкекке ушундай эле айыпты койду. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG