Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Иманов-Ширшов тандеминин төркүнү кайда?


Министрдин артындагы Ширшовдун карааны
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:24 0:00

Министрдин артындагы Ширшовдун карааны

Кыргыз өкмөтү “Кыргыз телеком”, “Альфа Телеком”, “Дастан” заводу жана “Евразия сактык банкы” сыяктуу мамлекеттик ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрдү.

Кирешелүү ишканалардын саясий чөйрөдө “Ширшовдун көздөй адамы” аталган, анын мурдагы айдоочусу Талантбек Имановдун башкаруусуна берилгени бир топ күмөндүү суроолорду жаратууда. 24-майда Жогорку Кеңеште бул окуяларды иликтеген депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Депутаттар Имановдун өзүн парламентке чакырып жатышат. "Азаттык" Иманов-Ширшов тандемин бир катар документтер менен далилдей алды.

Биздин колго тийген документтер бозгундагы Максим Бакиевдин өнөктөшү, энергетика тармагында чуулгандуу иштерге айыпталган Алексей Ширшов менен министр Талантбек Имановдун байланышын, алардын буга чейин “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканын ачып көрсөтөт.

Ширшовдун Имановго катталган үйү

Адегенде Алексей Ширшовдун атасына таандык үйдүн Талантбек Имановго, андан кийин “Евразия сактык банкына” өтүп, бирок анда дагы эле Ширшовдун туугандары жашап жатканын айтып берели.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев менен Алексей Ширшовдун чыры дагы дал ушул банктан алынган 64 миллион сомдон чыккан.

Бул Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 3-майдагы токтому. Анда 2005-жылы “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жетекчилиги “Ситихолдинг” компаниясы менен келишим түзгөнү, автотрансформатор сатып алууда бюджет 925 миң доллар чыгым тартканы жазылат. Тергөө тобу бул ишке Алексей Ширшовду айыптап, ал жашап турган Бишкектин Матросов көчөсүндөгү үйдү камакка алат.

Башкы прокуратуранын Алексей Ширшов жашап турган үйдү камакка алуу боюнча токтому.
Башкы прокуратуранын Алексей Ширшов жашап турган үйдү камакка алуу боюнча токтому.

Аталган турак жай Алексей Ширшовдун атасы Юрий Ширшовго катталган. Ал 2016-жылы Латвиянын Рига шаарынан Талант Иманов менен Елена Дзимидович аттуу аялга ишеним кат жазып берген. Ага ылайык, Иманов менен Дзимидович Юрий Ширшовдун камакка алынган Бишкектеги турак-жайына жана “Манас Банктагы” 500 миң долларына байланыштуу соттук иштерге катышуу, аларды колдонуу, сатуу, жана башка бирөөгө өткөрүп берүү укугуна ээ болгон.

Юрий Ширшовдун Талантбек Иманов менен Елена Дзимидовичке берген ишеним катынын биринчи барагы.
Юрий Ширшовдун Талантбек Иманов менен Елена Дзимидовичке берген ишеним катынын биринчи барагы.

2016-жылы Октябрь райондук сотунун чечими менен Матросов-17 дарегиндеги Ширшовдордун үйү камактан чыгарылат. Ошол эле жылы бул турак жай ишеним каттын негизинде Талантбек Имановдун жеке менчигине өткөн. Башкача айтканда, Юрий Ширшовдон ишеним кат алган эки жаран Дзимидович менен Иманов анын үйүн бири-бирине сатты кылып каттатышкан.

Алексей Ширшов жашап турган, кийин Талантбек Имановго өткөн үй.
Алексей Ширшов жашап турган, кийин Талантбек Имановго өткөн үй.

Документте акча Латвияга Юрий Ширшовдун өзүнө же анын келини, Алексей Ширшовдун жубайы Ирина Ширшовага которулары жазылган. Келишимде Ширшовдун атасынын үйү 30 млн. 560 миң сомго бааланган. Бирок Имановго үйдү сатты делген Елена Дзимидович ортодо акча берүү-алуу болбогонун айтып жатат.


“2015-жылы Нариман Түлеев менен Алексей Ширшов "Евразиялык сактык банкынан" 64 млн. сом насыя алып, акчаны экиге бөлүшкөн. Түлеев насыяны өз убагында төлөй баштаса, Ширшов өз милдеттенмесин аткарган эмес. Ошондо Талант Имановго 32 млн. сом табыш керек болуп, Ширшовдун Матросов көчөсүндөгү үйүн өзүнө каттатып, андан кийин банкка өткөрүп берген. Үй сарай 38 млн. сомго бааланган. Мунун баары Алексей Ширшовдун банктагы карызын жабуу үчүн жасалган"

Елена Дзимидовичтин таржымалына, ал эмне себептен Алексей Ширшовдордун схемасын ачыктап жатканын алдыда айтып беребиз. Азырынча оюнузду чачыратпай, Бишкектин экс-мэри Түлеев менен Имановдун 64 млн. сом насыясына байланыштуу окуяны чечмелейли.

Түлеевдин карызын төлөгөн Талантбек Иманов

2017-жылы 19-майда “Евразиялык сактык банкы”, Талант Иманов жана экс-мэрдин кызы Назгүл Түлеева үч тараптуу келишим түзөт. Ага ылайык, Иманов Түлеева алган 64 млн. сом насыянын калган бөлүгү 30 млн. 513 миң сомду төлөп бере турган болгон. Кийин Улуттук банк бул жерде мыйзам бузулганын аныктап “Евразиялык сактык банкынын” кызматкерине айып салынган.

"Евразиялык сактык банкы", Талантбек Иманов жана Назгүл Түлееванын карызды которуу боюнча келишими.
"Евразиялык сактык банкы", Талантбек Иманов жана Назгүл Түлееванын карызды которуу боюнча келишими.

"Евразиялык сактык банкынан" алынган 64 млн. сом насыя боюнча Нариман Түлеев мындай түшүндүрмө берди:

“Мен ал учурда түрмөдө болчумун. Айла кеткенде ушул банкка кайрылганбыз. Бирок алар “берели, бирок жарымын биз алалы” деген талап койгон. Кийин алар аксаңдап төлөбөй баштаганда башка банкка кетеримди айткам. Түрмөдөн чыккандан кийин башка банктар акча бере баштады".

Биз Түлеевге "Талант Иманов насыя алганга жардам бергенби?" деп тактоочу суроо узаттык. Ага Түлеевдин жообу мындай болду:

"Ооба, убагында ошолорго караган банк болчу да. Имановдордун директорлор кеңешинде таасири бар болчу”.

Нариман Түлеевдин бул айткандары Имановдун ЕСБ банкындагы таасирин кыйыр түрдө далилдеп турат.

Бул жерде көңүл бура турган кызыктуу дагы бир жагдай бар. Бишкектин Матросов көчөсүндөгү хан сарайга Ширшовдор такай келип-кетип турат. Алардын кошуналары бир ооздон Алексей Ширшовдун карындашын көрүп каларын айтып беришти.

Маңдайындагы мейманканада иштеген кыз "бир тууган карындашы келип турат" десе, бир үй өйдө жашаган кошунасы эки ай мурун Ширшовдун туугандарын көргөнүн айтып берди.

Кадастр кызматынан сайтындагы Матросов 17 дарегиндеги үйгө байланыштуу маалымат.
Кадастр кызматынан сайтындагы Матросов 17 дарегиндеги үйгө байланыштуу маалымат.

2017-жылы 38 млн. сомго бааланып “Евразиялык сактык банкына” өтүп кеткен үйгө Ширшовдор келип-кетип турганы менен анын азыр кимге катталганы жашыруун. Кадастр кызматынын сайтына киргенибизде үйдүн регистрациялык номери жок болуп чыкты. Тиешелүү органдар териштирүү баштаса, анда бул үйгө байланыштуу суроолуу жагдайлар аныкталат.

Мамлекеттик мекемелердеги байланыштар

  • Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 2-июнундагы токтомунда 2005-2010-жылдар аралыгында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев баштаган топ Кыргызстандан 300 млн. доллар чыгарып кеткени, акчаны адалдоо “Азия Универсал”, “Манас”, “Ысык-Көл” жана “Кыргызкредит” банктары аркылуу ишке ашканы жазылган. 2010-жылдан кийин “Кыргызкредит” банкынын Бакиевдерге жакын компанияларга таандык акциялары мамлекетке өтө баштаган. Банк 2016-жылы “Евразиялык сактык банкы” деп атын өзгөрткөн.


Эми темага байланыштуу “Евразиялык сактык банкындагы” Талантбек Иманов менен Алексей Ширшовдун байланыштарына токтололу. Ал үчүн Ширшов менен 2016-жылдан бери чогуу иштешкен, алардын таржымалын жакшы билген Елена Дзимидович менен таанышуу зарыл.

Ал Ширшов жана анын командасына төмөндөгүдөй аныктама берүүдө:

“Ширшов жана анын командасы ар дайым 01 менен иштешет. Ысымдар алмаша берет, бирок 01 дайыма калат. Азыр буга расмий күбө болуудабыз. Талантбек Иманов Ширшов менен 24 саат байланышта. Маанилүү иш болгондо Ширшов өзү чалчу".

Елена Дзимидович соңку жылдары “Евразиялык сактык банкындагы” акцияларга, Ширшовдун камакка алынган үй-мүлкүнө байланыштуу соттук иштерге катышып, мамлекеттен кайтарып алуу аракетинде жүргөн. Муну бир катар расмий документтер далилдейт. Ал 2017-жылы НТС телеканалынын мүлкүнө бөгөт коюну көздөгөн Grexton capital LTD компаниясынын өкүлү да болгон. Кийин алардын ортосун кара мышык аралап, буга каржылык талаш себеп болгон. Азыркы тапта Дзимидович Ширшовдун шектүү иштерин ачыктаганга даяр.



“Евразиялык сактык банкына” байланыштуу документтерди карап жатып эки фамилияга көңүлүбүз түштү. Алар Оксана Калинина менен Назгүл Машырова. Оксана айым Талантбек Имановдун жардамчысы болсо, Назгүл жубайы. Экөө тең банктын башкаруусуна аралашкан.

"Евразиялык сактык банктык" акционерлери. 2016-жылдагы маалымат.
"Евразиялык сактык банктык" акционерлери. 2016-жылдагы маалымат.

2016-жылы “Евразиялык сактык банкынын” сайтына жарыяланган отчетто Калинина Оксана Владимировна деген ат кездешет. Ал банктын 9,9% акциясынын ээси катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары документтер боюнча Калинина Орусиянын жараны болуп эсептелет.

Иманов январь айында министр болуп жаңы дайындалганда “Азаттык” макала жазып, ага Оксана Калинина деген айым комментарий берген. Ал өзүн Талантбек Имановдун жардамчысы деп тааныштырып, министрдин аброюн коргогон.

Талантбек Орускуловичтин жогорку юридикалык билими бар. Ал мыкты жетекчи. Системаны тезинен тартипке сала алат. Ал киши өтө демилгелүү, креативдүү, санариптик трансформация стратегиясы жөнүндө өз пикири бар. Ушул нерсе маанилүү. IT тармагында диплому бар, гениалдуу программисттер болушу мүмкүн, бирок жетекчилик сапаты жок кишилер бар да. Талантбек Иманов болсо "Дастан" заводун жетектеп турганда өзүн жакшы жагынан көрсөткөн", - деген Оксана Калинина.

Оксана Калинина азыркы учурда Талантбек Имановдун коомдук башталыштагы кеңешчиси. Ал министрдин иш бөлмөсүнүн бет маңдайында отурарына күбө болдук. “Азаттыктын” ишенимдүү булактары ырастагандай, Калинина 2020-жылдагы парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон Имановдун политтехнологу болгон.

2016-жылдан тарта Оксана Калинина баштаган бир нече акционердин “Евразиялык сактык банктагы” үлүшү соттун чечими менен мамлекеттин эсебине каттала баштаган. Бакиевдерге байланыштуу банктын айланасындагы соттук иштер 2021-жылы гана аяктады. Азыр андагы мамлекеттин үлүшү 75 пайыздан ашты.

“Евразиялык сактык банкынын” акцияларын мамлекет менен жеке тараптар талашып жаткан учурда банктын реестр кармоочусу “Реестр сервис” деген компания болгон. Реестр кармоочу - бул баалуу кагаздардын ээлерин каттоо боюнча иш алып баруучу. Алардын мөөрү басылбаган акционердик коомдун документтери жараксыз болуп эсептелет.

"Реестр Сервис" компаниясы Имановдун аялы Назгүл Машыровага таандык.
"Реестр Сервис" компаниясы Имановдун аялы Назгүл Машыровага таандык.


Юстиция министрлигин сайтындагы маалыматта “Реестр сервистин” жетекчиси катары Назгүл Машырова көрсөтүлгөн. Компания 2016-жылы кайра каттоодон өткөн. Банкты башкарууга катышкан “Реестр Сервистин” ээси Назгүл Машырова Талантбек Имановдун жубайы экенин жогоруда айтып өттүк.

“Азаттыктын” ишенимдүү булактары Имановдун үй-бүлөлүк сүрөттөрүнөн Назгүл Машырованы тааныды. Демек Имановдун аялы ээлик кылган компания “Евразиялык сактык банкынын” реестр кармоочусу болгон.

Талантбек Иманов жубайы Назгүл Машырова менен. Сүрөт Имановдун Инстаграм баракчасынан алынды.
Талантбек Иманов жубайы Назгүл Машырова менен. Сүрөт Имановдун Инстаграм баракчасынан алынды.

“Реестр Сервис” жакында эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөн “Кыргыз телеком” ишканасы менен дагы иштешкен. Алардын Kt.kg деген расмий сайтында ишкананын реестр кармоочусу “Реестр Сервис” экени жазылып турат. Аталган компаниянын канча жылдан бери “Кыргызтелеком” менен иштешип жатканын биле алган жокпуз. Мекеме бир аптадан бери маалымат бербей жатат.

Юстиция министрлигинин сайтында “Евразиялык сактык банкы” жана “Кыргызтелеком” менен байланыштуу Талантбек Имановдун аялынын “Реестр Сервис” компаниясы 2022-жылы 15-апрелде ишмердүүлүгүн токтоткону жазылып турат.

  • Алексей Ширшов менен Талантбек Имановдун жолу 2010-жылга чейин “Дастан” заводунан кесилишкен. Ошол учурдагы “Дастандын” директору Ширшов Имановду айдоочу, жансакчы кылып кызматка алган. Бакиевдер бийликтен кулаганда Ширшов өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон тарта Имановдун иши илгерилей баштайт. Ал 2011-жылдан баштап "Улан" ишканасынын директорунун орун басары, директорлугун аркалаган. Бул ишкана "Дастан" заводунун курамына кирет. "Уланды" башкаруу менен бирге Иманов "Дастан" заводунун өнүктүрүү боюнча директору катары да иштеген. 2020-жылы март айында Талантбек Иманов дал ушул стратегиялык ишкананын башкы директорлугуна дайындалган. Ал быйыл жыл башында Санарип өнүктүрүү министрлигин жетектеп калган.

Азыркы тапта "Дастан" заводун Эрик Апышев башкарып жатат. Ал дагы Иманов үчүн бөтөн адам эмес.

Талантбек Иманов менен "Дастандын" директору Эрик Апышев "Волонтеры страны" коомдук бирикмесин негиздеген.
Талантбек Иманов менен "Дастандын" директору Эрик Апышев "Волонтеры страны" коомдук бирикмесин негиздеген.


Кезинде Апышев министр Иманов менен бирге «Волонтеры страны» деген коомдук бирикме түзгөн. Бул «Дастан» заводунун азыркы жана мурдагы директорлору бири-бирине чоочун эмес экенин ырастап турат. Елена Дзимидович Ширшовдун жана анын командасынын “Дастандагы” таасири ар дайым болгонун айтып берүүдө.

“Дастан” боюнча соз болсо, демек ал жерде Ширшов жана Иманов болот. Башкача болушу мүмкүн эмес. Мен жакында алардын чогуу бир машинеде жүргөнү тартылган видео көрдүм. Мен үчүн таң калычтуу болгон жок. Алар “Дастанда” чогулушуптур. Ал жерде Эрик Апышев бар. Мен аны 2017-жылдан бери тааныйм. Алар көп жылдан бери чогуу жүрүшөт. Апышев мурда УКМКда иштечү".

Мурда Ширшов, азыр Иманов жашаган үй

Бишкектин тоо тарабындагы байлар жашаган райондогу бул хан сарайда 2010-жылга чейин Ширшовдор жашаган. Алар Бакиевдер качканда шашылып өлкөдөн чыгып кеткени менен үй кароосуз калган эмес.

Эки кабат, туш тарабынан бийик дубал менен курчалып, бассейн жана гаражы бар үйгө Ширшовдун көздөй адамы көчүп келген.

Биз Талантбек Иманов азыр дагы Ширшовдордун үйүндө жашап жатканын далилдей алдык. 17-майда бул үйгө барып, дарбазасын какканыбызда ичкериден Имановдун баласы менен кызы чыкты. Санарип министринин үй-бүлөсүнүн чогуу түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактардан бат эле табасыз. Тестиер баладан "бул Талант Имановдун үйүбү" деп сураганыбызда, ал "ооба" деп жооп берди.

Бул үйдө азыркы учурда Талантбек Иманов жашап жатат.
Бул үйдө азыркы учурда Талантбек Иманов жашап жатат.

Үйдүн короосунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү кара Геленваген турат. Буга чейин Kaktus.media басылмасы видео жарыялап, Алексей Ширшов менен министр Талантбек Иманов "Дастан" ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүнөн чыгып баратканы айтылат. Кактус тартып алган видеодогу жана Имановдун короосунда турган машиненин маркасы, өңү окшош. Министр Иманов “Азаттыкка” берген комментарийинде Ширшов менен жолугуп турарын ырастаган.

“Алексей Ширшов менен жолугуп эле жүрөм. Жашыра турган эч нерсе жок. Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү. Менин андай унаам жок. Унаама түшкөн эмес", - деди Иманов.

Биз жогоруда Ширшов менен Иманов өнөктөш экенин көрсөтүп, алардын мамлекеттик мекеме, ишканалардагы байланыштарын документ менен бекемдедик.

Бул фактылар боюнча Талант Имановдун жообун алуу максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигине 2-3 күн катары менен бардык. Башында Иманов интервьюга макул болуп, анын басма сөз кызматы бизди тосуп алып жатса, аягында министрликтин астанасын аттай албай койдук.

Мамлекеттик маанилүү иштерден бошой албай жатканын айткан министр интервьюга убакыт таба алган жок. Ал коомчулуктун бүйүрүн кызыткан Ширшовго байланыштуу суроолорго Фейсбуктан учкай жооп берди.

Талантбек Иманов.
Талантбек Иманов.

"Жогоруда аталган ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүүдөгү негизги максат - материалдык, техникалык базаны болушунча бекемдөө. Инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү менен туруктуу каржысы бар жогорку техникалык холдинг түзүү. Мисалы, "Дастандын" базасында ири дата борбор түзүү каралган. "Альфа Телеком" менен "Кыргыз телеком" өлкөнүн тарифтик саясатын оптимизациялайт. "Евразиялык сактык банктык" бардык бизнес процесстерин санариптештирүү мүмкүнчүлүгүн берет".

Саясий чөйрөдө бул стратегиялык ишканалардын Иманов башкарган министрликке өткөрүлүшү “Ширшовдун схемасы” иштей баштады деген сынды күчөттү.

Депутат Жанарбек Акаев мамлекеттик чек ара кызматына бир нече жолу кайрылып, Алексей Ширшов Кыргызстанга качан келгенине кызыккан. Бирок азырынча эл өкүлу жооп ала элек.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

“Ширшов деген коррупция дегендин синоними. Жыйынтыгында стратегиялык ишканалардын иши токтоп, бир топ жерлеринен ажырайт. Бюджетке түшчү акча башка жака кетип, аягында булар качып кетет. Эл калат. Ошон үчүн азыртан баштап жол бербеш керек. Жоопко тартуу зарыл. Бул окуянын кесепети азыр эле байкалды. Анткени качып жүргөн коррупционерлер ойлоно баштады. Коррупция менен күрөшкө элдин ишеними кетти".

Биз сүйлөшкөн ишенимдүү булактар Алексей Ширшов Кыргызстанга былтыр келгенин айтышты. Ал быйыл 10-майда кармалып, ошол эле күнү Бишкектин райсотунун чечими менен үй камагына чыккан. Ага удаа Жогорку сот Алексей Ширшовго буга чейин козголгон кылмыш иштери тууралуу түшүндүрмө берген. Үч жылга сыртынан кесилген Ширшов 10 миң сом төлөп соттуулугун жойдурган.


Ширшовдун 12-жыл бою дайынсыз жүрүп, атайын кызматтын кылтагына илингенден кийин үй камагына чыгып кеткени коомчулукту уу-дуу кылды. Талкуу күчөгөндө президент Садыр Жапаров дагы Фейсбуктан реакция жасады.



“Ширшов боюнча элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берип коеюн. Биздин бардык иштерибизде жашыра турган эч нерсе жок. Баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат. Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат дешти. “Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз”.

Бул билдирүүдөн кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын “Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголгон эмес” деген сөзүнө толуктоо киргизди. Ошол эле учурда президент Жапаров Алексей Ширшовду качан кабыл алганы айтылган жок.

“Азаттык” радиосу министр Имановго жана Ширшовго бул иликтөөдө көтөрүлгөн маселелер боюнча микрофон сунууга даяр экенин эскертебиз.

Биз Алексей Ширшов же санариптештирүү министри Талантбек Иманов “кайсы бир кылмышка барды” же “кайсы бир мыйзамды бузду” деп так кесе айткандан алыспыз. Аны тиешелүү мамлекеттик органдар аныктайт. Бирок биздин колго тийген документтер Бакиевдин тушунда көмүскө схемаларды түзгөнү үчүн айыпталган Ширшов Кыргызстандагы бизнесин, байлыгын мурдагы айдоочусу, азыркы санарип министри Иманов аркылуу көзөмөлдөп келгенин, алардын жакын кызматташтыгын ишарат кылат.

Талантбек Иманов өлкөдөгү стратегиялык ишканаларды башкарууга киришип жаткан маалда коомчулук бул иликтөөдөгү күмөндүү маселелерден кабардар болушу керек деп эсептейбиз.

Ошондой эле бул журналисттик иликтөөдө ачыкка чыккан күмөндүү жагдайлар боюнча бийликтен, мамлекеттик тиешелүү органдардан ынанымдуу жоопторду күтөбүз.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG