Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

“Азаттык”: демократияны эске салган эл аралык реакциялар


Иллюстрация. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясы, Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
Иллюстрация. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясы, Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Евробиримдик Кыргызстанда "Азаттык" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн айыптады. Human Rights Watch (HRW) жана “Журналисттерди коргоо комитети” (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар да кыргыз бийлигинин аракетин сынга алууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чек арадагы жаңжал тууралуу материалга шылтап радионун веб-сайтын убактылуу жапкан. Радионун жетекчилиги сюжетке коюлган дооматка макул болгон эмес.

“Кысым активисттерден кийин эркин басма сөзгө жетти”

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин позициясын мекеменин басма сөз катчысы Нед Прайс Твиттердеги баракчасына жазды. Ал Кыргызстандын бийлигинин "Азаттык Медианын" сайтынын ишин эки айга бөгөттө чечимин айыптап, бул демократиялык аралча аталган мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрөрүн эскерткен.

Нед Прайс
Нед Прайс

“АКШ Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы – “Азаттык” радиосунун веб-сайтын бөгөттөгөнүнө терең тынчсызданууда. Бул көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысымды күчөткөн өкмөттүн бир катар аракеттеринен кийин болуп жатат. Эркин басма демократия үчүн маанилүү”, – деди Нед Прайс.

Министрлик "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин 26-октябрда чыгарды. Расмий билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат. Тагыраагы, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы быйыл 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу сюжетине доомат койгон.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген. Ал өз билдирүүсүндө бийликтин сайтты жабуу кадамын эркин медианы куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалаган.

Ал арада Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор Кыргызстандагы саясатчылар менен активисттердин камалышына жана "Азаттык" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө камтамачылыгын жарыялады.

Эймон Гилмор
Эймон Гилмор

“Мен өткөндөгү активисттердин, блогерлердин жана башка адамдардын кармалышына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын – “Азаттык” радиосунун убактылуу жабылышына терең тынчсызданып жатам. Кыргызстандын бийлиги фундаменталдуу эркиндикти сыйлоо жаатында алган өз милдеттенмелерин сыйлашы керек”.

23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин коңшу өлкөгө берүүгө каршылык билдирген жыйырмадан ашык саясатчы, активист жана укук коргоочулар кармалган. Алардын дээрлик баары тергөө аяктаганга чейин камалды.

Мындан көп узабай эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астана шаарында "Борбор Азия - Европа Биримдиги" саммитине катышып, анын алкагында Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушкан. Анда Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюу жараянына даярдык маселеси талкууланган.

Европа Биримдигинин өкүлү Эймон Гилмордун Кыргызстандагы жагдайларга камтамачылыгы ушул жолугушуунун артынан жарыяланып олтурат.

HRW жана СPJ уюмдарынын кайрылуусу

“Азаттыкка” тилектештигин эл аралык ири уюмдар да билдирүүдө. Анын ичинде Human Rights Watch (HRW) уюму да "Азаттык Медианын" сайтынын эки айга жабылышын сындаган кайрылуу таратты. Аз күн алдын эле бул мекеме Кыргызстандагы камоолорду кескин айыптап чыккан.

Human Rights Watch уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева мекеменин позициясын чечмелеп, Кыргызстан көз карандысыз медианы кысымга албай, колдоого тийиш экенин айтты.

Сыйнат Султаналиева
Сыйнат Султаналиева

"Жаңжалдын эки тарабынын тең үнүн берүү – бул стандарттуу журналисттик тажрыйба. Мындай негиз менен "Азаттыкты" бөгөттөө – Кыргызстандагы эркин журналистиканы көзөмөлдөө жана цензураны күчөтүү далалаты. Бул өлкөнүн эл аралык коомчулук алдында адам укуктары, өзгөчө сөз эркиндигине карата алган милдеттенмелерин бузууга жатат. Кыргызстан көз карандысыз маалымат каражаттарын кысымга алуунун ордуна колдоого тийиш. Бийлик сөз эркиндигин көзөмөлдөө аракетин токтотуп, адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлаарын көрсөтүшү керек", – деди Султаналиева.

Уюмдун билдирүүсүндө "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшү 13-октябрда редакциянын алдында радионун жабылышын талап кылган митингге жана Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын "Азаттыктын", Kloop жана Kaktus.media сайттарынын жабылышына чакырган петицияга кол коюу демилгесине улай эле болгону белгиленген. Нарматова өзү бул маалыматты четке каккан.

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму "Азаттык Медианын" сайттарынын ишинин бөгөттөлүшүн “чектен чыккан цензура” деп атады.

Уюм 27-октябрда тараткан билдирүүсүндө:

"Кыргыз бийлиги бөгөттөөнү тез арада токтотуп, аткаминерлерге алар үчүн ыңгайсыз репортаждарды чыгарбоого чексиз мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамды жокко чыгаруусу зарыл”, - деп белгиледи.

Гүлноза Саид
Гүлноза Саид

“Кыргызстандын бийлигинин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын сайтын бөгөттөө – бул маанилүү ЖМКга карата чектен чыккан цензура жана бул жалган маалымат тууралуу мыйзамдын өтө кооптуулугун көрсөтүп турат”, – деди CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программалык координатору Гүлноза Саид.

Укурукка айланган мыйзам

Кыргызстандын бийлиги “Азаттыкка” койгон дооматын аткарууда "Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" мыйзам менен иш алып барууда. Бул мыйзам сунушталганда да, кабыл алынып жаткан маалда да адистер ал жалпыга маалымдоо каражаттарына куугунтук кылууга инструмент болорун эскертишкен. Ага карабай талаштуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылы кол койгон.

“Журналисттерди коргоо комитетинин” Борбор Азия жана Кавказ боюнча кабарчысы Ник Льюис аталган мыйзам кыргыз бийлиги үчүн “журналисттерге сала турган укурук” болуп калганын билдирүүдө.

CPJ уюмунун "Азаттык" жөнүндө баяндамасы
CPJ уюмунун "Азаттык" жөнүндө баяндамасы

“Маданият жана маалымат министрлигинин “Азаттыкка” жөнөтүлгөн каттарында түрдүү дооматтар коюлган. Ал жерде жалган жалаа жөнүндө сөз жок. "Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет жана кастыкты козутат" делген кызыктай бир дооматтар жүрөт. “Жалган маалыматтан коргоо” мыйзамынын баштапкы версиясын өзгөртүлгөнү менен кыргыз бийлигине башынан эле өзүнө ыңгайсыздык жараткан маалыматка же медиа каражатына бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берген мыйзамдык инструмент керек болгону айдан ачык. “Азаттык” көп критерийлер боюнча Кыргызстандагы эң популярдуу медиа каражаты. Бул медиа бийликтин жоопкерчилигин дайыма баса белгилеп, талап кылып келет. “Азаттык” бийликке ыңгайсыздык жараткан маанилүү маселелерди талдап, чагылдырып жатат. Соңку мезгилде кыргыз бийлиги сынчыл көз караштагы адамдарга барган сайын көп кысым көрсөтүүдө. Мындай окуяларды соңку күндөрдө да көрүп жатабыз. Бул окуялардын бири-бирине байланышы жок деп айта албайм”.

Бирок бийлик өз чечимине карата бул сын-пикирлерге макул эмес. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда эркин медиалардын ишине чектөө болгон жок деп эсептейт. Ал 28-октябрда Фейсбукка билдирүү жазып, сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик, мыйзамдын сакталышы да маанилүү экенин белгиледи.

Эрбол Султанбаев
Эрбол Султанбаев

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат. Мунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17 - сентябрь күндөрүндөгү окуялар тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандыгына байланыштуу, хостинг провайдер тарабынан сайттын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Мыйзам катаал, бирок мыйзам деген мыйзам", – деп жазды Султанбаев.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG