Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

"Азаттыктын" сайтын VPN аркылуу кантип ачса болот?


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабууну чечти. Биздин сайтты VPN аркылуу ачуунун жол-жобосун сунуш кылабыз.

VPN - бул виртуалдык жеке түйүн. Ал колдонуучунун жеке маалыматын жана кайда турганын, серверге кайдан кошулганын жашырууга жол берет. Дүйнөдө интернет коопсуздугунан улам VPN түйүндөрүнүн популярдуулугу артып баратат.

Көптөгөн: жөнөкөй, татаал, бекер, акы төлөгөн, кымбат жана арзан VPN-сервистер бар. Алар тууралуу толук маалымат бул жерде.

“Азаттыктын” тиркемесин AppStore же GooglePlayден жүктөп алыңыз.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

Катта 16-сентябрда "Настоящее время" телеканалынын түз эфиринде “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен чыккан берүүсүндө "кастык маанайдагы сөздөр колдонулуп, такталбаган маалымат" айтылганы белгиленген.

24-октябрда министрлик “Азаттык Медиа” мекемесине кат жолдоп, “Настоящее время” телеканалынын Ютуб каналынан жогорудагы берүүнү 24 сааттын ичинде алып салууну талап кылган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айтылат эл аралык медиа корпорациянын президентининин билдирүүсүндө.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, Интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG