Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Кыйноого каршы борбор өкүлдөрү камактагы министр Бейшеналиев менен жолугуп чыгышты


Алмазбек Бейшеналиев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Бейшеналиев. Архивдик сүрөт.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери 29-сентябрда Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отургандар, анын ичинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугуп чыгышты. Борбордун маалыматына караганда, алардан кыйноо же ырайымсыз мамиле тууралуу арыз-даттануу түшкөн жок.

Бейшеналиев астмасы бар болгондуктан тийиштүү дарыларын алып кирүүгө уруксат беришкенин билдирди.

Жалпысынан аталган камак жайында 29 адам отурганы, алардын төртөө аялдар экени маалымдалды.

Бейшеналиев 28-сентябрда кармалып, 48 саатка камакка алынган. Анын бөгөт чарасы сотто бүгүн каралат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын айтууда.

Бейшеналиевдин өзүнөн же жактоочуларынан азырынча расмий комментарий боло элек.

Тарапкерлери анын кармалышын чагым деп атап жатышат. Министрликтин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, ишти калыс иликтөөнү камсыздап берүүнү суранышты. Алар Бейшеналиевди реформачыл жетекчи катары мүнөздөп, билим берүү системасын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү жаатында ишенимдүү аракеттерди баштаганын белгилешти.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы Бейшеналиев кармалганынан кабардар экенин, бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын 29-сентябрда билдирген.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG