Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Медиакоомчулук "Азаттыкка" тилектештик акциясын баштады


Кыргызстандагы эркин медиа каражаттары кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык өнөктүк баштады.

28-октябрда өлкөдөгү медиа каражаттары бир учурда саат 9.00дөн 12.00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарбайт. Бул аралыкта кабарлардын ордуна “Жаңылык чыкпайт. ЖМКга кысым күчөдү” деген текст чыгып турат.

Ошону менен катар эле маалымат каражаттары күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин чыгарбайт.

"Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлиги “Азаттыктын” сайтынын ишин токтотуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алган. Кыргызстандын медиа коомчулугу бийликти сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине карата кысымды жана журналисттерге, блогерлерге, жарандык активисттерге жана башка өз пикирин эркин айткан жарандарга карата кылмыш куугунтугун токтотууга чакырат", - деп айтылат медиа коомчулук тараткан билдирүүдө.

"Биз бардык кесиптештерди бул акцияга кошулууга чакырабыз, себеби, бул бөгөт коюу эртең ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн", - деп белгиленген маалыматта.

Бул өнөктүккө Кыргызстандын алдыңкы журналисттери, редакциялары, укук коргоочулары, коомдогу таасирдүү инсандар жана медиа уюмдары кошулду.

Бийлик "Азаттыктын" сайтын эки айга жапты

27-октябрда бир катар эркин маалымат каражаттары, журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу чечимин сынга алып кайрылуу таратышты.

"Министрликтин мындай чечими дайыма сөз эркиндиги жана эркин маалымат каражаттары Кыргызстанда чоң мааниге ээ экенин белгилеп жүргөн президент Садыр Жапаровду 27-октябрда Астанага сапары алдында кабыл алынышы - мамлекет башчыны ыңгайсыз абалга калтырат. "Азаттыктын" сайтын жабуу быйыл апрелде кабыл алынган "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамынын түпкү максаты - бийликтин кемчиликтерин ашкерелеп, коомчулукка чыгарып турган маалымат каражаттарына каршы административдик басым орнотуу болгонун ачыктады. Мыйзам чыгаруучулар сөз эркиндигин жана ЖМКлардын ишин чектеген мыйзамдарды эмес, "Жалган маалыматтан коргоо" сыяктуу "ажыдаар сымал" мыйзамды жокко чыгаруучу мыйзам долбоорун демилгелөөсүн талап кылабыз!", - деп белгилешкен кайрылуу ээлери.

Медиа коомчулук кыргыз бийлигин сөз эркиндигин, маалымат каражаттарын кысууну, журналисттерди, блогерлерди, жарандык активисттерди жана башка жарандарды ой-пикирин ачык билдиргени үчүн куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды.

Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, сөз болгон материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

"Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп билдирген Жейми Флай.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстандын бийлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө жабуу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды.

“АКШ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы – “Азаттык” радиосунун веб-сайтын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бөгөттөгөнүнө терең тынчсызданууда. Бул көз карандысыз маалымат каражаттарына жана жарандык коомго кысымды күчөткөн өкмөттүн бир катар аракеттеринен кийин болуп жатат. Эркин басма сөз бардык иштеп жаткан демократиялар үчүн маанилүү”, – деди ал.

Нед Прайстын билдирүүсүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттердеги баракчасында бөлүштү.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG