Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Бүгүн "Азаттык", эртеңчи? Эркин медианы муунткан чечим


Бишкектеги көз карандысыз маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин колдоо митинги. 14-октябрь, 2022-жыл.
Бишкектеги көз карандысыз маалымат каражаттарын жана сөз эркиндигин колдоо митинги. 14-октябрь, 2022-жыл.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайтын эки айга бөгөттөө чечимин айыптаган билдирүүлөр жасалды. Министрлик бул чечимин чуу менен кабыл алынган “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде ишке ашырууда. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилиги бул кадамды эркин медианын куугунтуктоо жана кыргыз демократиясына көлөкө түшүрчү чечим деп баалады.

"Сөз эркиндигине кысым катары кабыл алдык"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 27-октябрдагы отурумунда "Азаттык" радиосунун сайты кыргыз өкмөтү тарабынан эки айга жабылганын сындады. Эл өкүлү президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, Баш мыйзамдын аткарылышын талап кылды.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

“Бүгүнкү күнү көптөгөн сайттарга, журналисттерге басым болуп жатат. Конституция менен иштебей жатабыз. Конституцияга карама-каршы келүүдө. “Азаттыкты” айтсак болот. Же болбосо ошолордун алдын барып, “өрттөп кетем, башка кылам” деп кыйкырган адамдардан мамлекет коргошу керек болчу. Ал нерсе кылынбай, бүгүнкү күнү сөз эркиндигине басмырлоо, Баш мыйзамга карама-каршы жумуштар жасалып атканы туура эмес болууда. Алмаз Акунжанович, ушуну жеткирсеңиз. Мамлекетибизде баардыгын мыйзам менен, Конституция менен иш алып барсак жакшы болот эле”.

Ушундай эле мазмундагы кайрылууну бир катар эркин маалымат каражаттары жарыялап, “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө чечимин сынга алды. Кайрылууга жыйырмадай ЖМК өкүлдөрү жана журналисттер кол койгон. Тизме улам-улам жаңыланып, кол койгондордун саны көбөйүүдө.

"Министрликтин мындай чечими дайыма сөз эркиндиги жана эркин маалымат каражаттары Кыргызстанда чоң мааниге ээ экенин белгилеп жүргөн президент Садыр Жапаровду 27-октябрда Астанага сапары алдында кабыл алынышы - мамлекет башчыны ыңгайсыз абалга калтырат. "Азаттыктын" сайтын жабуу быйыл апрелде кабыл алынган "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамынын түпкү максатын - бийликтин кемчиликтерин ашкерелеп, коомчулукка чыгарып турган маалымат каражаттарына каршы административдик басым орнотуу болгонун ачыкка чыгарды. Мыйзам чыгаруучулар сөз эркиндигин жана ЖМКлардын ишин чектеген мыйзамдарды эмес, "Жалган маалыматтан коргоо" сыяктуу "ажыдаар сымал" мыйзамды жокко чыгаруучү мыйзам долбоорун демилгелөөсүн талап кылабыз!", - деп айтылат кайрылууда.

"ПолитКлиника" басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова бийликтин бул аракетин "сөз эркиндигине болгон кысым" катары кабыл алдык дейт.

Дилбар Алимова.
Дилбар Алимова.

"Бийликтин бул аракетин сөз эркиндигине болгон кысым катары кабыл алдык. Мындай болушу мүмкүн эмес. Буга такыр жол бербешибиз керек. Анткени бүгүн "Азаттыкты" жапса, эртең башка эркин медиаларга асылышы мүмкүн. Мындан улам жарандык коом, кайдигер эмес жарандар буга каршы пикирин билдириши зарыл деп ойлойм".

Азыркы тапта “Азаттыктын” сайты бир нече интернет провайдерден ачылбай жатат. Окурмандар VPN аркылуу кирип же “Азаттыктын” тиркемесин көчүрүп алуу менен маалымат алууда. Ошол эле учурда “Азаттык Медианын” Ютубдагы, Телеграмдагы каналы, Инстаграмдагы, Фейсбуктагы баракчасы үзгүлтүккө учураган жок.

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев "Азаттыктын" сайты боюнча чектөөнү тез арада токтотуу керек деп эсептейт.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

“Азаттык” маалыматты ачык, айкын берген, көп жылдан берки тажрыйбасы жана тарыхы бар ЖМК. Ар бир бийлик келгенде кандайдыр бир таарынычы болот, бирок бийликтен кеткенден кийин “Азаттык” объективдүү болуп, алардын ой-пикирин берип жүрөт. Ошондо алар чыканагын тиштеп, “биз “Азаттыкты” туура эмес кылган экенбиз” дешет. ЖМКнын иштөөсү үчүн кандайдыр бир каражат бөлүнүп берилиши бул эл аралык тажрыйба. Андыктан америкалык ЖМК дешкени менен “Азаттыктын” ички саясаты Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт, ал жаңылыктарды тез, таза, ачык чагылдырып берген, элди агартуу жагы жогорку деңгээлге коюлган ЖМК. Журналисттердин кесипкөйлүгү, маалымат берүүсү абдан жогорку деңгээлде. Көпчүлүк учурда “Азаттык” стандарт жагынан биздин ички жалпыга маалымдоо каражаттарына үлгү. Ошондуктан өкмөт жакын арада бул чечимди кайра карап чыгып, өзүнүн чектөөлөрүн алып коюшу керек”.

Ал арада “Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму "Азаттык Медианын" сайттарынын ишинин бөгөттөлүшүн “чектен чыккан цензура” деп атады. Уюм 27-октябрда тараткан билдирүүсүндө "Кыргыз бийлиги бөгөттөөнү тез арада токтотуп, аткаминерлерге алар үчүн ыңгайсыз репортаждарды чыгарбоого чексиз мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамды жокко чыгаруусу зарыл” деп белгиледи.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын сайтын бөгөттөө – бул маанилүү ЖМКга карата чектен чыккан цензура жана бул жалган маалымат тууралуу мыйзамдын өтө кооптуулугун көрсөтүп турат", – деди CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программалык координатору Гүлноза Саид.

27-октябрда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыктын” кеңсесинин алдына акция өткөрдү.

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

“Азаттык” деген эркиндиктин, ар бир адамдын пикирин ачык билдирүүнүн трибунасы. “Азаттык” бул демократияны, сөз эркиндигин баалаган радио. Анда эл аралык стандарттар сакталып, дасыккан кабарчылар иштешет. Мына ушундай абройлуу радионун Бишкектеги сайтын жабуу демократияга кол салуу, сөз эркиндигин муунтуу болуп эсептелет. Бизди эркин маалымат алуу укугубуздан ажыратып жатышат. Азыркы бийлик “биздин айтканыбыз менен жашайсыңар” деген мүнөзгө өтүп бара жатат. Бул туура эмес кадам. Бийлик БУУнун трибунасында “Кыргызстан демократиянын аралчасы, бизде сөз эркиндиги бааланат” деп айтып келген. Иш жүзүндө кылып атканы бул”.

"Азаттыкты" жабуу аракети ар бир бийликтин тушунда болгон"

“Азаттыкты” жабуу аракети соңку бир-эки айдан бери көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова кол топтой баштаганы айтылган. Нарматова өзү бул маалыматты четке каккан. Ушуга удаа эле, 13-октябрда Илимбек Исраилов “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү талап кылышкан.

Исраилов күч колдонууга чейин барам деп журналисттерди опузалап, бензин чачып өрттөп кетерин айтып, тикелей коркутуу жасаган. Чогулгандардын көбү жүзүн жашырып турушкан.

Тарыхчы, окумуштуу Кыяс Молдокасымов ар бир бийликтин тушунда “Азаттыкка” кысым болуп келгенин айтты.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

“Кыргызстанда сөз эркиндигин, жаңы бир стандарттарды өстүрүүдө “Азаттыктын” орду чоң. Биз сөз эркиндиги менен дайыма бийик турабыз. Биз ар дайым тамаша чынга салып “Азаттыктан” да күчтүү, эс нерсени жашырбаган коом келсе, “Азаттык” өзү эле жабылып калат эле” деп келебиз. Бирок бизде андай болбой жатпайбы. Акаевдин учурунда “Азаттыкка” каршы ар кандай ыплас жолдорду тандашкан. Биз башыбыздан өткөргөнбүз. Эч айла кеткенде “Азаттыктын” жетекчисин жок кылалы дегенге чейин барышкан. Мени “чет өлкөгө чыгып кет” дегенге чейин барышкан. Бирок “Азаттык” сөз эркиндигин өнүктүрүп, чындыкты айткандан тартынган эмеспиз. Ошон үчүн ар бир бийликтин мезгилинде ушундай учурлар болот. Бул эми ошол учурдагы коомдун күзгүсү. Ушундай тыкыр көзөмөлдөнүп турган учурда “Азаттык” аябай этият болуш керек”.

"Азаттык" сайтын бөгөттөгөн чечим

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарды.

Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылды. Министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева алгач “Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде "Азаттык Медиага" кат жөнөтүлгөнүн билдирди.

Катта 16-сентябрда "Настоящее время" телеканалынын түз эфиринде “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен чыккан берүүсүндө "кастык маанайдагы сөздөр колдонулуп, такталбаган маалымат" айтылганы белгиленген.

“Министрликтин катына жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек. Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги 204-токтому менен бекитилген “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматты жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин" жетекчиликке алып министрлик хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу "Азаттык Медиа" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алды”,-деп айтылат.

16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуя учурунда “Азаттыктын” эки кабарчысы Баткенге биринчи жетип, он күндөн ашык жүргөн. Бул аралыкта “Азаттык Медианын” Ютубдагы каналына жана социалдык тармактагы баракчаларына 60тан ашык видео жүктөлүп, 12 миллиондон ашык көрүлгөн.

Мындан тышкары сайтка жарыяланган макала, жаңылыктарды миңдеген жарандар окуп турган. Аталган материалдарда баткендиктердин үнү угузулуп, талкаланган турак жайлар, эвакуация болгон элдин абалы айтылган. Бул окуяда каза болгон жай тургандар жана жоокерлер боюнча эскерүү видеолору тартылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыкка" жөнөткөн каты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыкка" жөнөткөн каты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги таянган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" талаштуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылы кол койгон. Документти 2020-жылы ошол учурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштап, бирок коомдогу сын пикир, мыйзамга каршы акциялардан кийин артка кайтарылган эле.

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам Конституцияга каршы келерин айтууда.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

"Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыкка" байланыштуу чечими мыйзамсыз. Анткени министрлик таянып аткан "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам Конституцияга каршы келет. Баш мыйзамда "Сөз эркиндигин чектей турган мыйзамдар Кыргыз Республикасында кабыл алынбайт" деп жазылып турат. Мамлекеттик орган опурталдуу мыйзамга таянып чечим чыгарганы туура эмес деп эсептейм. Бул мыйзам парламент тарабынан же Конституциялык сот аркылуу жокко чыгарыш керек. Мыйзам өзү абдан кыска. Бирок Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигини Министрлер кабинетинин токтомуна шилтеме кылып атат. Токтомду карасак, ал жерде жалаң гана арыз ээси жөнүндө жазылып жатат. "Азаттыктын" ишинде арыз ээси жок экен. Ушундан улам "Азаттыктын" ишине тоскоолдук болуп атканы көп суроону жаратат. "Азаттык" тескерисинче жарандарды чындыкка туура келбеген маалыматтардан коргоо боюнча чоң миссияны аткарып келе жатат. "Азаттыктын" табияты, ишинин маңызы ушул да".

"Азаттык" – каржылык пайда көздөбөгөн, көз каранды эмес "Эркин Европа/Азаттык Үналгысы" корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда "Азаттык Медиа" деп расмий катталган. Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG