Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Ширшовдун акталган жана арасат сот иштери


Алексей Ширшов.
Алексей Ширшов.

Жогорку сот "Коррупция" беренеси менен шектүү катары кармалып, үй камагына чыккан "Дастан" трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун соттуулугу жок экенин билдирди. Бирок ага эки сот өкүмү чыкканын ырастады. Бир күн мурун президент Садыр Жапаров Ширшовго бир да кылмыш иши козголбогонун билдирген.

12-майда Жогорку сот тараткан маалыматта Алексей Ширшовго эки жолу соттун чечими чыкканы жазылган. Анда 2015-жылы төрт берене (30-171-166-306-беренелер) боюнча акталып, ал эми 221-берененин негизинде үч жылга жатак абагына кесилген. Бишкек шаардык сотунун 2015-жылдын 19-марттагы чечими менен райондук соттун айыптоо өкүмү өзгөртүлүп, он миң сом айып салынган. Айып пул 2015-жылы 25-августта төлөнгөн. Мындан улам бир жылдан кийин Алексей Ширшовдун соттуулугу жоюлуп кеткен.

Жогорку соттун 2021-жылы 26-июлдагы чечими менен шаардык соттун 2015-жылы 19-марттагы чечими күчүндө калтырылган.

Мекеменин басма сөз кызматы Алексей Ширшовго байланыштуу соттун экинчи чечими боюнча мындай маалымат таратты:

"Бишкектин Октябрь райондук соту 2018-жылы 9-октябрдагы өкүмү менен Алексей Ширшовду Кылмыш кодексинин 309-беренесинин негизинде беш эпизод боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Октябрь райондук сотунун чечими 2019-жылы 17-майда жана 18-ноябрда шаардык жана Жогорку сот тарабынан күчүндө калтырылган. Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган адам соттолгон деп эсептелбейт".

Анткен менен Жогорку сот бир 11-майда Kaktus Media агенттигине Алексей Ширшов 2015-жылы жатак абагына кесилгенин билдирген. Ошол эле учурда анын жазадан бошотулганы боюнча сөз болгон эмес.

Sot.kg сайтындагы Алексей Ширшов баштаган айыпталуучулардын иши.
Sot.kg сайтындагы Алексей Ширшов баштаган айыпталуучулардын иши.

Алексей Ширшовдун арасат абалдагы, тыянагы белгисиз дагы эки иши бар. Sot.kg сайтында качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жана анын жакындары Алексей Ширшов, Алексей Елисеев баштаган тогуз адамга 183-берене боюнча кылмыш иши козголгону жазылып турат. Бул берене кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен байланыштуу. Ал жердеги маалыматка ылыйык, 2015-жылдын январь айынан тартып апрелге чейин 10 жолу отурум болгон. Бирок айыпталуучуларга өкүм чыкканы же чыкпаганы белгисиз. Иш “каралып жатат” деп көрсөтүлгөн.

Ширшовдун мыйзам алдындагы макамы боюнча талаш Садыр Жапаровдун 11-майда Фейсбуктагы билдирүүсүнөн кийин башталган.

“Мындан 6-7 ай мурда Ширшов мага жардамчыларым аркылуу кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат дешти. “Ал издөөдө да, кантип кабыл алам?” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Дароо баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жоктугу боюнча жооп беришти. Анда келе берсин, кабыл алам дегем”.


Президентке Алексей Ширшов боюнча маалымат берди делген Башкы прокуратура, УКМК жана Ички иштер министрлиги азырынча үн ката элек. “Азаттык” алардын бири менен дагы байланыша алган жок.

2010-жылы Ширшовго кылмыш иши козголгон учурда Башкы прокуратураны жетектеп турган Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” ага бир нече кылмыш иши козголгонун айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков Ширшовго байланыштуу окуялар тууралуу мындай пикирин билдирди:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

“Менимче, президентке кагаздарды киргизгенде ИИМ, Башкы Прокуратура жана башка кызматтар маалыматтарды жашырышкан. Себеби Ширшовдун келишине кам көрүп, анын мурдагы иштерин кыскартып, архивден өчүрүшкөн. Бирок бул жерге УКМК аралашкан эмес. Анткени атайын кызмат аны мурдагы козголгон иш боюнча камап жатпайбы. Президент Алексей Ширшовду камаганга санкция берген эмес, Ташиев болсо анын уруксатын алган эмес. Бул жерде пикир келишпестик бар экени байкалат. Ширшовдун көздөй адамдарынын үчөө азыркы аткаруу бийлигинде министр, беш-алтоосу стратегиялык объектилерди башкарып отурат. Алар шефинин келишине даярданышкан”.

Ширшовдун Кыргызстанда жүргөнү, “Дастан” ишканасына кирип-чыгып жатканы УКМК аны кармаганга чейин эле айтыла баштаган.

Kaktus.media басылмасы жеке булактарына таянып, 11-майда Алексей Ширшов санарип өнүгүү министри Талантбек Иманов жана Нурлан Байымбетов атуу адам менен бирге саат 17:00дөр чамасында "Дастан" ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүнө чогулганын жана ал жерде эки саатка жакын сүйлөшкөнүн жазып чыккан.

Министр Иманов “Азаттыкка" берген комментарийинде Ширшов менен жолугуп турарын ырастады. “Алексей Ширшов менен жолугуп эле жүрөм. Жашыра турган эч нерсе жок. Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү. Менин андай унаам жок. Унаама түшкөн эмес”.

12-майда Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком”, “Дастан” ишканаларындагы мамлекеттин акцияларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Иманов башкарган Санарип өнүгүү министрлигине өткөрүп берди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 10-майда чыгарган.

Токтомдо мындай чечимдин себеби жазылган эмес. Өкмөт да азырынча түшүндүрмө бере элек.

46 жаштагы Ширшовдун өмүр баяны, эмгек жолу тууралуу маалымат аз. Ал 2007-жылдарга чейин алгач "Ошэлектр", андан кийин "Түндүкэлектр" ишканаларында финансылык жетекчи болуп иштеген. 2007-2010-жылдары "Дастан" ишканасын башкарган.

“Социал-Демократтар” партиясы Ширшов боюнча билдирүү таратып, ал бийликтин буйругу менен үй камагына чыгып кеткенине басым жасаган.

"Алексей Ширшов 2015-жылы 19-январда Биринчи май райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (" Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" 1997-жылкы редакция) менен сыртынан соттолгон. Ошол эле жылдын 15-мартында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүнө калтырып, аны үч жылдык мөөнөткө жаза өтөөгө өкүм кылган. Жогорку соттун 2021-жылы 26-июлдагы, булардын баарын күчүндө калтырган токтому бар. Президент Жапаров Алексей Ширшовго эч кандай кылмыш иши жана ага издөө жарыяланган эмес деген маалыматты күч кызматтарынан алганын билдирүүдө. Демек, мамлекет башчыны да атайын жалган маалыматтарды берип, адаштырып жатышат", - деп жазылган билдирүүдө.

Убагында айрым басылмалар Ширшов мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдардын, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин жакын өнөктөшү экенин жазышкан. 2005-жылдагы Март окуясында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG