Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:14

Депутаттардын Башкы прокуратурага суракка барганы иликтенет


Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев.
Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев.

Депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдун Башкы прокуратурага суракка барганын иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров жумушчу топ түздү.

Жогорку Кеңештин 8-ноябрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев териштирүүнүн корутундусу бир аптада чыгарыларын айтты.

"Токторбаев менен Атазовдун Башкы прокуратуранын кысымы тууралуу кайрылууларынан кийин президент Садыр Жапаров жумушчу топ түздү жана ага бир жумалык мөөнөт берилди. Ошол жумушчу топ Башкы прокуратуранын аракеттери боюнча талдап, корутундусун берет", - деди Шакиев.

Мындан бир күн мурда парламенттин жыйынында Токторбаев прокуратуранын депутаттарга мамилесин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Ал Атазов экөөнү тергөөчүлөр суракка алганын Баш мыйзамды, Жогорку Кенеш тууралуу мыйзамды бузуу катары баалаган.

Бир күн мурда, 7-декабрда Жогорку Кеңеште Башкы прокуратуранын депутаттарга мамилесин териштирүү үчүн комиссия түзүү сунушталган.

Аепутат Жеңишбек Токторбаев прокуратуранын ишин сынга алган күнү аны жана депутат Шайлообек Атазовду эки тергөөчү суракка алып кеткенин айтып, мында Баш мыйзам бузулуп, депутаттарга кысым болуп жатканын кошумчалады.

Ал депутаттык комиссия окуяны иликтеп, укуктук баа бериши керек деп эсептейт:

"Жогорку Кеңеш режимдик, стратегиялык объект. Прокуратура кызматкерлери ар бир депутатка тоскоолдуксуз иш кабинетине кирип, мажбурлап, суракка алып, алып кетип жатат. Бул мыйзамды сыйлабагандыкпы же мыйзамды түшүнбөгөндүкпү? Башкы прокуратура аша чаап, өзүнүн иш-аракеттери менен Конституциянын 78-беренесин, Жогорку Кеңештин регламенти, депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамдарды одоно бузду”.

Депутаттын айыптоосуна байланыштуу “Азаттык” маалымат алуу үчүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кайрылды. Азырынча ал жактан комментарий боло элек.

6-декабрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы маалым болгон. Өтүнүч иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу келтирилгени маалымдалды.

Атазов менен Токторбаевди ачууланткан сурак

30-ноябрда депутаттар Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада суракта болушкан. Алар парламенттин жыйынында айткандарын текшерүү үчүн суракка чакырылышканын билдирген.

Депутат Шайлообек Атазов 30-ноябрдагы жыйында “каржы пирамидаларынын” көз боёмочулугу тууралуу маселе көтөрүп, алдамчы топторду “прокуратура жана милиция органдары калкалап” жатканын айткан.

Анын сөзүн кызматташы Жеңишбек Токторбаев да колдоп, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугу берилгенден бери монстрга айланганын билдирген. Бул маселени Жогорку Кеңеште талкуулап, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо сунушун берген.

Эки депутат тең ушул эле күнү Башкы прокуратурада үч сааттай сурак берип чыгышкан. Сурактан кийин экөө тең Фейсбукка прокуратураны сындаган пост жазып, кийин кайра өчүрүп коюшкан.

Жеңишбек Токторбаев посту белгисиз себептер менен өчүрүлгөнүн айтса, Шайлообек Атазов билдирүүсүн жакындарынын өтүнүчү менен алып салганын билдирди.

Жеңишбек Токторбаев 1-декабрда президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жана спикер Нурланбек Шакиевге кайрылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мындан кийин Башкы прокуратура мыйзамды бузганын айткан.

“Кечээ прецедент түзүлүп калды. Конституциянын беренелерин окуп коюшса болмок. Биз Баш мыйзам менен жашаган мамлекетпизби? Эки депутат үч-төрт саат суракка алынганы жалпыга маалымдоо каражаттарына желдей тарады. Маалымат керек болсо Башкы прокуратуранын кызматкерлери кабинетке келип эле маалымат алып кетишсе болмок. Мындай окуя кайталанбашы керек. Ошондуктан буга мыйзамдык, саясий баа берели”, - деген депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында.

"Прецедент" коомдук уюмунун башчысы, укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакунов жыйында депутаттардын кол тийбестик укугу бар экенин эскертип, прокуратуранын сурагына барбоого үндөгөн.

"Силерди башкы прокурор чакырса барбагыла. Кол тийбестигиңер бар. Алардын өзүн бул жакка чакырып, "саат үчкө келгиле, жарым саат берем" деп айткыла. Мына силерди аткаруу бийлиги, Ташиев (УКМКнын төрагасы -ред.) сөгүп кетти. Силер өзүңөргө туруп бере албасаңар, анда кантип?...", - деген Токтакунов.

Адвокат Жогорку Кеңештин жыйынына Дача СУ кырсыгынын себептерин жана шарттарын изилдеген коомдук комиссиянын мүчөсү катары отчет бергени барган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов депутаттардын суракка алынышы тууралуу “Азаттыкка” мындай деген.

“Шайлообек Атазовдун айткандары боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. “Сиз ушул маалыматтарды айттыңыз. Сизге аны кимдер, качан айтты ошону текшерели” деп чакырылды. Депутаттар маалымат алуу үчүн суракка чакырылган”.

Соңку кезде бир катар депутаттар бийлик тарабынан басым-кысым болуп жатканына даттанып, бул алардын Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы добуш бергенден кийин башталганын айткан.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков депутаттардын айланасындагы соңку окуяларды жаңы Конституцияда парламенттин ыйгарым укуктары азайтылганы менен байланыштырды.

“Канчалык чектелген сайын депутаттардын мүмкүнчүлүгү ошончо азаят. Депутаттар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иштеп жатат. Мындан артык эч нерсе да кыла албайт. Эл кимди шайласа ошондой депутаттар келет. Парламентти эле күнөөлөп атабыз. Эл да ушундай деңгээлдеги депутаттарды шайлады. Ошондуктан шайлоочулар да жоопкерчиликти бөлүшүшү керек”.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзам боюнча, өзгөчө оор кылмыш жасаган учурду кошпогондо, депутат камакка алынууга, тинтилүүгө, жекече текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес. Депутаттын үйү, иш бөлмөсү, жеке жана кызматтык автоунаасы, жазышкан каттары, документтери текшерилбейт жана тинтилбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG