Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

Тергөөдө "кусуп", соттон акталгандар


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда тергөөдө зыяндын ордун толтуруп же мамлекетке берген материалдык жардамы үчүн үй камагына чыккан айыпкерлер соттон акталган учурлар катталууда.

Юристтер соттун актоо өкүмү чыккан учурда кылмыш иштин негизинде айыпкер мамлекетке мурда төлөнгөн акчасын кайтарып алуу укугуна ээ экенин белгилейт. Тергөө органдары болсо коррупция менен жоопко тартылгандар соттон акталып, алардын зыянды өндүрүү мээнети текке кетип жатканын айтууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин кылмыш ишин карап, 24-майда актаган өкүм чыгарганы кабарланды.

УКМК аны 2020-жылы кармап, 5-октябрдагы парламенттик шайлоо маалында “Дастан” мамлекеттик ишканасынын ошол кездеги жетекчисин "кызматтан алдырам" деп коркутуп, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 млн. сом талап кылган деп айып таккан.

“Дастандын” жетекчиси бийлик алмашкандан кийин 2020-жылы ноябрда опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Дыйканбаевдин үстүнөн УКМКга арыз жазган.

Сот өкүмүндө учурда санариптик өнүгүү министри, "Дастандын" мурдагы жетекчиси Талантбек Иманов баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартканы көрсөтүлгөн.

Анда ал Курманбек Дыйканбаевге акчаны пара катары эмес, карызга бергенин, аласа колуна тийгенден кийин доосу жок экенин айтып, арызын кайтарып алганы белгиленген.

Жабырлануучу соттогу көрсөтмөсүндө акчаны кайтаруу мөөнөтү создугуп кеткени үчүн гана арыз жазганын жүйө келтирген.

Дыйканбаев 2021-жылы тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик бюджетке 7 млн. сом төгүп берип, үй камагына чыкканы кабарланган.

"Тергөө менен кызматташкан эмесмин"

Курманбек Дыйканбаев анын акталуу укугу таанылганын айтып, азыр өкүмдүн күчүнө киришин күтүп жатканына кыскача токтолду:

"Кудай буюрса, сот өкүмүнүн күчүнө киргенин күтөбүз. Алланын жардамы менен ушунун бардыгы болуп жатат. Мен тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койгон эмесмин. Анын бардыгы жалган. Ага адатта тергөөчү, прокурор, адвокат жана мен кол коём. Андай кагаз жок.

"Азаттык": Актоо өкүмү күчүнө киргенден кийин тергөө маалында төлөгөн 7 млн. сомуңузду кайра кайтарып аласызбы?

"Иншалла, калыстык, адилеттик, акыйкаттык болсо... Соттун чечими болгон эмес. Бюджеттен бир тыйын алынган эмес. Бул эми мындайча айтканда, зулумдук да".

Курманбек Дыйканбаев Кыргызстанда камалып, бирок тергөөдө акчасын төлөп, үй камагына чыккан жалгыз чиновник эмес. Ага чейин же андан кийин да тергөө менен кызматташууга барган же мамлекетке материалдык жардам көрсөткөнү үчүн бошотулуп, кийин соттон акталгандар болду.

Алардын бири Түштүк-Батыш бажысынын кызматкери, экс-депутаттын иниси Манияз Келдибаев да миң доллар пара менен кармалып, кийин бюджетке 100 миң доллар төлөп берип, үй камагына чыккан.

Ош облустук соту аны пара алууга байланыштуу аталган ишке айыптуу деп таап, ага 220 миң сом айыппул салган өкүм чыгарганы белгилүү. Бирок Жогорку сот жакында анын ишин кайра карап, Ош шаардык сотунун Келдибаевди толук актаган өкүмүн күчүндө калтырды. Бул өкүмдө анын реабилитациялоо укугу таанылды.

Тергөөдөгү жаңы саамалык - "Кустуризация"

Адвокат Назгүл Сүйүнбаева анын коргоосундагы Манияз Келдибаевдин ишинде жабырлануучу тарап жок экенин айтып, тергөө маалында зыянды төлөө үчүн эмес, мамлекетке жардам катары акча төлөгөнүн айтты.

Бирок ал муну камактагы айласыз абалдагы адамды “кустуруу” чарасы катары баалады.

Назгүл Сүйүнбаева, адвокат
Назгүл Сүйүнбаева, адвокат

"Ачыгын айтканда, "кустуруу" жараяны адамды камап, оор беренелер менен жоопко тартуу менен коркутуп, " материалдык жардам берсең, анда жеңилдик болот" деп, ошондой келишимге келүүгө мажбурлап жатат. Абакта отурган абдан оор. Ал жактагы киши айласыздан бардыгына макул болуп, шартты кабыл алып, акчасын төлөп бергенге аргасыз. Бул чара өз ыктыяры менен эмес, айыпкер соттон акталып кеткенден кийин деле бул маселени көтөрбөйт. Анткени мамлекеттик машинага каршы күрөшүү абдан кыйын. Бул "тажрыйба" Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин башталган. Ошондо жоопко тартылып жаткандардын көбү ушундай бүтүмгө барып, мыйзамда жазылбаган эрежелер менен "эгерде мамлекетке материалдык жардам берүү максатында акчасын төлөп берсе, мамлекет дагы жеңилдикке барат" деген мааниде колдонулган усулдарды мисалга алсак болот. Ал айыпкерлерди камап, анан "материалдык жардам берди" деген негиз менен камакка алууга байланышпаган бөгөт чарасына өзгөртүп коёт".

Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинде мамлекетке материалдык жардам бергени үчүн айыпкерди үй камагына чыгаруу ченеми жок. Бирок мурдагы кодексте айыпкер зыяндын ордун төлөп берип, кылмышты ачууга көмөктөшүп, тергөө менен кызматташканы үчүн ага жеңилдик берүү чарасы көрсөтүлгөн.

Мындай жагдайда сот ишти жалпы териштирүү тартибинде карабай, жоопко тартылып жаткан адамдын тергөө менен кызматташкан аракеттерине жана зыяндын ордун төлөгөнүнө гана баа берип, жеңил жаза чарасын чегерет. Кылмыш ишинин мындай фигуранттарына актоо өкүмү каралбайт. Анткени алар тергөөдө ишти жарым-жартылай же толук моюнуна алып, тергөө менен кызматташканы ишке катышы бар экенин айгинелей турганын кылмыш укугу боюнча адистер чечмелеген.

"Тергөөдө төлөгөндөр соттон акталып, акчасын кайтара алат"

Юрист Бактыбек Жумашев азыр эми соттон акталып чыккандар камакта отурган кезде төлөгөн акчасын, андан башка моралдык же материалдык зыянын мамлекеттен өндүрүп алууга укугу бар экенин айтты:

Бактыбек Жумашев, юрист-адвокат.
Бактыбек Жумашев, юрист-адвокат.

"Айыпкер тергөө менен кызматташуудан баш тартып, "иш сотто жалпы тартип менен толук каралсын" десе, анда сот макулдашууну карабай, ишти түз кароого өтөт. Анан сот жагдайларды карап, чечим чыгарат. Айыпкер коюлган айыптоо боюнча соттон акталып калса, анда ал адамдын жазык ишинин алкагында тергөө маалында төлөгөн акчасын кайтарып алууга акысы бар. Актоо укугу таанылса, анда ал жаран кызматын кайра калыбына келтире алат. Тергөө маалында кетирген моралдык жана материалдык зыянын өндүрүп алса болот."

Бирок адистердин айтымында, тергөөдө зыяндын ордун төлөгөн же мамлекеттик казынага материалдык жардам берип, анын негизинде үй камагына чыккандар кийин соттон акталып кетсе, алардын төлөгөн акчасын кайра кайтаруу жол-жобосу мыйзамдарда жөнгө салынган эмес.

Сот тергөөнүн ишин текке кетиреби?

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Күмүшбек Шабданов бир топ фигуранттар соттон акталып кетип жатканын айтып, тергөөдө өндүрүлгөн акчаны кайтаруу же мамлекетте калтыруу маселесин сот чечиши керек дейт.

"Биздин тергөөчүлөр иштерди толук карап чыгып, тергеп бүтүп, фактыларды далилдеп, айыбын моюнуна коюп, анан иштин материалдарын соттук кароого өткөрүп берет. Анан соттор тергөөдө аныкталган айыптоону ырастап, келтирилген зыянды төлөтөбү же актап чыгарып жибереби, алардын иши. УКМК бардыгын далилдеп анан сотко өткөрөт. Бирок соттун чечимине даттанып, кийлигише албайт. Сот гана мындай иштерге чекит коюп, акыркы баасын берүүгө укуктуу. Бул жерде айыпкердин күнөөсү далилденбесе, анда тергөө маалында келтирилген зыянды ордуна койгон акчасы кайра ага кайтарылабы же жокпу, аны сот чечет. Анан эле "кармап эле кайра коё берип жатасыңар" деген сөздөр ушунун айынан чыгып жатат. Бул жерде ким жаман? УКМК жаман болуп калууда. Биздин УКМК канчалаган кылмыштын бетин ачып, канча деген кишини кармады. Бирок ал болгону тергейт, сот эмес. Мамлекетке зыянды кайрып алып келип, пайда келтиребиз деп жатып эле сотко барып, такалып калууда. Чынын айтканда, кээ бир учурларда биздин кызматкерлердин мээнети талаага кетип жатат".

Буга чейин парламентте коррупция же пара талап кылуу боюнча чуулгандуу иштерге айыпталып, кармалган аткаминерлер тергөө маалында ачык жана жең ичинен акчасын төлөп коюп, бошонуп чыгып кетип жатат деген сын пикирлер болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG