Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

"Ирандык аялдардын эркиндик күрөшү башкаларга дем берет"


Ирандык аялдардын укуктарын колдоо акциясы. Стамбул, 23-сентябрь 2022-жыл
Ирандык аялдардын укуктарын колдоо акциясы. Стамбул, 23-сентябрь 2022-жыл

Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда. 17-сентябрда хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармалган 22 жаштагы Махса Амини абакта каза тапкандан кийин Ислам жумуриятынын жер-жеринде эл козголду.

Бийлик 40тай киши, арасында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери набыт болгонун, жүздөгөн киши кармалганын билдирген. Бирок интернет жана байланыш жок болгондуктан, так маалымат алуу кыйын. Тегеран өкмөтүнө каршы демонстрациялар бир катар чет өлкөлөрдө да уюштурулду.

Тегерандын адеп-ахлак полициясы студент кыз Махса Аминини көчөдө хижабсыз жүргөн деген негизде кармап кеткен. Полиция анын жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр маркум катуу сабалганын айтып беришкен. Жакындары Махсанын жүрөгү таза болгонун, ден соолугуна эч качан даттанбаганын айтышат.

Журналист жана изилдөөчү Фред Андон Петросян
Журналист жана изилдөөчү Фред Андон Петросян

Ирандагы соңку кырдаал жана нааразылыктын азыркы толкуну тууралуу суроолорубузга Брюсселде жайгашкан ирандык журналист жана изилдөөчү Фред Андон Петросян жооп берди. Анын айтымында, интернет блоктолгону менен, анда-санда байланыш пайда болгондо, маалымат, видео-сүрөттөрдү жиберип жатышат.

Бул жолку нааразылык акцияларын бир топ адамдар көтөрүлүш, атүгүл революция деп сыпатташууда. Эл милдеттүү хижабга гана каршы эмес, эркиндикти, акыйкаттыкты талап кылууда. Түндүктөн түштүккө, чыгыштан батышка, Тегерандан күрт райондоруна, чоң калаалардан чакан шаарларга чейин демонстрацияларда жаңырган ураандарга көз чаптырсаңар, биримдиктин белгиси катары “Барыбыз Махсабыз” деп ураан чакырышууда. “Аял. Эркиндик. Жашоо” дегени өтө популярдуу болуп, учкул сөзгө айланды. Албетте, Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хамениеге каршы ураандар жаңырып жатат. Адаттагыдай эле коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ырайымсыз мамиле кылууда. Кеминде 50 кишинин каза тапканы, миңдей кишинин кармалганы кабарланууда. Буга карабай акциялар кеңейүүдө. Белгилүү жазуучулар, артисттер, спортсмендер элге тилектешитигин, колдоосун билдиришүүдө.

- Аялдар милдеттүү хижабга каршы акцияларга буга чейин да чыгып келген. Бүгүнкү акциялар эмнеси менен айырмаланат?

- 1979-жылы революция болуп, Ислам жумурияты бийликке келгенден кийин аялдар бети-башын жаап жүрүш керек деген эреже киргизилген. Ирандын аялдары мындан башка да кысымга, дискриминациялаган мыйзамдарга, укуктарынын бузулушуна туш болуп келатат. Кыз-келиндердин мураскер болуу укугу, жумушка орношуу укуктары, кыймыл-аракеттери кыйла чектелген. Иранда буга чейин да, мисалы, 2009-жылы ири нааразылык акциялары тутанган. Эсиңиздерде болсо, ошондо Жашылдар кыймылы түзүлгөн. Мындан төрт жыл, эки жыл мурун да өкмөткө каршы демонстрацияларга күбө болгонуз. Бул ирет эмнеси менен айырмаланат? Акциялар бүтүндөй өлкөгө жайылды. Азыр айткандай, артисттер, жазуучулар, футболчулар нааразылыкты колдоп, өзүн чоң тобокелге салууда. “Ислам жумурияты кетсин” деген, эркиндикти, адилеттүүлүктү талап кылган ураандар катуураак жаңырып жатат." Ислам жумуриятын каалабайбыз, жетет” деп талап кылышууда. Бул эл чыныгы өзгөрүүлөрдү, бүтүндөй режимди алмаштырууну эңсейт дегенди билдирет.

- Бирок режимди кетирүү азыр мүмкүн болбосо керек?

- Күрөш уланууда. Ал эмне менен аяктаарын эч ким билбейт. Мисалы, Тунисте окуялар кандай өнүккөнү эсибизде. Ар бир өлкөнүн өз тарыхы бар. Бир нерсе так: эл туруштук берүүдө. Өлкө ичинде да, сыртында болуп көрбөгөндөй тилектештикти көрүп жатабыз. Окуялар кандай нукта өнүгөрүн байкап туралы.

- Социалдык тармактарда ирандык аялдардын эрдигине таң бергендер, суктангандар көп. Сиз айткандай, режимдин ырайымсызыдыгын эске алганда, мындай акцияларга чыгуу үчүн эр жүрөктүк керек. Кээ бирлер орусиялыктар ирандык аялдардан үлгү алыш керек деп айтышууда. Сиз ушундай ойго кошуласызбы?

- Чет өлкөлүк бир катар кишилер, мисалы, АКШнын БУУдагы элчиси Ирандагы демонстрациялар, элдин көтөрүлүп, эркиндик, акыйкаттык үчүн күрөшүүсү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө дем берет деп айтканы бар. Ооба, менимче, алар башкаларга шыкак бериши ыктымал.

- Ал эми кармалгандардын тагдыры кандай болот? Иран түрмөлөрүндө, алсак, айтылуу Эвинде отургандар кандай азап-тозокко кабылары кеңири маалым го.

- 43 жылдан бери Иранда элди куугунтуктоо, жазалоо уланып келатат. Кээ бир убакытта басаңдап калат, кээде күчөйт. Буга карабай, элдин ири бөлүгү өзгөрүүлөр болот, кырдаал жакшырат деген илгери үмүт менен жашап келди. Акыркы 2-3 жылдан бери ошол үмүт акырындык менен өчүп жаткандай. Байистүү же жок дегенде элди ойлогон режим келет деп үмүттөнбөй калышты өңдөнөт. 2-3 жылдан бери инфляция болуп көрбөгөндөй деңгээлге өстү, коррупция көрсөткүчтөрү эбегейсиз көтөрүлдү. Бийликтегилердин сөздөрү менен жасаган иштери абдан айырмаланат. Алар АКШнын, Батыштын империализмине каршы күрөшөбүз деп өлкө обочодо калды, санкцияларга туш болду, ички репрессиялар күчөдү. Ошол эле маалда алардын балдары Кошмо Штаттардан, Канада, Европадан жыргал, бакубат, батыш стандарттарындагы жашоосун чагылдырган сүрөт, видеолорду Инстаграммга байма-бай жайгаштырышат. Мунун бардыгын көргөн эл, албетте, ушундай дискриминацияга ачууланат. Эң негизгиси, режим легитимдүүлүгүн жоготуп койду.

- Орусиядагыдай турбайбы. Чоңдордун балдары Батышта окуп жашап жүрбөйбү...

- Бардык диктаторлордун, диктатуралардын, паракорлуктун ДНКсы бирдей. Бардыгы бирди айтып, кылгандары башка.

- Эми эмне болот? Окуялар кандай өнүгүп, эмне менен аяктайт дейсиз?

Муну эч ким айта албайт. Бардыгы иран элине жараша болот. Бир нерсени белгилейт элем, нааразылык тутангандан бери жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи окуяларга байланыштуу же ак, же көк деп айта элек. Айрым кишилер "ал ооруп атат, атүгүл абалы оор" деген айың кептерди айтышууда. Билбейм, балким бүгүн-эртең бир нерсе деп айтып жиберет. Бирок азыркыга чейин үн катпаганы абдан таң калычтуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG