Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Прокуратураны сындаган депутаттар сурак берип чыкты


Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев.
Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев.

Прокуратуранын ишин сындаган Жогорку Кеңештин эки депутаты - Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада сурак берип чыкты. Алар муну басым деп баалап, депутаттардын Конституция, мыйзам менен корголгон укуктары бузулуп жатканын айтышууда.

Акыркы эки апта ичинде бир катар парламентарийлер укук коргоо органдарынын куугунтугуна арызданышты.

Парламенттеги билдирүүдөн кийинки сурак

Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында Башкы прокуратурадагы сурак боюнча маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, 30-ноябрда прокуратуранын үч кызматкери иш бөлмөсүнөн суракка чакырып кеткен. Ал муну Баш мыйзамда депутаттын макамы боюнча жазылган беренелерди бузуу деп баалап, башкы көзөмөл органында кайсы иш тууралуу суралганын айтты.

“Улакчы “Дордойдогу” (базар-ред.) контейнерден ишкерден 120 миң доллар алып кеткенин айттым эле. Ал айыл өкмөттө үч жолу соттолгон шылуун экен. Аны ошол эле күнү кечке чейин таап келе турган болушту. 24 миң доллар алганы (ред: Жаныбектики) боюнча чакырып, арыз жаздырып, ишти баштады. Сузактагы инвесторду Өзбекстанга кууп ийип, өздөрү басып алгандар кечээ 480 миң долларды кайтарабыз деп убада бериптир. Бул бир айдан бери Камчыбек Кыдыршаевич (ред: Ташиев) кийлигишип, УКМК, Башкы прокуратура жана Сузак райондук прокуратурасы биргелешип карап жаткан иш болчу. Ушулар боюнча депутаттар көтөргөндөн кийин ишти башташ керек беле? Мурда эле иштерин кыла берсе болбойт беле? Прокуратурага түнү менен нааразылыктар келип жатат”.

Парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында Шайлообек Атазов “каржы пирамидаларынын” көз боёмочулугу тууралуу маселе көтөрүп, алдамчы топторду “прокуратура жана милиция органдары калкалап” жатканын айткан.

Анын сөзүн кызматташы Жеңишбек Токторбаев да колдоп, Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугу берилгенден бери монстрга айланганын билдирген. Бул маселени Жогорку Кеңеште талкуулап, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо сунушун берген.

Эки депутат тең ушул эле күнү Башкы прокуратурада үч сааттай сурак берип чыгышты. Жеңишбек Токторбаев 1-декабрда президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жана спикер Нурланбек Шакиевге кайрылды.

“Биз эмне кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен шайланып келгем. Артымда эл бар. Урматтуу төрага, ушул маселени сөзсүз караңыз. Туура эмес болду. Депутат Шайлообек Атазов экөөбүз башкы прокурорго асылдыкпы? Элден түшкөн арызды, элдин муңун айттык. Бул жерде балык депутат болуп отура берсек туура эмес болуп калат да”.

Эки депутат 30-ноябрда кечке жуук сурак боюнча Фейсбуктагы баракчаларынан маалымат берип, Башкы прокуратура коркутуп жатканын жазышкан. Көп өтпөй алардын билдирүүлөрү өчүп кетти. Жеңишбек Токторбаев посту белгисиз себептер менен өчүрүлгөнүн айтса, Шайлообек Атазов билдирүүсүн жакындарынын өтүнүчү менен алып салганын билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов депутаттардын суракка алынышы тууралуу “Азаттыкка” мындай деди.

“Шайлообек Атазовдун айткандары боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. “Сиз ушул маалыматтарды айттыңыз. Сизге аны кимдер, качан айтты ошону текшерели” деп чакырылды. Депутаттар маалымат алуу үчүн суракка чакырылган”.

“Прецедент түзүлдү”

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзам боюнча, өзгөчө оор кылмыш жасаган учурду кошпогондо, депутат камакка алынууга, тинтилүүгө, жекече текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес. Депутаттын үйү, иш бөлмөсү, жеке жана кызматтык автоунаасы, жазышкан каттары, документтери текшерилбейт жана тинтилбейт.

“Кечээ прецедент түзүлүп калды. Конституциянын беренелерин окуп коюшса болмок. Биз Баш мыйзам менен жашаган мамлекетпизби? Эки депутат үч-төрт саат суракка алынганы жалпыга маалымдоо каражаттарына желдей тарады. Маалымат керек болсо Башкы прокуратуранын кызматкерлери кабинетке келип эле маалымат алып кетишсе болмок. Мындай окуя кайталанбашы керек. Ошондуктан буга мыйзамдык, саясий баа берели”, - деди депутат Камила Талиева.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү акыркы окуялар боюнча комментарий бере элек. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мындай деди:

“Эки депутаттын Башкы прокуратурада суралышы боюнча мен дароо реакция кылып башкы прокурорду чакырдым. Ал аймактарда экен. Келгенде сүйлөшөбүз. Экинчиден, жөнөкөй жаран, депутат, өкмөттүн мүчөсү болобу мындай маселелер мыйзам чегинде болушу керек. Айрыкча депутаттар жөнүндө сөз болуп жатканда. Бул өтө олуттуу маселе. Сөзсүз суралат, жооп беришет”.

Арты-артынан арызданган депутатттар

Акыркы эки аптада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары укук коргоо органдарынын куугунтугуна арызданышты. 30-ноябрда “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев Кемпир-Абад макулдашуусуна каршы болгон депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан үн, видео жаздыруучу аппараттар табылганын, фракциялашынын эски кылмыш иши жандандырылып жатканын айткан. Эмил Жамгырчиевди 27-ноябрда Казакстанга өтүп баратканда УКМК кызматкерлери артка кайтарган.

Атайын кызмат бул билдирүүгө 1-декабрда жооп берди. Мекеме, үн, видео жаздыруучу аппараттар боюнча маалымат такталбаганын, ушул тапта Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз экенин кабарлады.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков депутаттардын айланасындагы соңку окуяларды жаңы Конституцияда парламенттин ыйгарым укуктары азайтылганы менен байланыштырды.

“Канчалык чектелген сайын депутаттардын мүмкүнчүлүгү ошончо азаят. Депутаттар “Башкы прокуратура суракка алды” деп нааразы болуп жатышат. Бир жагынан депутаттар маселени айтып чыккандан кийин ишти аягына чыгарыш үчүн алардын өзүнөн да маалымат алганга туура келат да. Процессуалдык мыйзамдар боюнча депутатты суракка алуу туура эмес. Бирок суракка алуу менен маалымат алуунун айырмасы чоң. Депутаттар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иштеп жатат. Мындан артык эч нерсе да кыла албайт. Эл кимди шайласа ошондой депутаттар келет. Парламентти эле күнөөлөп атабыз. Эл да ушундай деңгээлдеги депутаттарды шайлады. Ошондуктан шайлоочулар да жоопкерчиликти бөлүшүшү керек”.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков өткөн жумада Жогорку Кеңеште саясий кырдаал курчуп баратканын айтып абалды жөнгө салуу сунушун берген. Дагы бир депутат Марлен Маматалиев 1-декабрда жүз берген окуяларды ич ара талкуулап алууга чакырды.

Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев парламенттеги бийликчил делген “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү. “Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын” лидери Азият Жекшеев талкууга жол ачкан акыркы саясий билдирүүлөр тууралуу мындай пикирде:

“Парламенттеги депутаттардын арасында бийликтеги жетекчилердин ишенимдүү кишилери бар. Ошондуктан бийликте эмне болуп атканын Жогорку Кеңеште айтылып жаткан сөздөр менен анализдеп койсо болот. Бул бийликтеги тирешүүлөрдөн да кабар берет. Эң башкысы депутаттардын кадыр-баркы кетип, бийликтеги тең салмактуулук жоголду. Парламентте күч болгондо өлкөдөгү процесстерге кийлигишип, айрымдарын ордуна коймок”.

Былтыр күчүнө кирген Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Ага чейинки VI чакырылыш партиялык тизме менен шайланып келген депутаттардан куралган. Иштеп жатканына бир жылдан ашкан Баш мыйзам боюнча Кыргызстан толук президенттик башкаруудагы өлкө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG