Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Иранда журналисттин сөөгү жашыруун көмүлгөнү белгилүү болду


Реза Хагигатнеджад.
Реза Хагигатнеджад.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматынын кабарчысы Реза Хагигатнеджаддын сөөгүн Шираз шаарынын жакасына жашыруун көмүп салганын анын үй-бүлөсүнө кабарлады.

30-октябрда ирандык журналист Ахмад Батеби Твиттердеги баракчасында Реза Хагигатнеджаддын мүрзөсү делген жердин видеосун жарыялап, "белгилүү журналисттин сөөгү уурдалгандан бир жума өткөндөн кийин, бийлик аны үй-бүлөсүнө кабар бербей, акырын көмүп салган".деп жазат.

45 жаштагы саясий баяндамачы Реза Хагигатнеджад "Фарда" радиосунун кабарчысы болуп 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал 17-октябрь күнү Берлиндеги "Шарите" ооруканасында өсмө оорусунан (рак) каза болгон.

Анын сөөгү Иран бийлигинин макулдугу менен туулган жерине жеткирилген. Бирок Ислам революциясынын кайтаруучулары анын сөөгүн белгисиз жакка уурдап кеткен.

27-октябрда Хагигатнеджаддын апасы Бейгумжан Раиси видео билдирүү жасап, анда Ирандын коопсуздук агенттери уулунун сөөгүн уурдап кеткенин айткан.

"Уулумду алты жылдан бери көрө элекмин. Анын оорусун билчү эмесмин. Эми сөөгү Иранга кайтып келгенден кийин аэропорттон бийлик уурдап кетти", -дейт журналисттин энеси.

"Ислам революциясынын сакчылар корпусу" Иранда 1979-жылдан кийин түзүлгөн жана өлкөдөгү бийликтин азыркы исламчыл делген системасын сактап, коргоо милдети жүктөлгөн тандалма аскер тобу.

Бул корпус өлкөнүн жогорку руханий көсөмү саналган аятолла Али Хаменеиге тикелей баш ийет.

"Ырайымсыз таш боордук"

Буга чейин АКШнын Мамлекетти департаменти Иран бийлигин Реза Хагигатнеджаддин сөөгүн кайтарып берүүгө чакырган. Резанын сөөгүн уурдалышын Мамдепартамент "жийиркеничтүү" деп атады.

"Резанын сөөгүн Иранга, кичи мекени Ширазда көмүү үчүн жеткирилген учурда Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) уурдап кеткени тууралуу маалыматты жийиркенүү менен кабылдадык. Хагигатнеджаддын сөөгүн алып кетүү - Иран бийлиги өзүнүн кылмыштарын ашкерелеген журналисттерден өлгөндөн кийин да коркуп жатканын көрсөтөт", - деп жазылган Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы 27-октябрда тараткан билдирүүдө.

"Реза Хагигатнеджадга жасалган мамиле Иран бийлигинин журналисттер өлгөндөн кийин да алардан канчалык коркуп турганын көрсөтөт", - деп билдирди 28-октябрда Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс .

Анын алдында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай Ирандын режиминин журналисттин үй-бүлөсүнө карата мамилесин “ырайымсыз таш боордук” катары баалады.

Хагигатнежад журналисттерге кысым күчөгөндөн улам Ирандан чыгып кетип, өлкөнүн чегинен тышкары перс тилдүү маалымат каражаттары менен иштеше баштаган.

Иранда 40тан ашуун журналист камакта

Ал арада Иран бийлиги каза тапкан 22 жаштагы активист Махса Амининин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп жазып чыккан эки журналист кызды “мамлекетке чыккынчылык кылды жана Кошмо Штаттардын атайын кызматынын пайдасына иштеди” деп айыптоодо. Жекшембиде Ирандын мыйзамдары боюнча алар өлүм жазасына тартылышы ыктымал экени кабарланды.

Нилуфар Хамеди.
Нилуфар Хамеди.

Журналисттер Нилуфар Хамеди менен Элаэ Мохаммадини полиция жапырт митингдер башталган алгачкы күндөрдө кармап кеткен. Алар көбүнчө саясий туткундар кармалары менен атагы чыккан Эвин түрмөсүнө камалган.

Ирандын атайын кызматтары журналист кыздарды АКШнын Чалгын кызматынын (ЦРУ) агенттери деп атаган биргелешкен билдирүүсүн жарыялап, бир айдан бери токтобой жаткан жапырт акцияларды ЦРУ, “Моссад” уюмдары жана Батыштын чалгын кызматтары уюштурганын белгилешти.

Жалпысынан соңку окуялар учурунда Иранда 40тан ашуун журналист камакка алынды. Британиянын The Guardian басылмасына жергиликтүү кабарчылар айтып беришкендей, Иранда журналисттердин артынан дайыма аңдуу болот, атайын кызматтар алардын телефон аркылуу сүйлөшүп, жазышкандарын дайыма тескеп турушат.

Ал-Захра Университетиндеги митинг. Тегеран. Иран.
Ал-Захра Университетиндеги митинг. Тегеран. Иран.

Быйыл 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтууда. Соңку акцияларда 200дөй адам өлтүрүлдү.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG