Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:58

"Биз үчүн жооптуусуңар". Абактагылар бийликке кайрылды


Абакта ачкачылык жарыялагандардын кайрылуусу.
Абакта ачкачылык жарыялагандардын кайрылуусу.

Абакта ачкачылык жарыялагандар 16-декабрда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

“Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөлөрү - Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Жеңиш Молдокматов, Али Шабдан, Айданбек Акматов, Акылбек Айтбаев, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бусурманкулов, Марат Баязов, Азимбек Бекназаров жана Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) президент Садыр Жапаровго кайрылуу кылды.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган кайрылууда Кыргызстанда сот, парламент, укук коргоо органдары бир колго топтолуп авторитардык бийлик орнотулганы жазылган.

“Биз сизге (Садыр Жапаров), кыйналып темир тордун артында отурсак да, жакындарыбызга, санаалыштарыбызга ар кайсы укук коргоо органдары тарабынан куугунтук, басым болуп атса да, Кыргызстанда эркиндик, демократия үчүн күрөшкөн, күчтүү саясий оппозиция, күчтүү жарандык коом, күчтүү укук коргоочулар жана күчтүү журналисттер бар экенин далилдейбиз. Ачкачылык кармаган, “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөлөрүнүн өмүрү жана ден соолугуна мындан ары сиз, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев керт башыңар менен жооптусуңар”, - деп айтылат кайрылууда.

16-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Таалайбек Мадаминов мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Анын ачкачылык жарыялоо тууралуу катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына чыгарды.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 16-декабрда ачкачылык жарыялаганы тууралуу 17 адам арыз бергенин кабарлады.

14-декабрда ачкачылык жарыялагандардын абалы менен Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова таанышып чыккан.

Абдрахматова Фейсбук баракчасына ага расмий тогуз адам арыз бергени менен, төрт кишиден башкасы ачкачылык кармап жатканын, Мамбетжунус Абыловдун, Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлап жатканы тууралуу маалымат беришкенин жазды. Абактагылар акыйкатчыга “Айымдарды бошоткула, бошотмоюнча ачкачылык кармайбыз” деп талап койгон.

Кыргызстан демократиялык жолдон чыгууда

Абактагы ачкачылык жарыялаган аялдар 14-декабрда эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын азыркы жетекчилиги авторитаризмди орнотуп жатканын белгилешкен.

"Бизди ачкачылык акциясын баштоого түрткөн негизги себеп - саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин кеңири чөйрөсүнө карата жасалган массалык саясий репрессиялар, негизсиз кылмыш иштерин козгоо, адилетсиздик жана мыйзамсыздык. 2022-жылдын 23-октябрынан бери биз куугунтуктоо максатында ашынган, оор кылмыш – массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген айыптын негизинде абакта отурабыз. Сөз эркиндигине, биригүү эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине болгон укукту мыйзамдуу түрдө ишке ашыруу тергөө органдары тарабынан кылмыштуу аракет катары таанылып, ошол эле учурда 23-октябрдан бери тергөө органдары айыпталуучуларга карата эч кандай тергөө амалдарын жүргүзбөгөнү, кылмыш ишинини негизсиз экенин ачык эле тастыктап турат. Ага карабастан Биринчи май райондук соту бизди камакта калтырууну 2023-жылдын 22-февралына чейин узартты. Кыргызстандын жетекчилиги биздин укуктарыбыз менен эркиндигибизди басмырлоого, саясий оппозицияны куугунтуктоо менен Кыргыз мамлекетинин демократиялык негиздерин системдүү түрдө талкалап жатканын, биздин республикада президенттик авторитаризм эле орноп калбастан, анын эң жаман көрүнүшү - террористик ыкмаларга таянган залимдик формасы орун алууда", - деп жазылган кайрылууда.

Камалгандар ушул тапта жалпыга таандык демократиялык баалуулуктар жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн күрөшүүнүн жалгыз, акыркы мүмкүнчүлүгү катары ачкачылык жарыялоону туура көрүп жатышканын билдиришкен. Алар ачкачылыктан келип чыкчу кесепеттерге президент Садыр Жапаров, УКМКнын Төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, бир катар тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жооптуу болорун эскертишти.

"Эки айда бир эле жолу сурак болду". Жапырт кармалгандар абакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.

Аларды быйыл 23-28-октябрь аралыгында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жапырт кармап, эки айга тергөө абагына камакка алынган болчу. Анын алдында кармалгандардын катышуусунда Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлгөн. ИИМ жана бийлик жапырт кармоонун себебин дал ушул Кемпир-Абад маселесине байланыштырган. Бирок камакта отургандардын бир тобу суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышты.

13-декабрда райондук сот бул иш боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров, Асия Сасыкбаеваны, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловду, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Атай Бейшенбекти, Перизат Суранованы, саясатчылар Равшан Жээнбековду, Бектур Асановду, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованы, укук коргоочу Рита Карасартованы 20-февралга чейин камакта калтырды.

12-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, журналист Айданбек Акматов жана экс-депутат Орозайым Нарматова да 20-февралга чейин камакта калган. Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

Клара Сооронкулова сот чечими чыгардын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып улам бир айып токулуп жатат деп билдирди:

"Мурда башка жомок токулду эле, эми жаңы жомок айтылып атат. Эки ай ичинде бир жолу эле сурак болду. Анда эки гана суроо берилди", - деди ал.

УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да темир тордун артында туруп жапырт кармоолор Кемпир-Абадга байланыштуу болгону менен, азыр мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу суроо болуп жатканына токтолду. Буга байланыштуу башкы прокурорго кат жолдогонун кабарлады:

"Башкы прокурор Зулушевдин наамына эки кат жаздым. Биринчиси - Кемпир-Абаддын берилишине каршы болгон 30дай адамды - активист, журналист, саясатчы, блогерлерди мыйзамсыз, негизсиз камакка алуу боюнча. Мыйзамсыз тинтүү, суракка алуудан баштап ал жерде толук мыйзамсыздык болду. Мен 30дай адамды эч кандай далилсиз кармап, камаганы үчүн тергөөчү, прокурор, соттордун жоопкерчилигин кароо жана мыйзамдуулукту текшерүү тууралуу арыз жаздым. Бирок Зулушев анын мыйзамдуулугун текшерүүнүн ордуна арызды ИИМге тергөөчүнүн кароосуна жибериптир", - деди Дүйшөбаев.

Камактагылар өздөрүнө козголгон кылмыш ишинде өзгөрүүлөр бар экенин айтып жатышты. Активист Перизат Суранова буларды билдирди:

"Кылмыш ишинде фигурант болгон Жогорку Кеңештин депутаттары жок болуп кеткени таң калыштуу", - деген Суранова өздөрү кармалган тергөө абагынын абалы өтө начар экенин кошумчалады:

"45 күн стресс болдум, уктай албай койдум" ,- Суранова аны менен чогуу кармалган башка аялдар менен бирге ачкачылык кармай турганын белгиледи.

Сотто активист Суранованын камактагы мөөнөтү узартылгандан кийин анын улгайган энеси өзүн начар сезип, эсин жоготконун журналисттер билдиришти.

Камактагы мөөнөтү узартылган 20дан ашык кишинин арасында алты аял бар. Алардын бири - Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, жашы 60тан өтүп калган Гүлнара Журабаева өзүнүн кыймыл-аракетинде кылмыш жок экенин, бейкүнөө камакта отурушканын кайталады.

Ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлиги жана тиешелүү бийлик органдары кылмыш ишиндеги өзгөрүүлөр жана айыпталып жаткандардын айткандары тууралуу комментарий бере элек.

ИИМ алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Булардын ичинен Илгиз Сарылдык уулу менен Орозайым Нарматованы ИИМ Москвадан Бишкекке 28-октябрда кармап келишкен.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселеси Бишкекте 25-26-ноябрда өткөн Элдик курултайда да көтөрүлгөн. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анда чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу сунушу берилген. Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев 7-декабрда резолюцияны Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго берген болчу.

“Чек ара маселеси боюнча камалган Кыргызстандын жарандарынын да маселеси боюнча сөз козголгон. Ал жерде аялдар, жаштар бар экен. Өз оюн эркин айтканы үчүн куугунтук болбошу керек деп резолюцияга киргизилди. Ишти мыйзам чегинде кылдат, адилет карап шектүүлөрдү үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу сунушу берилди”, - деген ал.

Ушундан кийин кармалгандар үй камагына болсо да чыгарылат деген пикирлер айтылып жаткан.

Президент Садыр Жапаров курултайды камакта жаткан саясатчылар тууралуу суроолорго жооп берген эле.

“Сиз түрмөдө жатканда активисттер колдогон” дейт. Ооба, көпчүлүгү колдогон. Арасында чет өлкөдөн акча алып колдогондор да болгон. Мен эми аларды колунан сүйрөп барып чогулушка катыштырган жокмун да. Чет жактан акча алып келип алып “ме, сага портерге акча, элди жүктөп кел” деп атат. Эл эмне аларга малбы? “Ызы-чуу салабыз, Өзбекстан менен чек араны чечтирбей коюш керек” деп атышат. Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. Алардын жеке кызыкчылыгы бар. Эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгаргысы келген күчтөр да болгон. Чет жакта аларды шыкактап турган күчтөр бар. Баарын сот чечет. Элге бүлүк салам дегендерди сот камабаганда, эмне кылат?”.

Укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар Бишкекти камактагыларды бошотууга чакырууда.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусун көпчүлүк добуш менен колдогон.

Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын буга чейин такталбай келген 15% же 312 чакырымын жакында макулдашып, аны эки тараптын парламенттери мыйзам менен бекитти. Келишимге президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койсо, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койгону 30-ноябрда жарыяланды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары 10-декабрда болору айтылган. Бирок ал белгисиз себептер менен жылганы кабарланды. Сапар качан болору азырынча беймаалым.

Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдерге ылайык:

  • Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат.
  • Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат.
  • Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
  • Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын куруп бербегени үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар жер алат. Ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар.
  • Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Эки тарап аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетишти.
  • 35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу Кыргызстандын карамагына өтөт. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антенналары жана радиорелей станциялары бар.
  • Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Кыргызстан Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алат.
  • Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте билдиргендей, 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жер кыргыз тарапка берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG