Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Депутат УКМКнын басымына даттанды


Камчыбек Ташиев жана Элвира Сурабалдиева. Коллаж.
Камчыбек Ташиев жана Элвира Сурабалдиева. Коллаж.

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууга каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, басым-кысым болуп жатканы айтып чыкты. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев дооматтарды четке кагып, Сурабалдиеванын жакындары салыктан качканын билдирди.

Парламентте акыркы эки күндө депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнө байланышкан маселе саясий өңүт алып, Жогорку Кеңештин ролу, депутаттардын статусу боюнча талкууга айланды.

Депутат менен УКМК төрагасынын кайым айтышы

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, кысым болуп жатканын айтты. Ал спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, парламент өкүлдөрүн коргой албай жатканын сынга алды.

“Кемпир-Абаддын берилишине каршы добуш берген депутаттарга коркутуп-үркүтүү болуп жатат. Сиз унчукпай отура берсеңиз, 19 депутат нааразы болобуз. Бизди коргой албасаңыз, анда биз сизди эмнеге шайладык? Баса, кечээ менин туулган күнүм болду, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев), белегиңизди эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма “иш козгойм” деп коркуткан УКМКнын кызматкерлерин да унутпайм. Бирок мен 2020-жылы 5-октябрда эки жылдан кийин парламентке келсем, УКМК мени ушинтип коркутат деп ойлогон эмесмин. Кечээ каршы добуш берген депутаттардын баары менен сүйлөшсөм, баарынын мамлекеттик кызматта иштеген туугандарын, жакындарын жумуштан алып жатыптыр. Менин жакын туугандарымдын арасында мамлекеттик кызматта иштегендери жок, бирок алыскы туугандарымды иштен алып жатыптыр. УКМК ушуга чейин барсаңар, оокатыңарды, бизнесиңерди тартып алам десеңер, бул Бакиевдердин тушунда да болгон эмес. Менин атамды (Жыргалбек Сурабалдиев -ред.) 2005-жылы атып кеткенде ошондо ушундай бир ызы-чуу болгон. Жайында эки ай коркутуп-үркүтүп текшерип чыктыңар. Анда Акылбек Үсөнбековичтин кабинетине чейин барып, президентке да жеткем. Ошондо “Сурабалдиева Чүйдүн элин көтөрүп митинг даярдап атыптыр” деген сөз болгон. Ал аудиону бергиле деп Акылбек Үсөнбековичтин кабинетине барсам мага кол саат, грамота берип кутулушкан. Бул сентябрдын аягында бүткөн иш. Эки ай өтө электе УКМК менин туугандарымдын бизнестерине келип, “ал кызды тыйынсыз калтырам, талаада калтырам” деп коркутуп жатыптыр. Мен түшүнөм бул жакта баары коркуп отурат. Бирок мынчалыкка барбагыла да. Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы?”, - деди Сурабалдиева.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Элвира Сурабалдиеванын кысым, коркутуу тууралуу дооматтарына жооп берди. Ал депутаттын жакындарына таандык Бишкектеги “Кудайберген” базары мамлекетке көп суммадагы салык төлөбөй койгонун айтып, коркутуп-үркүтүүлөр боюнча сөздөрдү четке какты.

“Кудайберген” деген базарда 3 миңден ашык контейнер бар. Базарда контейнерлердин ар биринине 2-3 миңден жыйнадык деп отчет беришкен. Бирок эң аз дегенде 7-15 миң сомдон жыйнашат. Салык кызматы эсептеп чыкканда “Кудайберген” базары 70 миллион сомдой акча төлөбөй койгону аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Булар аны төлөөгө милдеттүү. Анан депутатмын деп эле ушул жерден туура эмес малымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз. Андан сырткары башка депутаттарга козголгон иштер бар. Оор кылмыштарга байланыштуу иштер дайындалып, экспертизалар чыгып жатат. Жакында Башкы прокуратура иш козгосо аны да айтып чыкпагыла. Араңарда өтө оор кылмыштарга шек саналып жаткандар бар. Ал боюнча бизге керектүү адамдар өздөрүнүн арыздарын берди”.

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов “Кудайберген” базарында жайында эки жарым ай текшерүү жүргөнүн ырастап, өндүрүлгөн салык боюнча маалымат берди.

“Жеке ишкер Мусахожаев ар бир контейнер үчүн бюджетке орто эсеп менен 5,5 миң сом салык төлөп турган. Бирок иш жүзүндө ишкерден орто эсеп менен ар бир күркө үчүн 8,5 миң сом алынган. Болгону ушул боюнча негизги төлөм катары 40 млн. сом жана 30 млн. сом пения өндүрүлгөн. Бул жерде саясий эч нерсе жок. Эч кандай тапшырма да болгон эмес”.

Депутат Элвира Сурабалдиева менен атайын кызматтын жетекчисинин кайым айтышы муну менен эле токтоп калган жок.

“Камчыбек Кыдыршаевичтин бир тууган иниси бул жакта отурат. “Элвира сен Кемпир-Абад боюнча каршы добуш бербедиңби” дегенин кандай түшүнөйүн? Кечээ менин туулган күнүмдө досу экөө иш бөлмөсүнө чакырып алып гүл, торт берип туулган күнүм менен куттуктады. Ошол жерден мен сураганда берген жообу ушул. Бул эмне дегендик десем, “сиз каршы добуш бердиңиз” дейт. Урматтуу төрага, мамлекетте канча президент бар? Бир президент туурабы? Менде эки президент бардай сезим болуп жатат. Экинчи президент расмий эмес президент. Каалагандай калчап, каалаганын коркутуп атат. Алыңар аялга эле жетип калган болсо Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин аялыңыз, кыздарыңыз бар. “Мен кийлигишкен жокмун” деп алдабаңыз. Анда эки ай мурун Салык кызматы эмнеге келип кетти? Эмне эле майдаланып атасыз? Бир депутатты кабинетинен кууп чыктыңыз. Бул жерде депутаттар сүйлөй албай калышты”.

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев депутаттарды парламентте жеке маселелери боюнча талкуу кылбоого чакырды. Ошол эле кезде Камчыбек Ташиев Элвира Сурабалдиеванын акыркы сөздөрүнө да жооп берди.

“Элвира Жыргалбековна, мен сизди көргөн да жокмун, уккан да жокмун. Сиз менен эч кандай байланышым жок. Ким менен байланышыңыз болсо, ошого таарыныңыз. Мамлекетте канча президент бар экенин билбесеңиз уят эмеспи. Майдаланып бир нерсе кылган жерим жок. Сиз “биздин жаран” (ред: Болот Темиров) деп аткан адамдын өлкөдөн чыгарылышына да тиешем жок. Каяктагы эле жок нерселерге менин атымды кошуп айта бербеңиз да”.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол кезде президенттин милдетин убактылуу аткарып турган Садыр Жапаровдун жарлыгы менен УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. Ал Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү. Иниси Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты.

Депутаттын иш бөлмөсү саясий маселеге айланды

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусун көпчүлүк добуш менен колдогон. Мыйзам долбооруна 19 депутат каршы добуш берген. Алардын арасында Элвира Сурабалдиева да бар.

Документ парламентте талкууланып жатканда Камчыбек Ташиев менен Кемпир-Абад макулдашуусуна каршы чыккан депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. Бул жыйындан бир күн өткөндөн кийин 18-ноябрда Өмүрбек Бакиров Ак үйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Президенттин иш башкармалыгы муну Жогорку Кеңеште жумуш орундарын иретке келтирүү менен байланыштырды.

Элвира Сурабалдиева Бакировдун жеке буюмдарын кабинеттин алып чыгып жатканда УКМКнын эки кызматкери көзөмөлдөп турганын айтты. Бул маселени иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлдү. Бул окуя бир депутаттын эмес жалпы Жогорку Кеңештин бийликтин бир бутагы катары ролу, депутаттардын статусуна байланыштуу маселеге айланды.

“Нурлан Тургунбекович (Шакиев), сиз Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганыңызга аз эле убакыт болду. Биз ишеним көрсөтүп көпчүлүк добуш менен шайлап бердик. Сиз отурган жетинчи кабатта депутаттын кабинетин бузуп, талкалап анын иш кагаздарын сыртка алып чыккан туура эмес. Бул баарыбызга тиешелүү. Бул сыйлабагандык. Биригип бир муштум болбойлубу. Мына чет жакта чоң державалар согушуп, атышып атышат. Бизде да ынтымактын жоктугунан бизге таш ыргытып, ок аткандар бар. Ушул жердеги 90 депутаттын артында эл бар. Биз туура чечим чыгарсак, эл арасындагы сөздөрдү оңдоп коёбуз”, - деди депутат Сүйүн Өмүрзаков.

Кемпир-Абад суу сактагычынан чыккан кризис Кыргызстандагы жалпы саясий коомдук турмушту чыңалтты. Суу сактагычтын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га жакын оппозициялык саясатчы, активисттер “мамлекетте башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакта жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу мыйзам долбоорлору болсо эки мамлекеттин тең парламенттеринен өтүп, эми президенттердин кол коюусуна даярдык көрүлүүдө.

Депутат Аида Исатбек кызы чек ара келишими каралган Жогорку Кеңештин буга чейинки жыйынында президент Садыр Жапаровдон Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды үй камагына чыгарууну суранган. Ал парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында да маселе көтөрдү.

“Урматтуу бийлик өкүлдөрү, суранам өтө аша чаппайлык. Өткөндө президентке кайрылып аялдарга аяр мамиле кылалы десем “мыйзам баарына бирдей” деп жооп бердиңиздер. Биз азыр эмнени көрүп атабыз? Болот Темировду өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып жиберишти. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү, биз мыйзам бузуулар болуп жатканын түшүнүп турабыз. Бирок мынчалык аша чаппагыла да”.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин кайталап келет. Камчыбек Ташиев өткөн аптада парламенттин жыйынында өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөгөн күчтөр бар экенин айтып, аларга катуу чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Атайын кызматтын төрагасы менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын буга чейинки кайым айтышуулары да депутаттардын беделине байланыштуу маселени күн тартибине чыгарган.

“Мен “90 депутатты коргойм. Баарына ата болом, эне болом” деп убада берген эмесмин. Бирок менин милдетим ошондой. Мен милдетимди так аткарам. Бул жерде Өмүрбек Бакиров жөнүндө эле эмес Жогорку Кеңештин депутаты жөнүндө сөз болуп атат. Андыктан бул маселе жөн калбайт. Бул мыйзамдуу болдубу же мыйзамсыз болдубу чара көрүлөт”, - деди спикер Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланган. Кыргызстанда Конституция алмашып өлкө президенттик башкарууга өткөндөн кийин парламенттин ыйгарым укугу бир топ азайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG