Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Сөз эркиндигинин тагдыры талкууда (видео)


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Бишкекте "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деп аталган тегерек үстөл өттү. Анда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам жана сөз эркиндигинин абалы талкууланды.

15-ноябрда Бишкекте укук коргоочулар, медиа жана эл аралык эксперттер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда
өтүп жаткан жыйынга эл өкүлдөрүнөн Чыңгыз Айдарбеков, Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Гуля Кожокулова, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанабев, президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков катышты. Тегерек үстөлдү "Интерньюс Кыргызстан", "Адилет" укуктук клиникасы жана Кыргызстандагы медиалардын платформасы уюштурган.

(видео)

Жыйынга катышкан президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда отуз жылдан бери сөз эркиндиги болгон, азыр да бар деп эсептейт.

"Биз ар дайым талкууга ачыкпыз, сунуштарды угабыз. Сөз эркиндиги - көз карандысыздыгыбыздын жетишкендиги. Ошондуктан, мамлекет өз кезегинде сөз эркиндигин сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кылат", - деди Султанбаев.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "ар бир жазылган мыйзам бүгүнкү күндүн талабына ылайык эмес, келечекке иштей тургандай жазылышы керек" деп эсептейт. Ал жыйында журналисттердин жоопкерчилик маселесин дагы көтөрдү.

"Сөз эркиндиги деп бардык нерсени ачык, терең анализдебей берип койгондон этият болушубуз керек. Негизинен так эмес, анык эмес маалыматтар боюнча мыйзам тууралуу алдыда сөз болот. Мыйзамды кабыл алууга сунушуңуздарды бересиздер, биз аны парламентте дагы талкуулайбыз. Ал мыйзам келечекке иштеш керек. Эч качан мыйзам бүгүнкү күндүн талабына ылайык жазылбашы керек деп дайыма айтам. Ар бир бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес. Тескерисинче, анын терс көрүнүшү болгон", - деди Шакиев.

Шакиев сөз эркиндиги Кыргызстандын жетишкендиги экенин, ага карата анча-мынча терс, мыйзамсыз көрүнүштөр болсо дайыма каршы тура турганын белгиледи.

АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жакында чек арада болгон чыр-чатакта эркин медиалар баарын жеринен күнү-түнү чагылдырып, эл аралык деңгээлде тараткан үчүн Кыргызстан маалымат согушунда жеңди деп белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Жалган маалыматтан коргоо" жөнүндө мыйзам жалган маалымат менен күрөшүүгө эмес, башка максатта кабыл алынган деп эсептей турганын билдирди.

"Биз баарыбыз бот-фермаларды, фейк-троллдору ким жетектей турганын жакшы билебиз, бирок билбегендей түр көрсөтөбүз. Маданият министрлиги бул мыйзамды социалдык тармактарга карата колдонууга болбойт деп билдирди. Демек, бул мыйзам Кыргызстанда катталган сайттарга каршы колдонулат дегенди билдирет. Ал биз билген сайттарга каршы колдонулат. Башкача айтканда, бул жалган маалыматтан коргоо үчүн эмес, эгерде мыйзамдуу эмес, бирок иш жүзүндө тыюу салынган суроолор көтөрүлсө, аларга каршы ушул “куралды” колдонууга багытталган”, - деди депутат.

Бот-фермалар, фейк-троллдорго байланыштуу маселени депутат Адахан Мадумаров дагы козгоду.

14-ноябрда Юстиция министрлиги президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна терс корутунду берген. Министрликтин маалыматында документ айрым экспертизалардан өткөн эмес. Министрлик эксперттер мыйзам долбоордун кайсы бөлүгүнө макул болбогонун тактаган эмес.

Буга чейин Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору президентке, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына, башкы прокурорго, ички иштер министрине, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрине кайрылуу жолдогон. Анда президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгиленген.

Мунун алдында Кыргызстандагы медиа жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан Венеция комиссиясына кайрылып, "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбооруна байланыштуу корутунду алууну суранышкан. Он уюмдун жана кыркка жакын журналисттин атынан жолдонгон кайрылууда жаңы мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жарата турганы белгиленген.

28-сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору сунушталган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам азыркы замандын талабына жооп бербей калганы жазылган.

Ошондой эле маалыматтар каражаттары жөнүндө мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү максаты турганы, учурда күчүндө турган мыйзамда интернет аркылуу маалымат тараткан медиа каражаттарынын иши тескелбей калганы жүйө катары көрсөтүлгөн.

"Азаттыкка" каршы куугунтукка сын

Талкууда "Азаттык" радиосуна байланыштуу маселелер да айтылды. Эске сала кетсек, 23-октябрдан тартып Улуттук телерадиокорпорациясы, 13-ноябрдан тартып НТС телеканалы "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн эфирден берүүнү токтоткон. Ага чейин 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева радионун сайты эки айга бөгөттөлүп, радио жана телеберүүлөрү токтотулуп, банк эсеби жабылганын белгиледи.

"Азыркы мыйзамдар деле оңой эмес экен. Бирок ушул күнгө чейин кайсы документ, кандай чечимдин негизинде бизге каршы аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу суроолорубузга жооп ала элекпиз. "Азаттык" бардык өлкөлөрдө жабылган, Кыргызстанда да жабыш керек" деп соцтармактарга таратып жатасыңар, ошого карата айтып коеюн. "Азаттыктын" бюролору Казакстандын Астана, Алматы шаарларында бар, Тажикстандын борборунда жайгашкан. Өзбек өкмөтү биздин жетекчиликке чыгып, "келгиле, кайра бизге бюро ачып, жакшылап иштеңиздер" деп сунуш кылып жатат. "Азаттык" бүгүн 28 тилде чыгат. Биз ошол 28 редакциянын арасында башыбызды бийик кармап, сыймыктанып келгенбиз. "Кыргызстан цивилизациялуу өлкө, мыйзамдар иштейт, адам укугу сыйланат. Коңшу өлкөлөргө караганда эркин пресса көбүрөөк өнүккөн. Анткени кыргыз элинин мүнөзү, табияты, касиети ошондой" деп сыймыктанып айтчубуз. Биз ошол боюнча кала бергибиз келет. Жер карап калгыбыз келбейт. Кандай кадамдар жасалса да, баары мыйзамдын негизинде жасалышы керек", - деди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев анык эмес маалымат таратуунү жүйө кылып, кайсы бир сайт Маданият министрлигинин чечими менен, эскертүүсүз эле жабылып калышы туура эмес деп эсептейт. Депутат кайсы бир материал тууралуу маалымат каражаттын өзүнө дагы түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деген оюн айтты.

Ал диалогго келип президенттик администрация иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун токтото турууну сунуштады. Мындан сырткары депутаттар "Азаттыкты" жабуу тууралуу кандайча кол коюшканын айтты.

"Азыр "Азаттыккты" жабыш керек деп 60тан ашуун депутат кол коюп берди деп президентибиз ишенип отурат. Депутаттар кантип кол чогултту. Бизге туруктуулук, стабилдүүлүк керек десе депутаттардын көбү кол коюп берди. Тилекке каршы, окубай калгандар көп болуп калыптыр. Мына ушуну туура түшүндүрүп коюш керек. Мен депутаттарга шек келтиргим келбейт, бирок көпчүлүгүнө үстүндөгү баракты окуткан эмес, "Азаттыкты" жабуу тууралуу айткан эмес. Позитивди, айлык акы, пенсия көтөрүлгөнүн, темир жол курулуп жатканын бардык сайттар жазып жатат. Бирок өлкөдө массалык камоолор болуп жатса, адам укугун чектеген учурлар болуп жатса кантип жазбай койот. Бул мүмкүн эмес. Экинчиден, VPN жана башканы мүмкүнчүлүгү бизден көбүрөөк Орусия, Кытай жапса жаап коет эле го. Азыр дүйнө таптакыр башка, ЖМКны жаап салам деген мүмкүн эмес. Кайсыл айылга барсаңыз ар биринин колунда бирден смартфон бар. Бүт баарынын маалымат алуу укугу бар. Анда WhatsАpp, YouTube бардыгын жаап, "Эркин-Тоо" менен "Кыргыз-Туусун" калтырып коюш керек болот. Бардыгыбыз эле Кыргызстанга күйөбүз, мен дагы күнү-түнү өлкө өнүксө экен деп ойлогондордун биримин. "Азаттыкта", "Кактуста", бардык эле медиада иштегендер Кыргызстандын жарандары. Бизде экономика өнүгүп, дүркүрөп өсүп кетсек деген эле адам", - деди Акаев.

Жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн туруктуу координатору Антье Граве эркин медиага кысым күчөсө, эл менен бийликтин ортосундагы ишенич бузула турганын айтты. Ал Кыргызстан БУУга мүчө мамлекет катары сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык милдеттемелерди алганын эске салып, эркин маалымат алуу жана сөз эркиндиги адам укуктарынын негизин түзөрүн белгиледи.

"Сөз эркиндиги, маалымат алуу эркиндиги адамдын негизги укуктары болуп эсептелет. Коом маалымат алып, сөз эркиндигине ээ болуп кайсы бир маселеге макул эместигин көрсөтө алса, ошол мамлекет күчтүү деп эсептелет. Өкмөт отчеттуулукту жана ачыктыкты камсыз кылышы зарыл. Эркин медиага чектөө болсо коомдогу бардык көйгөйлөр көтөрүлүшү мүмкүн жана эл менен бийликтин ортосундагы ишеним бузулушу ыктымал", - деди Граве.

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте укук коргоочулар, медиа жана эл аралык эксперттер, журналисттер жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деген аталышта тегерек үстөл өттү.

Президенттик аппарат “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн медиа тармагынын 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүнү убада кылды. Маалыматка караганда, документ иштелип чыккандан кийин президенттик администрация тарабынан Венеция комиссиясына экспертизага жөнөтүлөт.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын "Азаттыкка" жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.

13-ноябрдан тартып "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы "Санжыра" радиосу обого чыгарбай калды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө, “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотулушу керектиги жазылган.

13-октябрда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү талап кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG