Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

Кемпир-Абад иши: Бишкек соту камактагыларды абакта калтырды


Орозайым Нарматова сот залында. 27-декабрь, 2022-жыл.
Орозайым Нарматова сот залында. 27-декабрь, 2022-жыл.

26-27-декабрда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандыкка айыпталып кармалган отуздай саясатчы, активист, блогерлердин бөгөт чарасы каралып, биринчи инстанциянын чечими күчүндө калды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту алардын камактагы мөөнөтүн 20-февралга чейин узарткан.

Ачкачылык кармагандардын абалы

Эки аптадан бери ачкачылык кармап жаткандардын бири Орозайым Нарматованы сот залына абак кызматкерлери жөлөп-таяп алып келишти. Отурум башталганда Нарматова эстен танып, кулап түшүп, "Тез жардам" кызматы алып кетти. Аны менен кошо кеткен адвокаты Гуляна Убалиева Нарматова №1 тергөө абагына жеткирилгенин билдирди.

“Аны текшеришти, бирок ооруканага жаткырууга макул болушкан жок. Мен кетип жатканда анын абалы дагы эле начар болчу. Шайы жок, кан басымы жогорулап жатат”, - деди жактоочусу.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Нарматованын тарапташы Асылкан Төлөнбаева анын ооруканага жатышына мүмкүнчүлүк бериши керек деп эсептейт:

“Мен Нарматовага эч ким эмесмин. Жөн гана колдоп, Москвадан атайын келдим. Анын абалын өзүңөр көрдүңөр. Чүпүрөктөй болуп калыптыр. Эми аны өлтүрүп түрмөдөн чыгарасыңарбы”, - деди ал.

Ошентип, Нарматованын бөгөт чарасын кароо 28-декабрга жылды. Ошондой эле 27-декабрда ачкачылык кармап ден соолугу начарлаганы айтылган Перизат Суранованы сот камакта калды. Сот залында активисттин апасы Анара Суранавага кызы менен көрүшүүгө уруксат берилбеди. Ал кызынан ачкачылыкты токтотууну суранып жатты. Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков ооруканага жаткыруу зарылдыгын белгиледи.

"Бөгөт чарасы боюнча жарым-жартылай же толугу менен үй камагына чыгаруу деген бар. Сутка бою үйдөн чыкпайт. Социалдык тармактарды колдонууга, телефон менен сүйлөшүүгө тыюу салынат. Аялзаты... Үйгө чыгарып коюңуздар. Азыр негизсиз айыпталып жатат. Эгер үй камагын бузса, кайра эртеси камап койсун. Эмнеге тергөө органы биринчи кармап туруп анан экспертизага жөнөтүп жатат? Бул мага дагы эле түшүнүксүз".

Сотто жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Ушундан кийин сот залында ызы-чуу чыгып, Суранованы колдоп келгендер аны бошотууну талып кылышты.

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, ачкачылык кармап жаткандардын ичинен он киши тамак иче баштады. Алардын арасында бул ишке айыпталып жаткан алты аял да бар экенин Жаза аткаруу кызматынан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, ушул тапта төрт киши ачкачылыкты улантып жатат. Абактагылардын көбү 13-декабрдан тартып каршылык иретинде ачкачылык кармап баштаган.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова камактагы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсызданып Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган.

Түрмөдөгү шартка нааразычылык

Бишкек шаардык сотунда бөгөт чарасы каралгандардын ичинен Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро, Али Шабдан жана Равшан Жээнбеков абактагы кармоо шартына нааразы болушкан. 26-декабрда сот залында сүйлөп жатып активист Атай Бейшенбек абактагылардын абалын куугунтук менен салыштырды:

“Куугунтуктун чегине жеткен түрүн көрүп жатабыз. Терезеси жабылбаган камерага түндө алып барып жаап жатышат. Эч айып таба алышпай, аягында ушинтип куугунтук кылып "оозуңду жабабыз" дегенге гана баратышат”.

Жаза аткаруу кызматы бул дооматка жооп бере элек. Ошентип, шаардык сот Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын карап, бардыгы абакта калды. Муну менен Биринчи Май райондук сотунун аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечими күчүндө калды. Жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын кароо мөөнөтү жактоочу ооруп жатканына байланыштуу 29-декабрга жылды.

Ички иштер министрлиги менен мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдү абакта кармоого жетиштүү далилдер бар экенин, учурда тергөө жүрүп жатканын айтып келишет. Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

Жакында президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттиги менен болгон маегинде бул иш боюнча камалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Абактагылардын маселеси парламентте көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Жогорку соттун жетекчилигин Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселесине көңүл бурууга чакырды. 27-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетинин жыйынына Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.

Депутат Акаев Базарбеков да кезинде президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгонун, азыр Кемпир-Абад боюнча камалгандардын адвокаттары соттордун ишине өтө нааразы болуп жатканын айтып, бул жагдайга көңүл бурууга чакырды:

“Мурда сиз адвокат болуп жүргөн абалдан кеминде беш эсе начар абал. 25тей активист жараныбыз тынч жыйынга чогулуп, жөн гана сүйлөшкөндүн айынан ушинтип темир тор артында отурушат. Сиз өзүңүз реакция кылып, карабасаңыз, коомчулукта бийликке да, сотко да нааразылык күндөн-күнгө күчөп жатат. Бийликке болгон нааразылыктын бирден-бир себеби – сотко болгон ишенбөөчүлүк. Айрым адвокаттар “Мен адвокат болгум келбей калды, туура нерсени көрүп, айтып турсак да соттор чечим кабыл алып коюуда” деп жатышат”.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков айтылып жаткан сын эске алынарын айтты:

“Албетте, азыркы учурда сот реформасын жүргүзүүгө аракет кылып жаткан учурда сиздердин сын-пикирлерди да, сунуштарды да эске алабыз. Бирок алардын күнөөсү барбы же жокпу, анысын айта албайбыз, бул жерде экинчи жараян болуп калбасын деп жатабыз. Бирок сөзсүз түрдө эске алабыз, азыр алардын күнөөсү барбы же жокпу, көзөмөл кылып жаткан тергөө органдары, прокуратура жана башкалар далилдеши керек. Бизге - Жогорку сотко келгенден кийин аны да карайбыз. Аракет кылабыз”.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Экөө үй камагында, калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында.

Кармалгандар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кемпир-Абад иши: Атасын сагынган бала, уулун күткөн эне
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:54 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG