Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

"Айтматовдун сунушун аткарбаганыма өкүнөм". Адабиятты аздектеген ирандык ишкер


Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.

Чыгыш классиктеринин дүйнөлүк адабий казынага кошкон баа жеткис чыгармаларына азгырылбаган окурман болбосо керек дүйнөдө. Анын катарында кыргыз окурмандары да чыгыш берметтерин тээ кадим замандардан бери канааттануу менен окуп келатканы маалым. Ошол руханий байлыкка ээ болуш үчүн көркөм котормо зергерлери баа жеткис эмгектерди жаратып, тарыхый салымдарын кошуп келатышканын эстен чыгаруу мүмкүн эмес.

Бул тууралуу Кыргыз Эл акыны, кыргыздын атактуу котормочуларынын бири Эрнис Турсунов: «Көркөм котормо – көркөм өнөр. Бул өнөргө колунан көөрү төгүлгөн чоӊ зергер керек. Эгер өнөр болбосо, өнөр катары өз вазийфасын аткарбаса улуттар башка улуттардын адабиятынан кабар албас эле, адабияттын бүтүндөй доору менен, алардын артыкчылыгы менен таанышпас эле. Котормо аркылуу гана дүйнөлүк адабияттан кабар алып, окуп, сүйүп, кумарланып, куштар болуп, эстетикалык рахат алып, жогорку деӊгээлде жашоого болот», - деп таамай айткан экен.

Кыргыз адабияты менен чыгыш адабиятынын байланышы илгертен бери уланып келатканы кыргыз тилине которулган классикалык чыгармалардын санынан да, калемгерлердин кызыгуусунан да баамдоого болот. Мисал үчүн Фирдоусинин «Шахнамесин» таланттуу акын жана сатирик Райкан Шүкүрбеков 1958-жылы кыргыз тилине биринчи жолу которуп жарыкка чыгарыптыр. Жыйырма тогуз падышанын өмүр жолун чагылдырган бул ири поэтикалык чыгарманы акын жана тарых окумуштуусу Баяс Турал кыргыз тилине экинчи жолу которуп, 2017-жылы Иран Ислам Республикасынын маданий өкүлчүлүгүнүн ар тараптуу колдоосу менен жарыкка чыгарганы адабият тарыхындагы дагы бир жаӊылык деп айтсак болот.

Жалаӊ Омар Хайямдын рубаилерин баатыр акыныбыз Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Т.Шаршенбаев, Б.Акунов, А.Аширов, К.Баялинов ж.б. калемгерлер чеберчилик менен кыргызчалаган. Адам баласын жаралгандан көз жумганга чейин адам болуп жүрүүгө үндөгөн «Кабуснамени» которуу милдетин адегенде Таалайбек Ташмаматов, андан кийин Амирбек Усманов ишке ашырышты. Рудакинин поэзиясын Узакбай Абдукаимов, Саадинин «Гүлстанын» Шабданбай Абдыраманов жана Эгемберди Эрматов которуп, ар кимиси өзүнчө китеп кылып чыгарышканын окурмандар жакшы билет.

Котормо жаатында эӊ көп эмгек кылган котормочу – бул Кубанычбек Басылбеков. Кырк жылдан бери чыгыш адабиятын которуу менен алектенип келаткан чебер котормочунун «Чыгыш берметтери», Руминин «Дил сыры», Рудакинин «Ырлар жана поэмалар», Ирандын акындарынын ырлары камтылган «Акыл кенчи», Омар Хайямдын «Рубаилер», Саади Шеразинин «Гүлстан», Тан жана Сун доорлорундагы жети акындын чыгармалары топтоштурулган «Байыркы Кытай поэзиясы», Индия акындарынын «Өмүр боёктору» деп аталган он бешке жакын китептери жарык көргөн.

Мамлекет, колунда бар ишкерлер котормочуларга колдоо көрсөтүп турса, кийинки учурларда бир кыйла солгундап кеткен көркөм котормо иши кайра жанданып, окурмандардын чыгыш классиктеринин чыгармаларына болгон кусалыгы азайып турмак.

Албетте, демөөрчүлөр жок эмес бар, бирок аздык кылат. Кыргызстанда жыйырма сегиз жылдан бери эмгектенген ирандык ишкер, адабият-маданият адамдарынын мээнетин баалай билген Мухаммад Багери Гасем котормочулардын ж.б. калемгерлердин китептеринин жарыкка чыгышына көмөк көрсөтүп келатат. Адабиятка абдан кызыгат. Чыгармачыл адамдардын эмгегин баалайт. Таланттууларга таазим кылган окурман десе да болот аны.

Залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун 80 жылдыгында Кыргызстандагы тажиктердин Рудаки атындагы коомдук бирикмеси тарабынан улуу калемгердин юбилейине багыштап даярдалган эки көлөмдүү китепти Мухаммад Багери каржылап берген. Мухаммад мырза менен азыноолак аӊгемелештик.

- Мухаммад Багери мырза, Кыргызстанда отуз жылга жакын эмгектенип, калемгерлерге колдон келишинче жардам берип келатыптырсыз. Демек, Кыргызстан сиздин да бир боор өлкөӊүз болуп калды деп айтсак болобу?

- Сөзсүз түрдө. Кыргызстан менин да сүйгөн, менин да күйө турган өлкөм деп айтууга акым бар. Анткени бул өлкөдө жыйырма сегиз жылдык жалындуу жаш өмүрүмдү өткөрдүм жана экономикасына өз салымымды кошуп келатам.

- Эгемендүүлүктүн 31 жылдык майрамына сизди чакырышыптыр деп уктук. Бардыӊызбы?

- 31-август күнү Чуӊкурчактагы чоӊ майрамга атайын чакырышты. Үй-бүлөм менен кубанып бардык. Майрам абдан жакшы өттү. Кооз жайлоодо сергип эс алып, үйгө түн жарым ченде келгенбиз.

- Үй-бүлөӊүз тууралуу билсек болобу?

- Албетте. Мен кыргыздын күйөө баласымын. Аялым Назгүл менен жыйырма сегиз жылдан бери жашап келатабыз. Абдан иштерман, мээрман. Шаарбану, Гүлназ, Сумая деген үч кызыбыз бар. Эӊ кичүүсү 18 жашта. Кыргызстанга келген тагдырыма аябай ыраазымын. Эли меймандос. Кеӊ пейил. Дүйнөгө атагы чыккан Чыӊгыз Айтматов деген залкар уулу бар ушул бактылуу элдин биримин деп эсептейм өзүмдү.

Мухаммад Багери үй-бүлөсү менен.
Мухаммад Багери үй-бүлөсү менен.

- Сизди Чыӊгыз Айтматов менен жакшы тааныш болгон деп айтып жүрүшөт. Кантип таанышып калдыӊыз?

- Филармонияда өткөн 80 жылдык мааракесинде таанышканмын. Ишканабызда ага арнап ажайып тортторду жасаган элек. Аларды жана башка баалуу белектерибизди ошол мааракеде салтанаттуу түрдө тартуулаганбыз. Абдан кубанган. Филармониядан чыгып ресторанга барганда чогуу болдук. Кошо түшкөн сүрөттөрүбүз бар менде. Аларды көзүмдүн карегиндей сактап жүрөм. Кеӊсемдин төрүнө илип койгонмун.

Ошол ресторанда шашпай баарлашып олтурганыбызда ал: «Эртеӊ менин үйүмдө конок болосуз» деп калды. Муну укканда төбөм көккө жетти! Бирок, өчөшкөндөй, эртеси Тегеранга учуп кете турган билетим бар эле. Аны айтсам: «Андай болсо, мейли, кайтып келгениӊизден кийин конок болосуз» деп койду. Ушинтип макулдашканбыз. Эртеси Тегеранга учуп кеттим. Иштеримди тездетип, мүмкүн болушунча тезирээк кайтып келем, улуу инсандын үйүндө конок болуу бактысы ар кимге эле насип боло бербейт деген таттуу ойлор жан дүйнөмдү биротоло ноктолоп алган болчу. Анан…

Мухаммад Багери
Мухаммад Багери

Анан өмүр бою аттиӊ кылып, кайгыга батырып жүрө турган кабарды уктум. Улуу инсандын такилибин дароо аткарбаганыма абдан өкүндүм. Сапарымды токтотуп, эртеси үйүнө конок болуп барбаганыма өзүмдү-өзүм азырга дейре жек көрүп, күнөөлөп келем. Өмүр бою кечирилгис күнөөгө баттым. Жумуш деп жүрүп, ушундай кайгыга кириптер болдум. Улуу жазуучунун тузун айткан маалында ичпей, зар какшатып жүрө турган чоӊ жоготууга учурадым. Экөөбүз аз эле убакыттын ичинде жылуу мамиледе болуп калган элек. Аны мен ошондо бир тууганымдай сүйдүм, жакын досу болуп калдым. Ал сүйүү, урмат-сыйым жүрөгүмдүн толтосунда уюп турат азыр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG