Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Льюис: Мыйзамдар эркин медиага каршы кыянат колдонулууда


“Журналисттерди коргоо комитети” эл аралык уюмунун кабарчысы Ник Льюис.
“Журналисттерди коргоо комитети” эл аралык уюмунун кабарчысы Ник Льюис.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” кыргыз бийлигин “Азаттык” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун Борбор Азия жана Кавказ боюнча кабарчысы Ник Льюис Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы тууралуу маек курду.

- Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө чечимин айыпташты. Адеп “Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ​) “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүнө кандай мүнөздөмө берип жатканын кененирээк түшүндүрүп бересизби?

- Биз соңку билдирүүбүздө бул чечимди чектен чыккан цензура деп атадык. Так ошондой болуп жатат. Биз “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун сөз болуп жаткан материалда журналисттик этика бузулган эмес деген тыянагы менен макулбуз. Көпчүлүк баса белгилеп жаткандай, “Жалган маалыматтан коргоо” мыйзамы талаштуу болсо да, бул жерде ал мыйзам бузулган жок.

Мыйзамда жеке адам же юридикалык жак өзүнүн кадыр-баркына доо кетирген маалыматка каршы даттана алары жазылган. Бул жерде эч бир жеке адамдын же компаниянын репутациясына шек келген жок.

Бул окуя мыйзамдын колдонулушу боюнча биздин терең тынчсыздануубузду ырастап койду. 2020-2021-жылдары бул мыйзам сунушталып, кабыл алынып жатканда документ адамды жалган жалаадан жана троллдордон гана коргойт, маалымат каражаттарына каршы колдонулбайт деп айтылган. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталган мыйзамдын алгачкы версиясында жалпы түшүнүктөр гана жазылган эле. Жарандарды, юридикалык жактарды жана мамлекетти жалган маалыматтан коргоо жана мындай маалыматка тыюу салуу жөнүндө жалпы жонунан гана сөз болгон.

Маданият жана маалымат министрлигинин билдирүүсүндө жана “Азаттыкка” жөнөткөн каттарында жерде жалган жалаа жөнүндө сөз жок. Ар кыл дооматтар, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет жана кастыкты козутат делген кызыктай бир дооматтар жүрөт. “Жалган маалыматтан коргоо” мыйзамынын баштапкы версиясы өзгөртүлгөнү менен кыргыз бийлиги башынан эле өзүнө ыңгайсыздык жараткан маалыматка же медиа каражатына бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамдык инструментке муктаж болгон ачык көрүнүп турат.

“Азаттык” көп критерийлер боюнча Кыргызстандагы эң популярдуу медиа каражаты. Бул медиа бийликтин жоопкерчилигин дайыма баса белгилеп келет. “Азаттык” бийликке ыңгайсыздык жараткан маанилүү маселелерди талдап, чагылдырып жатат. Соңку мезгилде кыргыз бийлиги сынчыл көз караштагы адамдарга барган сайын көп кысым көрсөтүп жатат. Мындай окуяларды соңку күндөрү да көрүп жатабыз. Бул окуялардын бири-бирине байланышы жок деп айта албайм.

- “Журналисттерди коргоо комитети” “Азаттыктын” сайтын бөгөттөөгө негиз берген талаштуу “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” талаштуу мыйзамды жокко чыгарууга да чакырды. Бул мыйзам эмнеси менен талаштуу экенин түшүндүрүп бересизби? Ушул сыяктуу мыйзамдардын башка демократиялуу өлкөлөрдө, анын ичинде Батыш мамлекеттеринде кабыл алынышын элестете аласызбы?

- “Азаттыктын” сайтын бөгөттөөдө бул мыйзам бузулганын айтып өттүм. Бирок мыйзамдын өзүндө маселелер көп. “Журналисттерди коргоо комитети” бир нече жолу бул мыйзамды четке кагууга чакырган. Бул мыйзамга байланыштуу бир нече маселени айтар элем. Кыргызстанда жалган жалаага сот аркылуу чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берген башка механизмдер бар. Мындай учурда чечимди өкмөттүк агенттик эмес, сот кабыл алышы керек. Андан тышкары бул мыйзамда чектен чыккан санкциялар каралган. Бийлик туура эмес делген маалымат камтылган баракчаны гана эмес, бүтүндөй вебсайтты эки айга бөгөттөп коё алат. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, эгер сөз болуп жаткан медиа материалды алып салбаса, коюлган бөгөт белгисиз мөөнөткө чейин кала бериши мүмкүн.

Ошондой эле бул мыйзамда чечим кабыл алуу жараяны да ачык-айкын көрсөтүлгөн эмес. Чечимди мамлекеттик кызматкерлер кабыл алышат. Бирок алар чечимди кандай категориянын негизинде кабыл алары мыйзамда жазылган эмес. Алар өз чечимин түшүндүрүп бериши керек деген да талап жок.

Батыштагы демократиялуу өлкөлөрдөгү мыйзамдарда эки маанилүү жагдай бар. Ал жерде юридикалык ачыктык бар. Медиа каражаттары эмне күтүлөрүн, чечимдер кандай кабыл алынарын так билишет. Санкциялардын көлөмү да мыйзам бузуунун табиятына шайкеш келет.

Кыргызстандагы мыйзамда бул жагдайлар эске алынган эмес. Мыйзамды өз алдынча чечмелөөгө жана эркин медиага каршы тандалма түрдө, кыянат колдонууга шарт түзүлгөн. Ушул себептерден улам “Журналисттерди коргоо комитети” бир нече жолу бул мыйзамды четке кагууга үндөгөн жана үндөй берет.

- Кыргыз президентинин администрациясы сунуштаган дагы бир мыйзамдын долбоору тууралуу да сөз кыла кетели. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” бул долбоор кабыл алынса, медиа каражаттары кайра каттоодон өтүшү керек болот. 50 пайыздан ашыгы чет жактан каржыланган уюмдар да медиа каражатын түптөй алышпайт. Бийлик маалымат каражаттары жөнүндө 1990-жылдардын башында кабыл алынган мыйзам моралдык жактан эскиргенин айтууда. Жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанда медиа эркиндигин камсыз кыла алабы? Буга байланыштуу кандай тынчсыздануулар бар?

- Тилекке каршы, бул мыйзам маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кыла алабы деген суроого “жок” деп жооп берем. Жаңы мыйзамда бир топ чектөөлөр бар. Чет өлкөлүктөргө же уюмдарга маалымат каражатынын негиздөөчүсү болууга тыюу салынат.

Буга чейин айтканымдай, кайсы бир мыйзамда юридикалык тактык жана ачыктык болушу керек жана көрүлгөн чаранын көлөмү да адилеттүү болушу зарыл. Тилекке каршы бул мыйзамда так эмес беренелер, сөздөр көп.

Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде даярдалган материалдын мазмунуна байланыштуу бир топ чектөөлөр жазылган. Биринчи жолку мыйзам бузуу үчүн медиа каражаты эскертүү алат. 12 ай ичинде экинчи жолу мыйзамдын беренелери бузула турган болсо, анда ал маалымат каражаты жабылышы мүмкүн. Мыйзамда кетирилген катанын кичине же чоң экени белгиленген эмес.

Эгер кайсы бир медиа каражаты бир жылда эки жолу мыйзамда тыюу салынган маалыматты жарыяласа, күнөөсүздүк презумциясын бузса, же адамдын жеке турмушуна кийлигишсе, анда ал жабылышы ыктымал.

Бул мыйзамда да кайсы бир беренелерди кыянат пайдаланууга жол ачылган. Бийликке эркин, сын көз караштагы медианы жаап коюуга же каттоодон өткөрбөй коюуга шылтоо болуп бериши мүмкүн.

Бул эркин медианы тандалма түрдө бутага алууга мүмкүнчүлүк берген башка өлкөлөрдөгү мыйзамдарга окшошуп турат. Мындай жагдай бизди тынчсыздандырып турат. “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам кыянаттык менен колдонулуп жатканын көрүп турабыз. Андыктан бул маселеде да оптимист боло албайбыз.

- Соңку бир жыл ичинде Кыргызстанда айрым журналисттерге жана блогерлерге, анын ичинде белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темировго кылмыш иши ачылды. Мындай өнүгүүлөр, анын ичинде “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшү сыяктуу соңку окуялар Кыргызстандагы медиа эркиндигине кандай таасирин тийгизип жатат?

- Мен мыйзамдар кыянат пайдаланылып жатканын айтып өттүм. Болот Темировдун жана Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин окуясында да ушундай эле маселеге күбө болдук. Бул эки окуяда тең бул журналисттерди жоопко тартуу тууралуу айрым чечимдер “жогору жакта” кабыл алынганы анык көрүнүп калды.

Темиров бийликтин жогорку сересиндеги коррупцияны иликтеп келет. Next TV телеканалы оппозициядагы саясатчыга таандык. Андыктан адеп аларды жоопко тартуу тууралуу чечимдер кабыл алынган. Андан соң гана аларды кандай жол менен жоопко тартса болорун ойлонушкандай көрүнөт. Temirov LIVE командасы бийлик Болот Темировго каршы баңгизатка байланыштуу айыптарды кантип токуп чыкканын көрсөтүп берген. Дүйшөмбиев Next TV телеканалы белгилүү коомдук ишмерлердин айткандарына шилтеме бергени үчүн гана жоопко тартылды. Андыктан бул акылга сыйбаган айып.

Соттор Темиров менен Дүйшөмбиевди түрмөгө кеспегени жакшы болду. Бирок бул маселелер негизи сотко чейин жетпеши керек эле. Бул эки окуя тең юридикалык опузанын эң кооптуу мисалы болуп калды. Айрым блогерлер андан да жаман тагдырга туш болушту.

Регионалдык алкактан караганда, Кыргызстанда эркин медиа күчтүү жана маалымат каражаттарынын таламын талашкан күчтүү уюмдар бар. Алар бул маселелерге каршы күрөшүп жатышат жана күрөшө беришет. Бул репрессия журналисттер арасында өзүн-өзү цензурага жол ачышы мүмкүн.

“Азаттыктын” сайтын бөгөттөө чечими менен кыргыз бийлиги эскалацияга барып жатканы анык көрүнүүдө. Бул Кыргызстандагы медиа эркиндигине өтө начар таасирин тийгизет.

- Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда эркин медиалардын ишине чектөө жок деп ишендирип жатат. Ушундай эле сөздөрдү өкмөттүн жогорку даражалуу өкүлдөрү да айтышкан. Кезинде Кыргызстан демократиянын аралчасы катары мүнөздөлүп келген. Ушундай мүнөздөмө азыр канчалык ылайыктуу?

- Азыр бул чоң суроо. Барган сайын күмөн саноолорду жаратып жатат. Соңку 30 жылда Кыргызстандын медиа айдыңы зымга тизгендей мыкты болбосо да Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыйла эркин болуп келди. Ал эми эркин медиа демократиянын пайдубалы. Биз Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн катарына кошулуп баратканын көрүп жатабыз. Кыргыз бийлиги медиа эркиндиги жана сөз эркиндиги жаатында Кыргызстандын пьедесталдагы ордун көздөй балта көтөрүп бара жаткандай туюлат. Бул бир гана журналисттерди эмес, бүтүндөй кыргыз коомчулугун камтама кыла турган жагдай.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG