Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:50

Укугу азайган парламент, укуругу узарган президент


Жогорку Кеңештин алды.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын шайланып келгенине туура бир жыл болду. Бул убакыт ичинде парламент кыргыз-өзбек чек арасын, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын чечүү, Кыргызстанда кумарканаларды ачуу боюнча коомчулукта сын-пикирге кабылган мыйзам долбоорлорун кабыл алып берди.

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо болгон. Жаңы Конституция, жаңы эреже менен өткөн саясий өнөктүктүн алдын ала жыйынтыктары 29-ноябрда билинип, парламентке кимдер келери аныкталып калган.

2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары коомчулукта талаш жараткан, жарандык коомдун, оппозициянын сынына кабылган бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Алардын көбү президент же Министрлер кабинети сунуштаган документтер.

Топ-тобу менен өткөн мыйзам долбоорлору боюнча парламентке сын айтылып жатканда эки апта мурун депутат Өмүрбек Бакировдун Ак үйдүн 7-кабаттагы иш бөлмөсүнөн чыгарылышы Жогорку Кеңештин бийликтин бир бутагы катары ролу, депутаттардын макамына байланыштуу маселени козгоду. Кабинет чуусун депутаттык комиссия иликтеп жатат.

“Ал да (Өмүрбек Бакиров) биз сыяктуу депутаттардын бири. Бүгүн бир депутатты кабинетинен кууп чыксак, эртең дагы басмырланып, тизебиз бүгүлүп, желкебиз шылынып, көзүбүз оюлуп, колубуз сындырылып парламент деген атты тээ түпкүргө түшүрөбүз. Бул туура эмес. Буга кайдыгер болбошубуз керек”, - деген депутат Мирлан Самыйкожо кызматташтарына кайрылып.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусун көпчүлүк добуш менен колдогон. Мыйзам долбооруна 19 депутат каршы добуш берген.

Документ парламентте талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. Бул жыйындан бир күн өткөндөн кийин депутат Ак үйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Президенттин иш башкармалыгы муну парламентте жумуш орундарын иретке келтирүү менен байланыштырды.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков Жогорку Кеңеште акыркы күндөрү маанай жакшы эмес экенин айтып, төрага Нурланбек Шакиевге кулак кагыш кылды.

“Нурлан Тургунбекович (Шакиев), сиз Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганыңызга аз эле убакыт болду. Биз ишеним көрсөтүп, көпчүлүк добуш менен шайлап бердик. Сиз отурган жетинчи кабатта депутаттын кабинетин бузуп, талкалап анын иш кагаздарын сыртка алып чыккан туура эмес. Бул баарыбызга тиешелүү. Бул сыйлабагандык. Биригип бир муштум болбойлубу. Мына чет жакта чоң державалар согушуп, атышып атышат. Бизде да ынтымактын жоктугунан бизге таш ыргытып, ок аткандар бар. Ушул жердеги 90 депутаттын артында эл бар. Биз туура чечим чыгарсак, эл арасындагы сөздөрдү оңдоп коёбуз. Жогорку Кеңештин ичинде топ-топко бөлүнүп, чыңалуу пайда боло баштады. Муну ачык эле айтыш керек. Мага ушундай сезилип атат”.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “президенттин администрациясынын нотариалдык органы болуп калды” деген сын көп айтылган. Азыркы чакырылышка да ушундай эле сын доомат коюлууда. Президент жана Министрлер кабинети демилгечи болгон талаштуу мыйзам долбоорлорун парламент дароо үч окууда өткөргөн учурлар бар.

Жогорку Кеңеш июнь айында Кыргызстанда кайра казино ачууга уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берген. Май айында УКМКнын ишин жөнгө салган беш мыйзам долбоорун кабыл алган. Ноябрь айында кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда колдоду. Депутат Улугбек Ормонов парламенттин иши тууралуу мындай деди:

“Ар бир чакырылышка эл сын айтат. Бирок парламент кабыл алган чечимдерге, анын курамына жана депутаттардын ишине убакыт гана так баа берет. VI чакырылыш кандай иштеген, VII чакырылыш эмне жасап атат, кийин билинет. VII чакырылыш азырынча эки-үч гана маанилүү чечимдерди кабыл алганы болбосо, калганы мыйзам долбоорлор менен гана иштеп атат”.

Жогорку Кеңештин иш тартибин аныктаган регламенттин макулдашылган вариантына президент Садыр Жапаров 16-ноябрда гана кол койду. Ага чейин парламент эски регламент менен иштеп келаткан.

Парламенттин ыйгарым укугу мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү. 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, андан тышкары президентке, Министрлер кабинетинин төрагасына да мыйзам долбоорун демилге кылуу укугу берилген. Ошондой эле өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку сот жана башкы прокурор да мыйзам долбоорун демилгелей алат.

Парламент тигил же бул маселе боюнча комиссия түзүп иликтесе болот. Ушул тапта “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын ишмердигин, мамлекеттик мүлктү башкарууну жана менчиктештирүүнү, Бишкектеги таштанды талаасына алынган насыяны иликтеген убактылуу депутаттык комиссиялар бар. Алардын бири да ишин жыйынтыктай элек.

Саясатчы Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин бул жолку чакырылышы да сындан арылбай жатканынын себебин мындайча түшүндүрдү:

“Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин бийликте тең салмактуулук бузулуп, бирин-бири көзөмөлдөп туруу механизмдери талкаланып жок болгон. Жогорку Кеңеш да ошого жараша иштеп атат. Президент өзү да курултайда “мурда үч бутактуу бийлик бар эле, азыр баары бир колго өтүп, өзүм башкарып атам” деп айтты. Ушундан улам парламент да бир адамдын буйругу менен иштеп жатат. Парламент өзүнүн фнукциясын аткарып жатабы деген суроонун жообу өзү эле чыгат. Эгерде бийликтин үч бутагы бири-бирин көзөмөлдөп турганда парламент башкача иштейт эле. Көз карандысыз чечимдерди кабыл алмак. Тилекке каршы бүгүн андай эмес”.

Былтыр күчүнө кирген Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG